Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/12 11:27
 

Тышкы саясат: кечээ, бүгүн жана эртең

Кечээ

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жеткен соң биринчи президент А. Акаев тышкы иштер министрине, СССР убагында олуттуу кадыр-баркка жетип калган Роза Отунбаеваны дайындайт. Албетте, эгемендүү жаңы Кыргызстан үчүн кимдин иштеп бергиси келбейт. Анын үстүндө Кыргызстан Борбордук Азияда демократиялык жолго түшкөн бирден-бир мамлекет болгондуктан, биздин өлкөбүзгө дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттердин көзү түшүп турган. Ушундай Кыргыз Республикасы телчигип турган маалында, эски СССР ыдырап, инфляция саат санап өсүп турган маалда, Отунбаева оор жүктү моюнга алып эгемендүүлүгүбүздү бүт дүйнөгө тааныта баштады.
Ошол мезгилдерде Роза Исаковна нускалуу, каада-салттуу энелердин ак элечегин кийип алып Кыргызстандын эгемендүү мамлекет экенин баса белгилеп планетанын ордо жыйыны болгон БУУнун ассамблеясынын жыйындарында жана башка дүйнөлүк жыйындарда сүйлөп турганда дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алышчу.

Президент Акаевдин чет мамлекеттер менен байланышып кыдыруусуна Отунбаеванын эмгеги зор. Арийне, Акаевдик бийлик тымызын авторитардык тутумга өтүп, демократиялуу көз караштагы инсандарды кызматынан сүрө баштайт. Акыйкатты бетке айткан министрликтен элчиликке которулат. Албетте ал убакта бутунан туруп калган министрликти ким болсо да башкарып кете алмак.

Бакиевди болсо беш жыл ичинде КМШ, ШКУнун саммиттерин эсептебегенде Астанадан бөлөк эч ким деле чакырбаптыр. Бирок экинчи мөөнөткө легитимсиз президент болгон соң, Максим Бакиев «көмүскө» президенттин милдетин аткарып эч ким чакырбаса деле таңуулап Бээжинге, Вашингтонго президенттин учагы менен барып жүрдү. Ал учакка да ыраазы болбой Бээжинге барганда «учкучу жок учакка» (беспилотный самолёт) ашык болуп, бюджеттен миллиардарды чачса да ошону сатып алууга куштарланып келген.

Акаев да Бакиев да жада калса үй-бүлөсү да президенттик учактарды каалашынча, бюджеттин эсебинен, мамлекет үчүн эч пайдасыз максаттарда пайдаланып жүрүштү.

Бүгүн

Бул майда нерсе, бирок айтпай кетпесе болбойт. Апрель революциясынан соң Роза Отунбаева мамлекеттин башына келгенден бери дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө болду. Бирок мамлекеттик бюджеттин каражатын экономдош үчүн, президенттик учакты пайдаланбай кадимки эле жүргүнчүлөр түшкөн учак менен барууда.

Апрель революциясынан бери сегиз айга жетпеген убакыттын ичинде Роза Отунбаева майда-чүйдө иш сапарларын эсептебегенде Москвага, Вашингтонго, Нью-Йоркко, Стамбулга, Санкт-Петербургга, Астанага жемиштүү иш сапарларына барып келиптир. Жемиштүү дегенибиз деле чындыкка коошот. Вашингтондо Кошмо Штаттардын Президенти Барак Обама баш болгон расмий адамдар менен тил табышса, Стамбулда Түркиянын Президенти Гүл мырза өзү тосуп алган. Санкт-Петербургда аны дүйнөлүк саясаттагы эң абройлуу инсандардын бири Владимир Путин өтө жылуу кабыл алып, аны абдан ызаттап турарын, өз көзүбүз менен көрдүк.

«Миң уккандан бир көргөн» дегендей, ушул жолку сапарында маданият ишмерлеринин корифейлерине кошулуп президенттин бул жолку сапарына расмий делегация менен бирге барып келдик. Көрсө, Санкт-Петербургдагы бул сапарынын биринчи күнү программа боюнча Эрмитаж, Мамлекеттик Орус Музейи, Марииндик театр жана башка маданий иш-чараларга жык толгон экен. Мындай сапарларына делегациядан тышкары маданият ишмерлерин кошуп алып, чыгармачылык демине-дем кошуп келип жатканы алгылыктуу иш.

Бул эки күндүк сапарыбызда бизге камкорлук кылып барып келишибиз, жатканыбыз, тамак-ашыбыз бекер болгону менен ал жерде жашоо кандай экенине журналисттик кызыгуу болду. Коомдук тамактануу жайына кирип тамак-аштын баасы менен тааныштым. Бир стакан чай 69 рубль, май сүйкөлгөн бир кесим нан да ушул баада экен. Бизче айтканда 100 сомдон ашык баа. Бир кесим нан менен бир стакан чай ичсе 200 сомдон ашык акча коротуларын эсептегенде, биздин Кыргызстанда жөн эле арзанчылыкта жашап аткан турбайбызбы деген ой келди. Тамактары 400 рублдан кеми жок, 1000 рублдан ашык. 1000 рубль курс боюнча 1500 сом. Алган айлыкты бир –эки жолу тамак ичип эле ачка жүрө бермек экенбиз.
Бизди коштоп жүргөн Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Жалал-Абаддык Кутунаев Кочкорбайдын айтуусу боюнча Санкт-Петербург шаарында жети жүздөй улутташыбыз бар экен. Эми алар өз жандарын баккандан тышкары быяктагы ата-энелерине, тууган-туушкандарына акча салып турушат экен.

Жакында эле Астана шаарында ЕККУнун залкар өлкөлөрү баш болгон 56 мамлекет башчысынын биргелешкен саммити болду. Мыдай саммит 1999-жылдан бери боло элек экен, ошондуктан дүйнөдөгү эң орчундуу маселелер каралды. Биздин президент Роза Отунбаева да БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун баш болгон көптөгөн мамлекет жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.

Андан соң Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Бишкекке келип президент Отунбаева менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетти.

Эртең

Мына шайлоо бүткөнүнө эки айга чамалуу убакыт болду. Биздин эл сыймыктанган партия лидерлер өкмөттө орун бөлүштүрө албай эле, мамлекет үчүн эң баалуу убакытты уттуруп жатабыз. Тезирээк өкмөт түзүп элдин жашоо шартын оңдоого киришиш керек эле. Ушул мезгилде өкмөттүн жоктугун сездирбей Роза Отунбаева жетектеген техникалык өкмөт иштеп келатат. Эмки жылы кайрадан чуру-чуу түшүп президенттик шайлоого барабыз. Андан көрө парламент тарабынан Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтүн узартып койсо. Чет мамлекеттердеги кадыр-баркы менен биздин мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошоор беле. Эми муну убакыт көрсөтөөр, бирок калктын көпчүлүгү шайлоолордон, кур убадалардан тажап бүтүштү. Кыргызстан эллине кур убада эмес, чыныгы иштер керек. Канчалык оор шарттарда эл үчүн талыкпай иштеп Роза Отунбаева келечектен үмүттөндүрүп койду.

Азизбек   КЕЛДИБЕКОВ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу