Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/12 11:55
 

Кыргызстанда акыркы он жылда ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 25 пайызга өскөн

Бишкек, 3-декабрь. (КАБАР). Акыркы он жылда Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 25 пайызга өскөн. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) жаңы баяндамасында берилген.

182 өлкөнү камтыган докладдагы маалыматка ылайык, 2000-жылдан 2009-жылга чейинки убакыт аралыгында дүйнө жүзүндө ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын саны кыскарган. Бирок Чыгыш Европа менен Борбордук Азияда бул илдетке кабылгандардын саны дээрлик үч эсеге өскөн. Былтыркы жылы аймакта 1,4 миллион ВИЧ-инфекциясын жугузган адам катталган. Анын ичинде 9 миң 800ү кыргызстандыктар.

Он жыл аралыгында Кыргызстандан тышкары Армения, Грузия, Казакстан менен Тажикистанда да илдетке кабылгандардын саны 25 пайыздан ашык көбөйгөн. Бул өлкөлөрдө ВИЧ илдети негизинен баңгини ийне сайынуу аркылуу колдонуу, жыныстык катнаштан улам көбөйүүдө.

СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы катталган. Бул дартка чалдыккандардын саны андан бери өсүүдө. ВИЧ инфекциясы адамга үч жол менен б.а. жыныстык катнашуу, энеден балага өтүү жана кан аркылуу жугат.

Кыргызстандын аймагында расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдын 1-октябрына карата 3миң 149 адам ВИЧ-инфекциясы менен катталган. Анын 2 миң 977си Кыргызстан атуулдары, 2 миң 194ү эркектер, 783ү аялдар. Алардын көбү - 1 миң 957 баңги - затын инъекциялык жол менен кабыл алгандар.
Ушул эле жылдын 1-сентябрында жалпы ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын саны 3 миң 95 адамды түзгөн, бул бир ай ичинде алардын саны 54 адамга көбөйгөндүгүн айгинелейт. Адистердин айтымында, өлкөдө ВИЧ/СПИДди алып жүргөн адамдарга мамиле өзгөрбөй, басмырлоо күч болгондуктан көптөрү ачыкка чыгуудан коркушат, ушул себептен алардын саны расмий маалыматтардан бир топ көп болушу мүмкүн.
Адистер социалдык-экономикалык абалдын оордугунан жаштардын арасында баңгизат колдонгондордун саны улам өсүп жатканынан, жумушсуздуктун айынан Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен ооругандардын саны өсүп жатканын айтышууда. Алар Борбор Азия өлкөлөрүндө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын санынын көбөйүшүнө миграциянын күчөшү да себеп болууда дешет.
СПИД менен күрөшүү
Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына каршы күрөшүү жаатында ар кандай акция, иш-чаралар өткөрүлүүдө: бир жылда май, декабрь айларында СПИДден каза болгондорду эскерүү, СПИДге каршы күрөшүү күндөрү ж.б. Ал күнү көчөлөрдө СПИДди жугузуп албоого арналган маалымат баракчалар, презервативдер таратылат.
Республикалык “СПИД” бирикмесинин директорунун орун басары Айгүл Исмаилова “биз түз байланыш телефонун уюштурганбыз, купуя жардам көрсөтөбүз. Себеби көбү жашыруун калууну каалашат. Алар коомчулуктун айыптоосунан, жемелерден, ошондой эле бир туугандарына, жакындарына сөз тийгизүүдөн коркушат. Биздин коомчулук ВИЧ-СПИД, баңгиликке берилгендерди коомдун саркындылары катары көрүшөт”, - деди ал.
Жакында эле Ысык-Көлдө Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан Азербайжан жана Кыргызстан өкүлдөрү катышкан Жаштар арасындагы ВИЧ/СПИДди алдын алуу чаралары туурасында Борбор Азиялык жаштар форуму өттү.
Анда Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов, жаштар арасындагы бул көйгөйдүн өтө оорчундуулугун белгилеп өттү. Аталган ооруга чалдыккандардын көпчүлүгүн 18ден 40 жашка чейинки курактагылар түзүүдө. “Бул калкыбыздын репродуктивдүү бөлүгү, ошондуктан биз ага карата чара колдонуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Бул оорунун башкы себеби толук маалыматтын жетишсиздигинен чыгып жатат”, - деди министр.

Форумдун алкагында ар кайсы өлкө өкүлдөрү ВИЧ/СПИД жана баңгиликти алдын алуу багытында өздөрүнүн тажрыйбаларын алышты. Андан тышкары алар мамлекеттик түзүмдөрдөгү жаштар менен иш алып баруу ыкмалары боюнча ой бөлүшүп, мындан ары КРнын Жаштар иштери боюнча министрлик менен кызматташууга, тажырыйба алмашууга даяр экендиктерин билгизишти.
ВИЧСПИД илдетин алдын алууда ЖМК ролу абдан чоң. Бул тууралуу Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 20-майынан 20-июнга чейин конгресс тарабынан социологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Негизги максат ВИЧСПИД тууралуу атуулдар маалыматтарды кайсыл жерден алышаарын, коомчулук тарабынан аларга карата мамилени билүү болду.
“Социологиялык изилдөөгө баардыгы болуп 2 миң адам катышкан, алардын 1 миң 980и мигранттар, 20сы эксперттер. Сурамжылоого катышкандардын 59,45 пайызын аялдар, 40,55 пайызын эркектер түзгөн”, - деди З. Акбагышева.
Ал сурамжылоо аэропортто, темир жол бекетинде, чек ара постторунда өткөндүгүн, ага катышкандардын көбү ВИЧСПИД тууралуу маалыматтарды теле берүү, 22 пайызы радио, 14 пайызы гезит беттеринен ала тургандыгын айтышкан.

Эксперттер бул илдетти кыскартуу үчүн алдын алуу иштерин жигердүү алып барыш керек экендигин айтышкан. Алардын 64 пайызы 8-9-класстарда бул темада лекция окулушу керек экендигин белгилешкендигин кошумчалады. (М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу