Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
31/12 12:10
 

Онунчу жылдын омоктуу окуялары журналисттин көзү менен...

Январь

  2010-жаңы жылын кыргыз эли абдан кыжалааттанып тосуп алды. Жаңы жылдан баштап электрге баа эки эсе өсүп, коммуналдык тейлөө көтөрүлдү. Ошол эле учурда Бакиевдердин үй-бүлөсү эки жаатка бөлүнүп алышып, элдин байлыгына эсирип, чексиз бийликке жулунуп турушту. Жаңы жылдын алдында түзүлгөн Данияр Үсөнов башында турган жаңы өкмөт факт жүзүндө Максим Бакиевдин бийлиги алдында калды. «Беш миллион коюм, бир чабаным бар» Максим Бакиев Гуревич, Ширшов, Надель сыяктуу кыргыз эмес кыраандарга таянып алып, каражатты каалашынча калчашып, элдин жашоо-турмушун ойлоп койгон да жок. Эл кыйналгандан кыйналып бара жатты...

Февраль

Элдин кыжыры чегине жетти. Оппозиция да ойгонуп, бийликке каршы элди ойгото баштады. Нарын тарапта көтөрүлгөн эл, өз талаптарын коё баштады. Бакиевдик бийлик тоготуп да койгон жок. Өкмөттө өз үстөмдңгңн орноткон Максим Бакиев Кытайга барып, «беспилотный самолётко» ашык болуп келди да, элдин мүлкүн менчикке чыгарууга жанталаша баштады. «Түндүкэлектр» сатууга коюлду. Миллиардаган пайда бере турган бул ишкананы, керек болсо 1 долларга сатабыз деп ооз көптүрүп, өкмөт башчысы Данияр Үсөнов кесир сүйлөй баштады.

Март

Бийлик Ынтымак Курултайына, Бириккен Элдик Кыймыл элдик Курултайга даярдык көрө баштады. Отунбаева БЭКтин төрайымдыгына шайланып, жылдызы жана баштады. Бакиев Нооруз майрамында кар жаап аткан Ошко барса, падышалардын улугу келип, элибиздин башына кут конуп атат деп көз көрүнө даңазалай баштады. 17-мартта болгон оппозициянын Курултайына бийлик маани бербей, өз курултайын өткөзүп, бийлигин бекемдөөгө жанталашып жатты.

Апрель

Оорчулук замандан онтоп жаткан кыргыз эли, акыркы чегине жетти. Алгач Болот Шер 6-апрель күнү Таласты көтөрдү. Эртеси бүт Кыргызстан көтөрүлдү. Бийлик борбордо кан төгүүлөр менен алмашты. Убактылуу өкмөт бийликке келди.Электрге болгон баа түштү. Жыгылган бийликтин тукуруусу боюнча Бишкекте шаарды талап, тоноо башталды. Бирок Убактылуу Өкмөт тез эле ооздуктап койду. Бакиевдин Түштүктү көтөрүү максаты аткарылбай, Беларуска кетти. Жер басып алууну каалагандар чыгышты. Ал дагы массалуу түргө айланбай тез эле токтотулду. Апрель айы онтогон кыргыз элин дагы бир онтотту. Эми он ай көтөрүп, омурткасы сыздаган балдарынан айрылган энелер онтоп жатты.

Май

Май айы кыргыз элине түйшүктүү ай болду. Бишкекте Нариман Түлеев чагымчылык уюштурса, түштүктө Үсөн Сыдыков чаң-тополоң уюштурду. Убактылуу Өкмөт тарабынан ыкчам операциялардан улам, алардын баары кан төгүлүүсүз токтотулду.

Июнь

Ошту онтоткон окуялар июнь айында өттү. Өзбек, кыргыз чабышынан улам бир топ адамдар набыт болуп, арасында дайынсыз табылбай кеткендери да болду. Референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президенттигине Роза Отунбаева көпчүлүк добуш менен шайланды.

Июль

Убактылуу өкмөттүн мыкчыгерлери шайлоого ат салышканга жөнөп, техникалык өкмөт бийликке келди. Президент Отунбаеванын инаугурациясы болду. Мыйзамсыз жашаган үч ай бүттү.

Август

Шайлоого ат салышкандар шаңдана баштады. Техникалык өкмөт телчиге баштаганда, премьер-министрликти талашып кол курап келаткан Урмат Барктабасовдун жүрүшү кан төгүүсүз токтотулду.

Сентябрь


Президент Отунбаеванын Америка Кошмо Штаттарына жасаган визити, ал мамлекеттин президенти Барак Обама менен жолугушуусу менен аяктады. Бул Кыргыз президентинин дагы бир жетишкендиги болду. Дүйнөлүк саясатты түзүүчүлөрдүн бири АКШ президенти Бакиевди жанына жолотуп койчу да эмес. Эл кызуу шайлоого даярдыктарды көрүүгө киришти.

Октябрь

10-октябрь күнү Кыргызстанда биринчи демократиялуу парламенттик шайлоо болду. Элдин элүү пайызы шайлоого даяр эмес экендиги белгилүү болду. Жыбыраган, кыбыраган партиялардын арасынан бешөө гана беш пайыздык чектен өткөнү менен, дымып жатышты. Жалгыз гана президент бар экенин билдирип чет элге байма-бай каттап турду.

Ноябрь

Жаңы шайланган парламенте ордо оюну күч алды. Президент Отунбаева Санкт-Петербург, Астана шаарларында дүйнөлүк саммиттерде болуп, Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн тиешелүү иштерди бүтүрүп жүрдү..

Декабрь

Декабрдын башында Атамбаевдин коалициясы жыгылды. Жаңы Конституцияны жазган Өмүрбек Текебаев өзү жазган демократиянын биринчи курмандыгы болду. Президент коалиция түзүү демилгесин Өмүрбек Бабановко сунуштады. «Республика» партиясы КСДП жана «Ата-Журт» партиялары менен коалиция түзүп, жаңы өкмөт түзүлдү. Кыргыз эли кайрадан жаңы жылды жаңы өкмөт менен тосуп алганы турабыз. Бирок дүйнөлүк экономикада жүрүп жаткан кымбатчылык кыргыздарды да четтеп кетпеди. Жаңы Премьер-министр Алмаз Атамбаев биринчи визитин Россия Федерациясына жасап премьер-министри Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Жаңы жылда кымбатчылык артта калып жаңы өкмөт бизди жакшы жашоого жетелейт деп ишене туралы. Жаңы жылыңыздар менен !

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу