Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/12 11:49
 

Майыпта эмне айып?

Бишкек, 3-декабрь. (КАБАР). БУУнун статистикалык маалыматы боюнча, ар бир өлкө калкынын 10 пайызын майыптар түзөт.
Кыргызстанда 120 миңдей адам майып, анын ичинде 21 миң бала мүмкүнчүлүгү чектелип, бир мүчөсү кемип, ооруга чалдыккан.


2010-жылдын 10 айында интернат-үйлөрдүн турмуш-тиричилигин жана капиталдык оңдолушун жакшыртууга мамлекеттик бюджеттен 9 миллион 539 миң 800 сом жана демөөрчүлөрдүн каражатынан 690 миң сом сарпталган.

Республикада майыптар баш калкалаган 15 бакма үй бар, анын 14ү мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми дагы бирөө жергиликтүү бюджеттин эсебинде турат. Бүгүнкү күндө ал жерлерде 2 миң 278 адам багылууда. Алардын 844ү кары-картаңдар жана майыптар, 1035и орто жаштагы кишилер жана 399у акыл-эси кемчил балдар.

Кыргызстандын Негизги мыйзамында “бардык жарандардын укугу бирдей”-деп жазылган. Ошондуктан майыптар үчүн да аймактарда калыбына келтирүү борборлору ачылып, алар билим алып, жумуш орду менен камсыз болууга акылуу.

Республиканын борборунда майыптарга шарттар жакшыраак түзүлгөн. Аймактарда абал оор. Ал жерлерде мүмкүнчүлүгү чектелгендерди “эч ишке жарабайт” деген ой калыптанып, алар коомдон четтетилип калган. Мүмкүнчүлүгү чектелген адам да толук кандуу жаран. Ал билим алууга, эмгектенүүгө, үй-бүлө куруу укугуна ээ.
Майып өспүрүмдөрдүн бир катары атайын борборлордо билим алышса, көбү ата-энесинин жардамы менен күн өткөрүшөт. Башкалары дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга муктаж.
Балдардын укугун коргоочулар лигасынын директору Назгүл Турдубекованын билдиргенине караганда, Кыргызстанда жылына республикада акыл-эси кемчил, бой-келбети толук өспөгөн 1,5 миңге жакын бала төрөлөт.

Ал балдарды көчөдөн, бала бакчадан, мектептен, жогорку окуу жайдан жолуктурууга мүмкүн эместигин айтат. “Бул биринчи кезекте алардын үйдөн чыкпай, коомчулук менен аралашпай келгендигинде. Биздин мамлекет канча жылдан бери бул балдардын укугун коргой албай келет. Мамлекет аларга коомчулук менен аралаштыруунун ордуна ар кыл чектөөлөрдү киригизген”-дейт лига директору. Айрым энелер майып балдарын чанып, интернатка таштап кетишет. Себеби, аны багууга, дарылоого каражаты жок. Мындай балдардын көбүн атасы таштап кетет.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда бир айдын ичинде бир адам турмуш-тиричилигине эң төмөн дегенде 3500 сомдун тегерегинде акча керектейт. Бизде мамлекет тарабынан берилип жаткан 1 миң 800 сомдук жардам (пенсия) эч нерсеге жетпейт.

“Майып балдары бар ата-энелерге мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, атайын жумушчу орундар түзүлсө. Алар башкалардай болуп 8 саатык жумушчу күндү иштей албайт. Кээде эне байкуш чарчагандан, баланы атайын адистештирилген жайларга өткөрүп салууда”, - дейт Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын төрагасы Турдубүбү Жумабекова.

“Биздин ассоциациянын адистери учурда Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөөсүндө реабилитациялык борбор ачып, алтыдан баланы эки маал окутууда. Бул жер чет элдик уюмдардын жардамы менен ремонттолуп, керектүү окуу куралдары сатылып алынган. Биздин борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген 3-6 жашка чейинки балдар бар. Мындан тышкары биздин топ үйлөргө барып да сабак өтүшөт. Адистер педагогикалык, социалдык жогорку билимге ээ. Быйыл биздин борборго Япония жана Америкада реабилитациялык борборлордо иштеген адистер келип тажрыйба бөлүшүп, биздин адистерге окууларды өткөрүштү”, - деп айтты Т. Жумабекова.

Нурбек уулу Рамаз беш жашта, шал менен ооруйт. Ал өз алдынча баса албайт, ай сайын 2 миң сомдон жөлөк пул алып турат. Апасы Салтанат Төрөбекова 2 миң сом баланын тамак-ашына да жетпегендигин, дары-дармектердин кымбаттыгын айтат.

“Бизге мамлекет бир жылда 500 сомго эсептелген дары-дармектерди берип турат. Ал бир айлык бир жумалык да дарыланууга жетпейт. Учурда бардыгы кымбат. Мен баламдын жанында 24 саат боюу болушум керек, ушул себептен иштей да албайм. Кыргызстанда майып балдар үчүн эч бир шарттар түзүлгөн эмес, бизди мамлекет унутуп калган. Баламды бала-бакчага орноштуруп, иштейин десем аны эч бир бала-бакча албайт, майыптуулуктун оор түрү менен ооругандарга эсептелген, бир да бала-бакча жок. Өз алдынча көчөгө, циркке алып барайын десең, бизде бир да таранспорт ага ылайыкташтырылган эмес. Такси менен алып чыгуу --бул дагы кошумча каражат. Биздин балдар да, башка балдар сыяктуу эле окугусу, сыртка чыккылары келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы мэриядан, өкмөттөн реабилитациялык борбор түзүү максатында имарат сурап келет, бирок эч бир жыйынтык жок”, - деп кейийт С. Төрөбекова.

Ал баласы төрөлгөндөн бери баш ооруга кабыла баштагандыгын айтат. “Мен бул ассоциациянын бар экендиги тууралуу тааныштарыман билип, келдим. Бул жакта лисхологдор биринчи кезекте мага жардам беришти, менин балама карата мамилем өзгөрдү. Бизде бирөөлөргө бардыгын жасоого мыйзам жол берет да, кээ бирлерине тыюу салат же эч нерсе бербейт”- деп айтты ал.

Анын айтымында Бишкекте “Үмүт-Надежда” жеке менчик атайын бала-бакча бар. Ал жакта ай сайын 4,5 – 5 миң төлөп туруу керек. С. Төрөбекованын өз жумушу жок. Жашоо уланууда ал баласын бул жакка алып келип, балдар менен тааныштырып ойнотуп кетет. Ал эми атайын адистер жумасына бир жолу келип, үйдө сабак өтүшөт.

Коомчулуктун бул балдарга мамилеси качан өзгөрөт? “Алар депутаттарыбыз майыптарга жардам берчү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышса”-деп илгери үмүт кылышат. (даярдаган М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу