Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
02/12 15:09
 

Паракорчулук: Балдар бакчасында


БИШКЕК, 30-ноябрь. (КАБАР). Transparency International эл аралык коомдук уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан паракорчулуктун деңгээли боюнча 178 өлкөнүн ичинен 164-орунда турат. Бул дүйнөлүк рейтингде былтыркы жылы Кыргызстан 162-орунда болгон. Демек, бул бизде паракорчулуктун төмөндөбөй, кайра өсүп жаткандыгынан кабар берет.

Учурда “паракорчулук кайда бар?” деген суроого “бардык жерде” деп жооп берүүгө болот. Кыргызстанда адам бул жарык дүйнөгө келген төрөт үйүнөн тартып эле пара берүү “жөрөлгөсү” башталат. “Балалуу болдуң, сүйүнчү бер” деп медицина кызматкерлеринин тоорумайынан тартып, майда-чүйдөгө деп алынган акчанын баары кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетет. Андан соң баланы балдар бакчасына берет элем деп, ата-энелердин ар кайсы ортомчуларга берген акчасы анык паракорчулуктун башаты болууда. Балдар бакчасына киргизген соң ай сайын төлөнүүчү ар кандай алымдар ата-энелердин “азабына” айланат. Орто эсеп менен алганда Бишкек шаарындагы балдар бакчасында бир наристе үчүн айына 600 сомдон тартып 1500 сомго чейин төлөшөт. Мында кеп муниципалдык балдар бакчасы гана жөнүндө болууда. Ал эми жеке менчик балдар бакчасына берүү ар кимдин каалоосу жана дараметине жараша болот. Демек, мектепке чейинки даярдык ата-энелер үчүн баласын жогорку окуу жайда окутканга тете болууда деп айтууга толук негиз бар. Себеби 1000 же 1500 сомдон ай сайын эсептегенде, бир жылда 12-15 миңдин тегерегиндеги акча кетүүдө. Бул сумма жогорку окуу жайында билим алган студенттин төлөгөн акысына чамалап жатат. Башка суроо – бул каражаттын баары бала үчүн жумшалабы же...

Бул сыяктуу суроонун түйүнүн чечүү үчүн борбор калаадагы балдар бакчасына барган наристелердин ата-энесине айына канча сом төлөй тургандыгын сурап көрдүм. Мында дээрлик бардык бакчаларда баланын тамак-ашына дегенден тышкары да, бала бакчаны өнүктүрүү фонду, тарбиячы менен бала багуучуга, жуунучу каражаттар, ошондой эле ар кандай майрам, концерттерге акча чогултушаары белгилүү болду. Алсак, айрым балдар бакчасында бир бала үчүн айына туруктуу түрдө тамак-ашына деп 550 сом, мындан тышкары 1000 сом тарбиячы, бала багуучу, жуучу каражаттарга деп алынат экен. Айрымдарында 550 сом тамагына, кошумча 500 сом балдар бакчасын өнүктүрүүгө алынат. Белгилүү болгондой, бир баланын тамак-ашына күнүнө 50 сом сарпталат. Анын 50 пайызы же 25 сому мэрия тараптан бөлүнсө, 50 пайызын ата-энелер кошумча төлөм катары берет. Бул багытта ата-энелер нааразы эместиктерин айтышууда. Себеби бул чоң көлөмдө эмес жана бала бакчага барбай калган күндөр үчүн тамак-ашка акча алынбайт. Бирок тамак-ашка деген төлөмдөн тышкары да жуунучу каражат, шейшеп, шкаф, китеп, оюнчук деген сыяктуу бүтпөгөн шылтоо менен алынган акчалар ата-энелерге оор болууда. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгына байланыштуу шаардык бюджетте балдар бакчасынын мындай муктаждыктарына акча бөлүнбөйт. Мейли дейли, каражат алынсын. Бирок ай сайын, анан да уламдан-улам көлөмү көбөйгөн мындай төлөмдөр кайда кетип атат? Белгилүү болгондой, “Коомдук уюмдар жөнүндө” мыйзамдын негизинде борбор калаадагы 37 балдар бакчасында Ата-энелер коомдук бирикмеси түзүлүп, алар мектепке чейинки билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнү колдоого алышкан. Бул багытта мындай коомдук бирикмелер ай сайын 150 сомдон 500 сомго чейин төлөм беришет. Бирок төлөмдөр ата-энелердин өз ыктыяры менен берилиши керек.

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү маселеси өтө олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Эгемендүүлүктү алган жылдардан тартып балдар бакчалары биринен сала бири жабылып, таланып-тонолуп отуруп, учурда айыл жерлеринде дээрлик балдар бакчасы жок болсо, шаарларда баланы бакчага киргизүү чоң түйшүккө айланган. Бакчага кирүүдө бүтпөгөн кезекке туруу керек, болбосо маселени пара берүү менен гана чечүүгө болот. Балдар бакчаларынын жетекчилери акчаны түздөн-түз дагы, ошондой эле “кыйыр” түрдө же имаратты оңдоого, тиричилик каражатына деген шылтоо менен алышаары белгилүү. Албетте, баласын бакчага берээрде пара бергендигин дээрлик бардык ата-эне моюнга алганы менен ачык айтышуудан чочулашат. Себеби алар балдарына жакшы мамиле кылып, араң киргизген бакчадан чыгарып салбасын дешет.

Баланы бакчага берээр алдында төлөнүүчү 5-10 миң сомдогон каражат кайда жумшалууда? Эмне үчүн мындай ири суммадагы акча алынышы керек? Бул суроолор менен Бишкек мэриясынын билим берүү башкармачылыгынын башчысы Айнагүл Ниязовага кайрылганыбызда, ал балдар бакчасына атан-энелерин баласын бардык талапка ылайык, алсак ошол райондо каттоодо туруп, киргизүүнү кааласа, бир да сом төлөм алынбашы керектигин билдирди. Албетте, акчаң көп болсо, “бакчанын муктаждыгына” деген акчаны берип коюп, балаңды киргизүүгө не жетсин. Мындай шартта бакча кызматкерлери да кезекти унутуп, “бош орунду” таба алышат. Бирок бир да балдар бакчасында кезекке туруу мүмкүнчүлүгү бар экенин, Бишкектеги №2 мектептин имаратында катталып койсо болоорун айтышпайт. Анткени бакча жетекчилери кезекке туруп, эч кандай төлөм бербей баласын бакчага киргизгендерге кызыкпайт. Алардан пайда жок болуп жатпайбы. Демек, ата-энелер төлөм бербей киргизем десе, №2 мектепке барып, кезекке туруп коё алаарын эскертип коелу.

Сөз соңунда балдар бакчасына байланыштуу көйгөйлөрүн ата-энелер Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын ишеним телефонуна чалуу аркылуу билдире алышаарын айта кетели. Ишеним телефону – 61 39 72. Болгон маселени мамлекетке жүктөбөй, баарыбыз биригип күрөшүп, көйгөйдү биргеликте чечишибиз керектигин унутпайлы! Ушундай шартта гана паракорчулукту жеңүүгө болот.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясына караштуу 78 балдар бакчасы бар. Анда 19 миң 132 бала тарбияланууда. Балдар бакчасында 2075 педагог иштейт. Жогорку билимдүү, тажрыйбасы бар тарбиячынын орточо айлык акысы 2700 гана сом. Мындан тышкары мэрия ай сайын 1000 сомдон кошумча төлөп берет. Натыйжада быйылкы жылы мектепке чейинки уюмдарда иштегендердин айлык акы фонду 137 миллион 799,7 миң сомду түзгөн. (даярдаган Мээрим Ибраева)
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу