Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/12 15:54
 

Жалал-Абадда жаныбарлардан адамдарга жугуучу өзгөчө коркунучтуу оорулардын абалы талкууланды

Жалал-Абад, 10-декабрь. (КАБАР). Кечээ облустук коллегияда мамадминистрациянын социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Асел Сансызбаева "Жаныбарлардан адамдарга жугуучу өзгөчө коркунучтуу оорулардын район-шаарлардагы абалы" боюнча доклад жасады.

  А.Сансызбаеванын докладына караганда, жаныбарлар аркылуу жугуучу өзгөчө коркунучтуу оорулардын алдын алуу максатында облуста алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бирок ошого карабастан, текшерүүгө камтылган район-шаарларда бруцеллез, сибирь кулгунасы, кутурма, эхинококкоз оорулары облустун айрым район-шаарларында көп ээлегендиги маалым болгон.

Сузак району боюнча

Сузак районунун элдеринин арасында жаныбарлар аркылуу жугуучу өзгөчө коркунучтуу оорулар жыл сайын катталып турат. Айрыкча Кызыл-Туу айылдык округу көп жылдардан бери күйдүргү ылаңынын очогу бойдон калууда. 2010-жылдын июнь-июль айларында 6 адам, сентябрь айында 5 адам ооруган. Кочкор-Ата кыштоосунда малчы Осмоналы Бакировдун короосунда малдарын жазында эмдеткенине карабастан бир эле короодон 6 баш кара мал өлүп, көмүлгөн. Ал эми ошол эле кыштоодон Баймуратовдордун ооруп, аргасыз союлган 2 малдын этин Сузак районундагы "Арзыген" мал союлуучу жайга тапшырылган. Ошондой эле 8-майда жандыгы өлгөн, анын ичинен 3 жандыктын этин Эрматов атындагы мектеп-интернатынын мугалимдерине таратылган. Баймуратов Айтыкулдун короосунда союлуп, эти ошол эле "Арзыген" мал союлуучу жайга тапшырылган малдын этинен сибирь кулгунасынын таякчасы аныкталган.

  2010-жылдын 10 ай ичинде район боюнча эл арасында 82 бруцеллез оорусу катталган, анын ичинен 14 жашка чейин 7 бала ооруган. Айыл округдары боюнча караганда, оорулуулардын эң көп катталганы: Кара-Дарыя айыл округунда 24 жолу жана Кызыл-Туу айыл округунда - 10 жолу. Район боюнча катталган малдын ичинен 34 пайыз бруцеллез оорусуна карата лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, алардын ичинен болгону 31 малдан (же 0,1 пайызынын) бруцеллез оорусу аныкталган. 
Бруцеллез оорусу менен ооруган малдардын этин колбаса чыгаруучу цехтерге гана өткөрүп берүү жагы шарт, бирок облустун башка райондорундай эле Сузак районунда да бул маселе чечилген эмес. Бруцеллез менен ооруган малдын эти элдин арасында тарап кеткен фактылар көп.

  Ал эми кутурма оорусу боюнча абалды карап көрсөк, район боюнча 2010-жылдын 10 айында ит капкандан жана жаныбарлардан 575 адам жабыркаган. Жабыркангандардын 78%ы иттер аркылуу болсо, алардын 77%ы белгилүү иттер түзөт, демек бул маселеде ит ээлеринин, айыл округ башчыларынын жоопкерчилигинин жоктугун билдирет. Ал эми район боюнча кутурма оорусуна каршы 18000 ит эмдөөгө пландаштырылып алардын 65%ы эмделген. 
Район боюнча 1727 ит атылган. Барпы, Курманбек айыл округтарда бир дагы ит атылган эмес. Кутурма оорусунун залалын бардыгыбыз билебиз, бул мээдеги борбордук нерв системасын жабыркатат. Мындай учурда көбүнчө өлүм менен аяктайт. Мисалы, Сузак районунда быйыл бир бала каза болгон.

Базар-Коргон району боюнча

Райондо быйылкы жылдын 10 айында эл арасында 32 бруцеллез, 3 күйдүргү , 76 кургак учук, бир эхинококкоз оорулары катталган, ит жана башка жаныбарлар тиштегенинен жабыркагандардын саны - 443. Негизинен күйдүргү оорусу Акман айыл округунун тургундарынын арасынан катталган. Ушул жылдын сентябрь айында М. Кимсанбаевдин малы короодон аргасыз союлуп, ветсервистин мал догдуру Шырдаков Жаныш жегенге уруксат берген (азыркы күндө иши тергөөдө). Мал ээси ошол эле күнү касапчы Айбек Жоробаевке өткөрүп берет, ал эт даярдап жүргөн адамдарга өткөрөт. Анын айтымына караганда, ал эт Бишкек шаарынын базарларына сатууга кеткен. Лаборатордук изилдөөлөрдө эттин үлгүсүнөн сибирь жарасынын таякчалары аныкталган.

  Ал эми Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл округдарына "Беккер" чуңкурларын куруу үчүн буйрук кабыл алынып, атайын жер участкалары ажыратылып берилгенине карабастан курулган эмес. Ири мүйүздүү малды бруцеллезго серологиялык жол менен изилдөөдө 28 баш бруцеллез оорусу табылган. Бирок бул оору мал кайсы жерде союлуп, эти каякка тапшырганы тууралуу эч кандай документ жок.

Ноокен району боюнча

  Ноокен районунда 2010-жылга 6 оорулууга күйдүргү оорусунун диагнозу коюлган, 42 күйдүргү очоктору табылган, 16 табылбаган, табылган очоктордун бардыгына белгилер коюлуп, бетондолгон. Бирок көптөрүндө бетондор бузулуп, тосмолору талкаланып, талапка жооп бербейт. Жылына эки жолудан заласыздандырылгандыгы тууралуу актылар жазылган. Масы айыл округунун жаш мал чарба адиси Асибаев Өскөндүн иш аракеттери башка адистердин иштери менен айырмаланып, жакшы жолго коюлгандыктан, бул айыл округда күйдүргү очокторунун абалы канаттандыраарлык.  
  2010-жылдын 10 айына 27821 бодо малдан 9861 серологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн, анын ичинен 34 баш малга бруцеллез диагнозу коюлуп союлган, бирок этинин каякка тапшырылганы белгисиз. 

Аксы району боюнча

  Райондо бүгүнкү күнгө күйдүргү оорусунун катталган очоктору 69, анын ичинен белгилүүсү 19. Айланасы тосулуп, белгилери коюлуп, очоктор бетондолгону 12, калган 8 белгилүү очоктордун тосмолору жок, цементтери урап түшкөн жана белгилери коюлбаган. Ветеринардык башкармалыктын абалы начар.

Район боюнча бир "Беккер" чуңкурчасы, эки скотомогильник бар. 8 айыл округда "Беккер" чуңкурчалары жок.

Аксы районунда 10 айдын ичинде малдан адамга жугуучу оорулардан төмөнкү ооруулар катталган: күйдүргү-2, бруцеллез-233, тиштегендер (укус)-628, эхинококкоз-1.


Жалал-Абад шаарында акыркы жылдары күйдүргү оорусу катталган жок. Сибирь жарасын алдын алуу максатында бир топ алгылыктуу иш- чаралар жүргүзүлгөн. Бирок "Жеңиш" кичи районунда жана 10 мекемесинин көмөкчү чарбасынын короосунда жайгашкан эски Сибирь кулгунасынын очокторунун тосмолору бузулган. Бирок текшерүүдө айтылган кемчиликтер азыркы күнгө жоюлган. Ошону менен бирге сибирь кулгунасына каршы вакциналардын сатылуусуна тыюу салынгандыгына карабастан, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын ветеринардык дарыканаларында вакциналар жашыруун түрдө сатылып жаткан фактылар аныкталды. Шаардык ветеринардык лаборатория жакшы жабдылган, бирок мүмкүнчүлүктөрү толук пайдалынбайт.
  Жаныбарлар аркылуу жугуучу өтө коркунучтуу оорулардын катталышы боюнча эң орчундуу болгон Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында атайын иш-чаралар бекитилип, туруктуу иш жүргүзүлбөйт.
  "Жогорудагы кемчилдиктерди эске алып, жаныбарлардан адамдарга жугуучу өзгөчө коркунучтуу оорулардын калк арасында кеңири таралышына каршы бүгүнкү күндө жапа тырмак күрөшү зарыл", - деди бөлүм башчы. А.Сансызбаева. (А. Жаңыбаева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу