Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
05/01 10:55
 

Быйыл түшүмдүүлүктүн аз болушу, азык-түлүктүн кымбатташына алып келди

Кыргызстанда былтыркы жылы азык-түлүк баалары тынымсыз өсүп отурду. Натыйжада бир жыл ичинде айрым азык-түлүк товарларынын баасы эки эселеп кымбаттаган. Тийиштүү министрлик, ведомстволордун маалыматына ылайык, баалардын өсүшү ар бир товарга байланыштуу болууда.

Түшүмдүүлүк аз, нан кымбат

Өткөн жылы айыл чарбада өсүш эмес, 1,7 пайызга чейин төмөндөө белгиленди. Бул өз кезегинде азык-түлүк баалаарына кедергисин тийгизди. Алсак, республикада дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү бир гектардан 26,9 центнерди гана түзүп, 2009-жылга салыштырмалуу 5,4 центнерге кыскарып, натыйжада 18,3 пайызга аз дан жыйналды.

Экономикалык тескөө министрлиги буудай, ун жана нандын баасынын кымбатташы дал ушул түшүмдүүлүктүн аз болгондугуна байланыштуу экендигин белгилейт. Мында Кыргызстандын түндүк облустарында гана жыл башынан бери буудайдын баасы 7 сомго чейин кымбаттаган. Алсак, Чүйдө буудай баасы 6-7 сомго кымбаттап, килограммы 4-5 сомдон 10-12 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми Ысык-Көл облусунда 6,5 сомго жогорулап, 4-4,5 сомдон 10,5-11 сомго чейин жетти. Нарында январда буудай баасы 5-6 сом болсо, учурда 10-12 сомго чейин көтөрүлүп, 5-6 сомго кымбаттаган. Ал эми Талас облусунда 7 сомго жогорулап, 4,5-5 сомдон 11,5-12 сомго чейин өскөн. Буудай баасынын өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүктүн аздыгына байланыштуу болсо, ундун чекене баасынын кымбатташына Россиядагы кургакчылыктын кесепетинен айрым айыл чарба товарларын ташып чыгарууга чектөө киргизүү, ошондой эле анын дүйнөлүк баасынын өсүшү себеп болгон.

Өсүмдүк майы эки эселеп өстү

Кыргызстанда быйылкы жылы өсүмдүк майынын баасы кескин жогорулады. Ал жыл ичинде 15 сомдон 40 сомго чейин кымбаттап, Чүй облусунда өткөн жылдын январында майдын баасы 50-55 сом болсо, учурда 80-90 сомго жетти. Ысык-Көлдө 30-35 сомго чейин кымбаттап, 60-65 сомдон 95 сомго чейин көтөрүлгөн. Нарында 55-70 сомдон 95-110 сомго чейин жетип, 35 сомго жогорулагандыгы белгиленген. Таласта болсо майдын баасы 40 сомго чейин кымбаттап, учурда 70-100 сомдон болууда. Өсүмдүк майынын баасы да Россиянын айрым айыл чарба товарларын, анын ичинде өсүмдүк майын экспорттоого чектөө киргизишине байланыштуу болууда.

Өзүбүз камсыздай албай, өңгөдөн сатып алмай

Кыргызстан өзүн кумшекер менен камсыздап гана тим болбостон, сыртка тонналап экспорттой алат де айтканыбыз менен бул жаатта жылыш жок. Быйылкы жылы республиканын кант заводдору кумшекерди сыртка чыгармак турмак, ички керектөөнүн 9,5 пайызын гана камсыздай алышты. “Кошой” жана “Кайынды-Кант” ААКлары жылына 700 миң тонна кант кызылчасын иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо да, быйылкы жылы “Кайынды-Кант” болгону 121,5 миң тонна кант кызылчасын иштетип, 12,01 миң тонна кумшекер өндүргөн. Бул өлкөнүн кумшекерди керектөөсүнүн 9,5 пайызын гана түзөт. Натыйжада быйылкы жылы ички рыноктогу кумшекердин 70,7 пайызы сырттан ташылып келинген.

Кыргызстанда кумшекерди өнүдүрүүнүн кескин кыскарышы жана анын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө байланыштуу үстүбүздөгү жылы кумшекердин баасы 2 сомдон 10 сомго чейин кымбаттап кеткен. Алсак, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 2010-жылдын январь айында кумшекер баасы 46-48 сом болсо, жыл акырына карата 7-8 сомго кымбаттап, килограммы 54-55 сомго жеткен. Ал эми Нарында жыл ичинде 8-10 сомго көтөрүлүп, 47-50 сомдон 55-60 сомго чейин жеткен. Талас облусунда болсо 2-5 сомго кымбаттап, учурда 50-55 сомдон сатылууда.

Сыртка ташылып, ички рынокто баасы өскөн товарлар

Мындан тышкары былтыркы жылы картошка баасы 2 сомдон 12 сомго чейин, пияз 5-10 сомго чейин кымбаттаган. Мында баалардын жогорулашы айыл чарба азык-түлүгүнүн ири көлөмдө Казакстан менен Россияга экспорттолушуна байланыштуу болууда. Ошондой эле быйылкы жылы эттин баасы 65-100 сомго чейин жогорулап, буга коңшу Казакстанга мал чарба азыгын дүңүнөн сатуунун өскөндүгү себеп болууда. Албетте, бул көрүнүштүн эки жагы бар. Бир чети айыл чарба товарларынын кымбат сатылышы дыйкандар үчүн жакшы болсо, экинчи жагынан өзүбүздүн керектөөчүлөргө кымбат баа кедергисин тийгизүүдө.

Улуттук статистика комитети республикада быйыл 237,4 миң гектар күздүк өсүмдүктөрү айдалып, айдоо аянты өткөн жылдарга салыштырмалуу 8 пайызга кыскаргандыгын билдирет. Мындай шартта кирип келген жылы коңшу өлкөлөрдө эле буудай түшүмү мол болуп, дүйнөлүк баа арзандаса, бизде да жакшы жаңылык болуп, негизги азык-түлүктүн баасы төмөнбөсө, азырынча нандын баасы арзандайт деп айтууга эртелик кылат. (даярдаган М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу