Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/01 13:38
 

Мыйзамсыз менчиктештирилген мекемелер улутташтыруудан укукташтырууга жетеби?

Акыркы беш-алты жылдын ичинде эле биздин мамлекетте эки ирет улутташтыруу процесси жүрдү. Убактылуу өкмөттүн декрети менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына 47 мекеме өткөрүлүп берилди. Быйылкы 2011-жылы ал мекемелерди соодалоо башталат. Анткени себеби, мамлекеттин мынча көп мүлктөрдү кармап турууга акча каражаты жетишпейт. Ал эми менчикке сатып алгандар жакшы иштетип кетиши мүмкүн деген ойлор айтылат.

Түндүктү түшүргөн «Түндүкэлектр»

К. Бакиевдик бийликтин чамгарагын же түндүгүн түшүргөн «Түндүкэлектр» болду. Экс-президенттин уулу Максим К. Бакиевге баш ийген Данияр Үсөновдун өкмөтү электр энергиясын байма-бай өчүргөнү аз келгенсип, мезгил-мезгили менен электр энергиясына болгон тарифтик бааны да көтөрө баштаган. 2010-жылдын 1-январынан 1квт 70 тыйындан 1 сом 50 тыйынга көтөрүлүп, план боюнча июль айында 3 сомго, ал эми, 2011-жылдын -январынан 4 сом 50 тыйын болуп жогорулап кете бермек. Албетте, электрге болгон баа карапайым элдин терисин тескери сыйыруу үчүн багытталганы белгилүү. Ошол эле мезгилде ал бир гана тар чөйрөнүн кызыкчылыгын ойлогон. Бул Бакиевдердин жакындарынын гана кызыкчылыгы болгон. Алар тарифти көтөрүшүп, ал эми электр энергиясына тиешелүү бардык ишканаларды четинен сатып алышып, пайда көрүүнүн жолун издеп жатышты.

2010-жылдын башында кыргыз элинин кыжырына тийген бир окуя болду. Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан «Түндүкэлектр», «Чыгышэлектр» жана башка энергетикалык ири мекемелерди менчиктештирүүгө тендер жарыяланып, «Түндүкэлектр» арзыбаган баага сатылып кетти. Аны менен катар Бакиевдик үй-бүлө тарабынан «Кыргызтелеком» да менчиктештирилди. Өзүмчүл бийликке каршы күрөшкөн Бириккен Элдик Кыймылдын программаларынын бири Бакиевдер тарабынан менчиктештирилип кеткенмекемелерди элге кайтарып берүү болгон. «Түндүкэлектрден», электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшүнөн болгон нааразычылык өсүп отуруп, акыры эл жегич бийликтин түндүгүн жерге түшүрдү.

Декрет эмнеге жеткирет?

Убактылуу өкмөт тарабынан 47 мекеме декрет аркылуу улутташтырылды. Булардын арасында айтылуу «Түндүкэлектр», «Кыргызтелеком», Азия Универсал Банк, Кант цемент заводу,
«Манас» аэропорту, «Дастан ТНКсы», «Пирамида», «5-канал» теле каналдары, «Витязь», «Солнышко» пансионаттары жана башка көптөгөн мекемелер бар.

Айта турган дагы бир нерсе, көпчүлүк мекемелер биринчи президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү тарабынан менчиктештирилип, 2005-жылы улутташтыруу урааны аркасында кийинки президенттин үй-бүлөсүнүн колуна өтүп кеткен. Кээ бир мекемелер ошол эле Айдар Акаев, кийин Максим Бакиев тарабынан рейдерлик жол менен коркутуп-үркүтүп тартылып алынган.

Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн декреттеринде 42 мекеме соттук териштирүү аркылуу бүтө турган болсо, Убактылуу өкмөттүн улутташтыруу жөнүндө декретин жараксыз деп табышкан 9 арыз сотко түшкөн. Убактылуу өкмөт болсо аздыр-көптүр жашап, өз вазийпасын аткарып, ыйгарым укугун жаңы өкмөткө өткөрүп берди. Ал эми улутташтырууга коюлган мекемелердин артында чечиле элек укук нормалары жатат.

Жаңы парламент «биссимилда» деп иш баштай элек жатып кышкы каникулга таркап кетти. Чын эле бекерчиликтен чарчашты окшойт. Жаңы парламент тарабынан улутташтыруу боюнча мыйзамдар кабыл алынуусу зарыл. Ошондон соң гана декрет менен улутташтырылган мекемелер мыйзамдын негизинде такталып, Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан сатыкка коюлат.

Аталган министрлик өткөн жылдары мамлекеттик менчиктин эсебинен жарым миллиардга жакын пайда тапкан. Албетте, бул биздин зор бюджеттин алдында арзыбаган сумма. Ал эми 2010-жылы Азимбек Бекназаров тогуз ай тынбай, тоңкочук атып жүрүп ушунча мекемелерди мамлекеттик мүлк министрлигинин кол алдына салып берди. Даяр оокатка келген «республикачы» Нурдин Илебаев жаштыгына, курчтугуна салып эл үчүн иштеп береби, аны убакыт көрсөтөт. Жаш болсо да Нурдин мырза Кыргызстандагы зор банктын бири «Кыргызстанды» башкарып турбадыбы. Арийне, укук жагына келгенде Ала-Тоодой бийик иштер турат. Бул иштер жең ичинен бүткөрүлбөй, эл үчүн адилет чечилет деп күтө туралы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу