Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/12 19:50
 

Жалал-Абад облусунун мугалимдери губернатор Б. Асановго көйгөйлөрүн айтышты

Жалал-Абад 24-декабрь (КАБАР) Кечээ облус губернатору Бектур Асанов Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, райондорунан келген мугалимдердин жана профсоюз уюумунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга аталган райондордун акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары айылдык округдун башчылары катышты. Сузак районунун Т.Темирбаев атындагы мектеп гимназиясынын кыргыз тили мугалими Абдыманап Авазов жакында КР Президенти Р.Отунбаева менен болгон жолугушуу учурунда көтөрүлгөн орчундуу маселелер боюнча айтып берди.

"Президент менен жолугушуу учурунда айлык акынын 30 пайызга көтөрүлүшүнө таптакыр каршы экендигибизди айтык. Себеби, мугалимдердин маянасына 300 сом гана кошулуп калат экен. Дептер текшергенге мугалимге 10 сом төлөгөнү, бул өтүкчүнүн бир жолу бут кийимди майлап койгонуна барбар. Бул мугалимди шылдыңдагандыкка жатат. Айлыгым көбөйсүн деп, 30-40 саат окуткан мугалимден кантип сапаттуу билимди күтүүгө болот. Ал мугалим сабагын бүткөндөн кийин үйүнө араң басып кетет. Эртеси күнү сабакка даярданганга алы да келбейт. Анан кантип ошол мугалимдин окуткан окуучусу билимдүү болмок эле? Ошол себептен, айлык маяналарыбыз минималдуу 6,5 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, мугалимдер мөөнөтсүз иш таштоого чыгабыз деп жатышат", - деди А.Авазов.

А. Авазов агайдын айтымында билим берүү министрлерин бат-баттан алмаштыра бергендиктен, алар мугалимдерге төлөнүп жаткан акчанын категориясы менен разрядын өздөрү жакшы билишпейт.
Облустук билим берүү усулдук борборунун директорунун орун басары Токомбай Турганбаев өз сөзүндө 1970-80-жылдары Ош шаарындагы Терешкова мектеп-интернатында директор болуп иштеп турганда 269 рубль алчу экен.

- Азыркы мезгил менен салыштырып эсептегенде бул - 50 миң сомго барабар болот. Анда самолёттун билети 14 рубль эле. Менин маянама 10 жолу учуп барып келүүгө болсо, азыр мугалимдин алган акчасы самолёттун бир билетинин (2800 сом) акчасына араң жетет. Мектеп директорлору ошондогу баа менен салыштырганда азыр 56 миң сомдон алышы керек. Билим берүүдө реформа болсо эле, мугалимдерди кыскартып киришет. Облус боюнча 15 миң мугалим болсо, алар 3 жылда бир курстардан өтүп, билимин өркүндөтүп турушу керек. Алардын билимин өркүндөтүү үчүн жол киресине, иш сапарына акча бөлүнбөйт. Өзүбүз райондорго чыкканга акча каражатыбыз жок, колубуздан эч нерсе келбегенине өкүнүп олтурабыз"-деди Т. Турганбаев.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбай Шеровдун айтымында мугалим болуп иштеп 3,5 миң сом алгандан көрө, ажааткананы ижарага алып иштетсе, бир айда 15 миң табат. Ал Кочкор-Ата шаарындагы бир мугалимдин ушул жол менен акча таап жаткандыгын өз сөзүндө мисалга келтирип айтып өттү. "Коогалаңда мугалимдер мектепти бекер ремонт жасагандыгы үчүн рахмат айткандын ордуна, райондон, облустан комиссия текшерип, аны облустук коллегия салып, сөгүш берип, анан кызматтан алгандыгы туура эмес. Биз ошол бекер ремонт жасаган мугалимдерге ыраазычылык билдирүүбүз керек. Мындан ары облустан өзүнчө барып текшербестен, райондук администрация менен биргеликте текшеришсин", - деди О. Шеров.
Андан ары сөз алган Базар-Коргон районунун 30 Ө. Атабекова орто мектебинин орус тили мугалими Гүлайым Топчубаева да Президент менен жолугушууга барганыгына токтолду. "Биз Базар-Коргон районундагы мугалимдер эмне себептен иш таштоого чыктык? Бизге эч ким чыккыла деп, буйрутма берген жок. Инфиляциянын жана ашканыбыздын айынан чыгууга мажбур болдук. 500 сомго бир кап ун ала албасаң, кантип анан жашоону өткөрбүз? Алган маянабыз, тамак-ашыңа, кийим-кечеңе жетпесе, өзүң окуткан "2" деген баага окуган окуучуң базарда олтуруп сени тоготуп койбосо? Мугалимди эч ким тоготпойт. Профсоюз уюумунан ушул жерде турган "Жалал-Абад курортуна" путевка ала албайсың. Мугалимдерге эс алуусу үчүн шарт түзүлбөйт",- деди Г.Топчубаева.

Б. Асанов облустун деңгээлинде чечиле турган маселелерди чечип берип жатышкандыгын баса белгиледи. Алгач Базар-Коргон районунун мугалимдери иш таштоого чыкканда айылдык округ тарабынан концелярдык буюмдарга акча бөлүнбөй, мугалимдер өздөрүнүн жанынан акча коротуп класстык журнал, бор, пол жуугачтарды алып жатышканын айтышкан. Текшерип келгенде Базар-Коргон айылдык округунан 30-кыргыз мектепке чындыгында айылдык округдан акча бөлүнбөгөндүктөн, аталган айыл округдун башчысын кызматтан алгандыгын райондун акими Кубат Артыков облустук коллегияда билдирген болчу.

Жыйынга келген мугалимдердин көпчүлүгү жогоруда айтылган пикирлерге кошула тургандыктарын баса белгилешти. Айылдык округдар аркылуу акча берүүнү токтотуп, мындан ары районго бухгалтериясын чогуу кыла турган болсо, текшерүүгө да оңой боло тургандыгы боюнча сунуштар айтылды.

Акырында сөздү облус губернатору Б.Асанов алып, эгерде мугалимдер маянасынын 30 пайызга көтөрүлгөнүнө макул болбой, жаңы жылдан мөөнөтсүз иш таштоого чыгыша турган болушса, анда КР Премьер-министрин же анын орун басарларын бул жакка чакырып, мугалимдер менен жолугушуу өткөрүүсүн суранышыбыз керек деген пикирин билдирди.

Чындыгында, мугалимдердин маянасынын аздыгынан көпчүлүк чыгаан мугалимдер мектептеги ишин таштап, базарларда сода-сатык менен алектенүүгө алда качан өтүп кетишкен. Эгерде биз келечек муундарыбыз билимдүү жана сапаттуу билимге ээ болуусун кааласак, анда мугалимдин айлык акысын жогорулатып, алар үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Жолугушууга губернатордун орун басары Жумагүл Эгамбердиева, облустук ички иштер башкармасынын башчысы Станбек Бакировдор катышты. (А. Жаңыбаева)
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу