23.11.2010, 16:37

Тегерандагы пресса фестивалы

Иранда бензин суудан арзан

Бишкек, 22-ноябрь. (КАБАР). Октябрь айынын башында Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият иштери боюнча өкүлчүлүгү 25-октябрь – 1-ноябрь күндөрү Тегеранда өтүүчү бүткүл дүйнөлүк пресса фестивалына катышуу тууралуу Кыргыз улуттук “КАБАР” маалымат агенттигине кайрылганда, директорубуз Ж.Турдукожоев бул эл аралык деңгээлдеги жыйынга катышууну мага тапшырды. Иран Ислам республикасы жыл сайын Азия, Африка, Латын Америкасындагы жүзгө жакын мамлекеттердин алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарын чогултуп, өздөрү тууралуу кеңири маалымат берүүнү жана алардын башын бириктирип, бири-бири менен кызматташуусуна шарт түзүүнү салтка айландырып алыптыр. Тилекке каршы Бүткүл дүйнөлүк Тегеран пресса фестивалы 17-ирет өткөрүлүп жатса да Кыргызстандан буга чейин бир да журналист же редакция өкүлү барып катышпаптыр. Ошондуктан мен үчүн бул эл аралык жыйынга даярдык көрүү жана башка маселелер кыйын эле эмес, бүдөмүк да болду. Анткен менен Иран Ислам республикасынын республикабыздагы элчилиги тарабынан Кыргызстан үчүн атайын бекер павильон бөлүнүп берилери айтылгандыктан, “КАБАРдын” буклетин, кыргыз, англис, орус тилдеринде жарык көргөн “Нукура кыргыз тамактары” деген түстүү китепчени жана улуттук сувенир буюмдарына жол сумкамды толтуруп жолго чыктым.

Картадан караганда Иран Кыргызстанга жакын эле көрүнгөн менен түз самолет учпагандыктан, Тегеранга Стамбул аркылуу бир суткага жакын тегеренип жүрүп араң жеттим. Алгач буга чейин китептерден окуп, телевизордон гана көрүп, жомоктой сезилип келген Ирандын ислам мамлекети деп аталышы эле кызыктырып да, сестентип да турду...

Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат бирде Тегерандагы Али Хаманеи эл аралык аэропортуна түшкөндө өзүмдү бөтөн планетага учуп келгендей эле сездим. Ал эми ирандыктардын өздөрү көзүмө бөтөн планеталыктардай көрүндү.Башыма ак калпакты кийип алгандыктан, алар да мени кызыгып карап жатышты. Бактыга жараша пресса фестивалын уюштуруучулар тосуп турушкан экен, дагы эки конокту кошуп туруп таксиге салып, “LALEN” мейманканасына жөнөтүп жиберишти. Сыягы, Тегерандын борборундагы беш жылдыздуу биз жайгаша турган мейманканага чейинки аралык 50 километрдей окшойт, түптүз, тегиз жолдо 140 км-саат ылдамдык менен заматта эле жеттик.

Бир суткадай жол жүрүп аябай чарчап, түнкү экиде жаткан менен таңкы намазды окуу менен күндү тоскон жергиликтүү элге кошулуп эрте турдум. Мейманкананын сегизинчи кабатынан көзүмө жалаң эле жайнаган жеңил машина, кара жоолукчан аялдар жана көпчүлүгү сакалдуу эркектер көрүнүп жатты. Биздегидей чоң автобус, троллейбус же башка коомдук транспорт жок. 14 миллион тегерандыктар баары эле бирден машина минип алган окшойт. Чындыгында Иранда бензиндин баасы суудан да арзан экен. Кызыгып сураштырсам, газ менен мунай байлыгы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген бул өлкөдө бир АКШ долларына 11 литр бензин келет дешти. Анткен менен бир да транспорт “тыгыны” байкалбайт. Жолдордун кесилиши эки-үч кабат. Жөө жүргүнчүлөргө болсо жер астындагы же үстүндөгү өткөөлдөр жасалган. Таң калганым – бир да жол-транспорт кырсыгын кезиктиргеним жок. Ирандыктар бизге окшоп байлыгына, мансабына жана башка социалдык абалына жараша машинаны маркасына карап тандабастан, баары эле жергиликтүү “Saipa” автомобил заводунан чыккан машинаны минишет экен.

Калпак – кыргыздын визиттик карточкасы

Демейде өз жерибизде анча баркталбаган, бааланбаган артыкчылыгыбыз же улуттук өзгөчөлүгүбүз чет жакта кызыгууну жаратса ошол биз үчүн чексиз кубаныч эмеспи. Бактыга жараша байыркы кыргыз элинин “Манас” баш болгон улуу эпосунан тартып, каада-салтыбыз, кооз жерибиз, улуттук буюм-таймдарыбыз чындап эле сыймыктана турган көрүнөш экендигин ушул Иранда байкадым. Алардын бири – ак калпак. Ошондуктан мен дайыма Кыргызстандын аймагынан чыкканда сөзсүз кыргыздын уулу катары калпакты башымдан түшүрбөймүн.

Стамбулдун аэропортунда отурганда эле бир топ чет элдиктер башымдагы калпагыма кызыгып кайрылышып, андан ары таанышып калдык. Алардын бири – биз дайыма газы, мунайы көп деп суктанып жүргөн түркмөн врачтар Алматыдан келатышкан экен, аябай суктана карашып, “биздин ушундай кооз баш кийимибиз жок” деп жашырбай эле айтышты. Ал эми алматылык эки орус медик Анталиядан эс алып келатышыптыр, “жылда Ысык-Көлдө эс алчу элек, быйыл ызы-чууңар бүтпөй, коркуп бара албадык, деги качан тынчыйңсыңар? Чек арабыз жабылып, бизде да азык-түлүк кымбаттап кетти” дешип нааразы болушту.

Эртеси биз жайгашкан мейманкананын кызматкерлеринен тартып, көчөдө, көргөзмөдө жолуккан далай жергиликтүү эл мени менен чогуу же калпакты кийип сүрөткө түшүп жатышты. Ал эми жергиликтүү жана чет элдик журналисттер калпактын кандай жасала тургандыгынан бери сурашып, мындай кооз, көз жоосун алган баш кийимди жасаган элдин улуттук каада-салты, маданияты жогору деп баа беришти.

Иран кереметинин сыры

Байыркы маданияты, медицина илиминдеги айтылуу окумуштуулары менен Азия материгинде алдыңкы орунда турган Иран Ислам республикасы 1979-жылдагы революциядан кийин, айрыкча акыркы он жылдын аралыгында дүркүрөп өнүгүп жатыптыр. Албетте, 70 миллион калкы бар бул мамлекеттин дүйнөдө экономикалык, интеллектуалдык жактан алдыңкы орунга умтулуусунун себеби бир гана газ, мунай байлыгы эмес, эң оболу ислам динин ыйык туткандыгы, мекенчилдиги жана турмуштагы ашыкча чыгымдарга жол бербегендиги экендигине ынандым.

Иранда рухий лидерди ыйык тутушат. Кай жерде болбосун Али Хаменейинин сүрөтү илинген. Жалпыга маалымдоо каражаттары да анын баскан-турганын, мечитке барып сүйлөгөн сөздөрүн баштан-аяк чагылдырып турушат экен. Эгер бизде мечитке баргандар намазды жөн гана окушса, алардын ушунчалык берилип, көзүнөн жаш ага ыйлап отургандарын көрүп таң калдым. Уюштуруучулар күн сайын кечинде бир мекеменин имаратында мамлекеттик жетекчилер менен жолугушуу уюштуруп жатышты. Ал эми “Милад товер” деп аталган бийиктиги 450 метр телемунарада болгондо дүйнөдө ирандыктар курулуш боюнча да алдыда бараткандыгына көзүм жетти.

Тогуз күн жүрүп Тегерандан бир да оорукана, аптека көрбөдүм. Спирт ичимдиктери тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес. Ал тургай бир да тамеки тарткан адамды жолуктурбадым. Аялдары болсо көчөдө жоолукту башынан түшүрбөй, биздегидей дене-мүчөсүн “рекламалашпайт” экен. Албетте, арак ичпеген, тамеки тартпаган, сойкулук жасабаган элдин ден соолугу да чың болот эмеспи.

Мындан тышкары ар бир ирандыктын мекенчил экендигине көзүм жетти. Андыктан биздегидей бөлүнүп-жарылуу, бой көтөрүп кекирейүү, уурулук, жеп-ичмей, байлыгына, мансабына манчыркоо, көр дүйнөгө азгырылуу, көралбастык жана коррупция деген түшүнүк алардын түшүнө да кирбеген көрүнүш окшойт. (оюу тунук, акыл-эси жетик, сергек элдин турмушу ушундай болбогондо кандай болмок эле...)

Мусулман элдеринин чоң жыйыны

“Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” демекчи, дүйнө жүзүнө өзүн таанытуу, мусулман мамлекеттеринин башын бириктирүү да жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу иш жүзүнө ашарын баамдаган ирандыктар жыл сайын дүйнөдөгү жүзгө жакын мамлекеттин алдыңкы ЖМК өкүлдөрүн чакырып, он күнгө жакын чоң жыйын курушу да алысты көрө билгендик. Чындыгында “Бири-бири менен катташпаса жакын туугандар да алыс болуп калат” дегендей, биз динибиз бир болуп, кошуна жашаган менен чек арабызды чычкан жөргөлөп өтө алгыс кылып бекитип, маалымат булагын да кан буугандай токтотуп салгандыгыбыздын кесепетин тартып жаткандайбыз.

Мени дагы бир таң калтырган жагдай – Иранда жалпыга маалымдоо каражаттары ушунчалык дүркүрөп өскөндүгү, элинин өтө окумалдыгы болду. Пресса фестивалы 25-октябрда маданият жана маалымат министринин катышуусунда салтанаттуу ачылды. Бирок ушул эле күнү Ирандын президенти Махмуд Ахмединежаддын да көргөзмөгө келип-кеткендигин көпчүлүгүбүз билбей да калыппыз. Көрсө, аларда тигил же бул чоңдун бир жакка баргандыгы ашыкча деле “шаан-шөкөт” эмес тура.

Кыргызстандын павильону түрк тилдүү жана мурдагы СССР мамлекеттеринин катарында, баарынан жакшысы фестивалдын уюштуруучулары жайгашкан штабдын маңдайында жайгашкандыктан, өзүм жалгыз болсом да көп кыйналган жокмун. Бирок жогоруда айткан улуттук сувенирлеримди биринчи күн эле талап кетишип, калган тогуз күн боюу “жандуу экспонат” катары катышып отурдум. Анткен менен жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттары менен өз ара кызматташуу тууралуу көптөгөн келишимдер, макулдашуулар түзүлдү. Мисалы, Ирандын “Ирна”, “Пана” маалымат агенттиктери, Мешхедде баш кеңсеси жайгашкан ири гезит редакциясы жана окуу жайлардын өкүлдөрү менен тааныштым. Мындан тышкары Афганистандын “АВАпресс”, Украинанын “Укринформ”, Азербайжандын “Тренд”, Түркиянын “Оха” маалымат агенттиктери Кыргызстанга аябай кызыгышып, мындан ары “КАБАР” Агенттигинин маалыматтарын пайдалана тургандыктарын билдиришти.

Мен үчүн дагы бир күтүлбөгөн кубанычтуу окуя – 55 мамлекет мүчөсү болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун алдындагы Маданият институтунун Башкы директору Ходжатолла Аюби мырзанын Кыргызстандын павильонуна өзү келип таанышкандыгы жана “КАБАР” агенттиги мындан ары БУУнун алдындагы ЮНЕСКО сыяктуу бул институттун катарына кирерин айткандыгы болду. Эмнегедир Х.Аюби “Сиз бул фестивалга кантип келип калдыңыз?” деп таң каларлык суроо берди. Сыягы, ал үчүн да 17 жылдан кийин гана Кыргызстандан бир адам ири жыйынга катышып жаткандыгы күтүлбөгөн окуя болсо керек. Албетте, мен кыйынчылык менен Стамбул аркылуу бир суткага жакын жол жүрүп келгендигимди айтып бергенимде далымдан таптап күлүп койду.

Фестивалдын жыйынтыгы 1-ноябрь күнү Иран Ислам республикасынын президенти Махмуд Ахмединежаддын катышуусунда мамлекеттик чоң имаратта чыгарылып, алдыңкы маалымат каражаттарына сыйлыктарды мамлекет башчысы өзү тапшырды.

Соңку сөз

Тилекке каршы он күнгө жакын Иранда көргөн, билгендеримдин ондон бир бөлүгүн да бул чакан макалага батыра алганым жок. Ошондуктан Иран сапары тууралуу учуру келгенде дагы сөз болор. Бир гана белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан менен Иран бүгүнкү күндө экономикалык, соода-сатык жана маданият чөйрөсүндө кызматташууга өтө муктаж. Баса, бул айткандарыма 20-21-ноябрь күнү КР президентинин администрация башчысы Эмилбек Каптагаевдин Иран Ислам республикасына иш сапар менен барып, президент Махмуд Ахмединежаддын кабыл алуусунда болушу жана жогоруда айтылган тармактарда кызматташуу тууралуу сүйлөшүп келгендиги далил болууда.

Эмилбек МОМУНОВ,

Бишкек-Стамбул-Тегеран.