Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 09:29
 

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук: кантип күрөшүү керек?


Бишкек, 29-ноябрь. (КАБАР). Бүгүнкү күндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси Кыргызстанда гана козголгон жок. Серепчилердин айтымында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук глобалдык мүнөзгө ээ.

Жыл сайын 25-ноябрда дүйнө жүзүндө гендердик зордук-зомбулукту токтотууга арналган эл аралык күн белгиленет.

Буга байланыштуу Кыргызстанда да “Айта баштайлы” деген аталыш менен 16 күндүк кампания старт алат. Ал үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулукту токтотууга, анын курмандыгы болсоңуз укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин пропогандалоого, жардам берүүгө багытталган.

Бул иш-чара 10-декабрга чейин өтүп, ал коомчулукту аталган көйгөйгө кайдыгер болбоого чакырат. Ошондой эле укук коргоо органдары жана социалдык кызматкерлердин көңүлүн буруу менен коргоо механизмдерин иштеп чыгууга багытталат.

Эл аралык серепчилер Кыргызстанда бул багытта күчтүү мыйзамдык база бар экендигин, бирок ал толук иштей албай жаткандыгын, эң биринчи эле себеп, бул жабыркаган адамдардын пассивдүүлүгү менен байланыштырышкан. Алар жабыркоочулар көп учурда укук коргоо органдарына кайрылышпастан, зордук-зомбулук турмушка чыдап жашап же болбосо ажырашып кетип жаткандыгын белгилешкен.

2009-жылы да бул багытта республиканын бардык аймагында “Аялдардын укугу – бардык адамдын укугу” аттуу маалыматтык кампания жүргөн. Анын алкагында ар кыл теледебаттар, ток-шоу, тегерек стол, мектептерде, ЖОЖдордо лекция, семинарлар уюштурулган. Баардыгы болуп акция 400 миңден ашык адамды камтыган.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дейбиз, а үй-бүлө деген эмне? Үй-бүлө - бири - бири мене байланышы бар адамдардын тобу. Бул топтогу адамдардын укугу бир, “мен эркекмин, мен акча табам, мен өзгөчө укуктарга ээмин, менин айтканым бул үйдө “мыйзам”, укуктарым аялдыкына караганда жогору” деген эркектер да жок эмес.

Кризистик борборлор

Республикадагы кризистик борборлордун Ассоциациясынын президенти Александра Елиференко Кыргызстанда 10 кризистик борбор бар экендигин, анын экөө Бишкекте жайгашкандыгын билдирди. Анын айтымында 10 кризистик борбор Кыргызстан үчүн өтө эле аз.

“Литва Кыргызстанга салыштырмалуу калкы жагынан бизден аз, бирок ал жакта кризистик борборлордун саны 40тан ашат. Ал эми Лондондо 90 борбор бар, алар аялдарга, балдарга, мигранттарга, адам сатуунун курмадыгы болгон адамдарга багыттылган. Мындай борборго жапа чеккен атуулдар муктаж, бул жерде алар өзүн коопсуздукта сезип, анын адистери кризистен чыгууга жардам берет. Бизде жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык адам кайрылат”, - деди ал.

А.Елиференко “мен үй бүлөө башчысымын” деп, аял укугун эң аркыркы орунга коюп, “ал үй ишин кылат, бала тарбиялайт ал кымбат кийим - кечени эмне кылат, эч жакка чыкпайт” деп психологиялык кысым көрсөткөндөр да көп экендигин айтты.

Бул көрүнүш айыл жергесинде көп кездешет. Ошондуктан аны менен күрөшүшүбүз керек. Күйөөсү сыяктуу эле аял да тең укукта. Аялдар эркектерге караганда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көп кабылышаары жана көп учурда алар эч бир күч структураларына кайрылбай көмүскөдө калгандыгы аныкталган. Алар күйөөсүнө каршы арыз жазууну, милиция кызматкерлерине кайрылуудан баш тартышат. Көп укук бузуулар үй-бүлөдөн сыртка чыкпагандыктан, аял кишинин адамдык укугун бузгандар мыйзам чегинде жазалануудан четте калууда.

“Күнүнө жүзгө жакын аялдар зордук-зомбулукка, психологиялык кысымга, экономикалык жактан чектөөлөргө кабылат. Анын 75 пайызы үй-бүлөдө болот. Жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык кыз - келиндер кайрылат. Алар психологиялык жардам, баш калкалоого жай жана ар кыл юридикалык консультацияларды, кеңештерди алышат”, - деди “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова.

Ал быйыл Ош окуялары болуп жаткан маалда Бишкекке атайын учактар менен жабыркаган аялдар, балдар келгендигин айтты. “Алар июнь коогалаңынын курмандыктары. Баардыгы болуп биз 25 аялды балдары менен кабыл алып, психологиялык жардамды көрсөттүк. Мындай учурда профессионал адистердин жардамы керек. Биз Ош жергесинде болуп, өз жардамдарыбызды көрсөттүк”, - деди ал.

Турмушу бузулган аялзаты

Акыркы маалыматтар боюнча, республикабыздын абак жайларында кармалган аялдардын 80 пайызы КР мыйзамынын “киши өлтүрүү, кол салуу” беренеси боюнча соттолгондор.

Серепчилердин айтымында аял киши чыдамкай болот, көп учурларда алар үйдөгү кысымды, зордук - зомбулукту сыртка ташыбай, эч бир укук коргоо органдарына кайрылбай, ошол көрүнүш менен жашап жүрө берет. Алар мындай стресстерден кийин психологдорго да кайрылбайт, аягы келип стресстин жыйынтыгында, ал зордук көрсөткөн адамга жооп кайтарат, көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар өлүмгө алып келет. Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы аялзаты гана эмес...

Үй-бүлөлүк зордук - зомбулуктун курмандыгына 58 пайыз аял кабылса, 18 пайызы жаш балдар жана 13 пайызы кары-картаңдар,7 пайызы эркектер.

Мисалы жумушу жок үйүнөн куулуп калгандар, балдары менен тил табышпаган эркектер да бар. Республика боюнча Жалал-Абад шаарында гана эркектер үчүн кризистик борбор иш алып барат. Бул борборго жашоонун ар кыл кыйынчылыктарына туш болгон эркектер кайрылат.

Андыктан психологиялык, моралдык жардам аялдарга гана эмес, эркектерге да керек. Аял киши көп учурда стресстерди курбусуна айтып, чогуу иштеген кесиптештери менен бөлүшөт, ал эми эркек киши өзүндө сактап жүрө берип, жыйынтыгында алкоголдук ичимдиктерге, баңги затына берилип кетет.

Кыргызстан эгемендүү демократиялык өлкө, адам укуктарын коргогон бир топ институттар бар, Женева Конвенциясына киребиз.

Ар бир кылмыш мыйзам чегинде жазаланып, күнөөлүүлөр сот алдында жооп бериши керек.

М.Момуналиева



 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу