Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
13/11 15:27
 

Кыргызстанда интернатта тарбияланган балдардын санынын көбөйүшүнө кимдер кызыкдар?

Бишкек, 12-ноябрь. (КАБАР). Кыргызстанда интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын саны жыл санап өсүүдө. Жыл башындагы маалыматтар боюнча республикада 62 балдар интернаты болсо ал жакта 5 миңден ашык бала тарбияланат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын изилдөөлөрү боюнча Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Ал балдардын укугу корголгон эмес, ата-энесине жардам берүү максатында мектептен четтетилген. Ошондой эле каражаттын жоктугунан мектептен чыгып калган балдар да бар.

Балдарды коргоо борборунун өкүлү Мира Иттикеева - Кыргызстанда балдарды коргоо мыйзамы жакшы жазылгандыгын, бирок ал иштебей келгендигин айтат. “Балдарды коргоо мыйзамы жогору деңгээлде жазылган, бирок анын 10 пайызы да иштебейт. Балдар оор жумуштарга тартылууда, билим алуу укугунан ажыроодо, медициналык кызматтардан толук пайдалана албайт”, - деди ал.

Балдардын укугун коргоо лигасынын өкүлү Назгүл Турдубекова социалдык колдоо тармагы реформага муктаж экендигин айтты.

“Кыргызстанда үй-бүлөлүк сот институттарын өнүктүрүү менен мамлекет балдардын укугун коргошу керек. Үй-бүлөлүк институттар жок болуп кетүүдө. Социалдык кызматкерлердин статусун жогорулатуу керек, себеби бизде социалдык кызматкерлер жокко эсе. Ажырашкандар көп болуп, учурда анын курмандыктары, бул-ортодогу бала болууда. Мындай кызматкерлер болгон учурда ар бир проблема өз убагында чечилсе, ал мүмкүн ажырашууга алып келмек эмес. Жергиликтүү бийлик бутагында мындай кызматкерлер иш алып барышы керек. Балдар, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн реабилитациялык борборлор ачылышы керек”, - деди ал.

Мамлекеттик колдоо

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар үчүн айына 175 сомдон бөлүнүп турат. Бүгүнкү күндө бул акча бир айга эмес эки күнгө да жетпейт.
Ал эми интернатта тарбияланып жаткан ар бир балага ай сайын мамлекеттик бюджеттен 6-7-миң сом бөлүнөт, бирок бул каражат балага толугу менен сарпталбайт.

“Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо мыйзамына ылайык, жетим балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланып жаткан ар бир балага ай сайын 7 миң сомдон бөлүнөт. Бул каражат толугу менен балага жумшалбайт. Бул сумманын кандайдыр бир бөлүгү көмүр алууга, интернаттын коммуналдык төлөмдөрүн төлөгөнгө, мугалим, психолог жана башка адистердин айлык акысы үчүн каралган. Интернаттардын эсеп кысабы ачык эмес, көп учурда коррупциялык элементтер орун алган. Бул жактан интернат жетекчиси гана пайда таппастан текшерүүчү органдардын да өз кызыкчылыгы бар”, - деди Балдардын укугун коргоо лигасынын өкүлү Назгүл Турдубекова.

Ал бир факт тууралуу айтып берди – “Ата-энесинен ажыраган баланы чоң апасы жалгыз тарбиялап келген. Күндөрдүн биринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жетим балдар үйүнүн директору келип баланы жалгыз кемпир бага албастыгын, анын пенсиясы эки адамды багууга жетпей тургандыгын айтып, күч менен аны балдар үйүнө жайгаштырып койгон”, - деди ал.

Тирүүлөй жетимдер

Н.Турдубекова интернатта тарбияланып жаткан балдардын 80 пайызына жакынынын ата-энеси бар экендигин айтты.

“Акыркы он жылда Кыргызстанда миграция күч алды. Россияга акча табуу максатында жаштар гана кетпестен, үй-бүлөлүү жубайлар да кетишет. Сыртка чыккан ата-энелер балдарын интернаттын, балдар үйлөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүп, ал жакка өткөрүп коюшат. Өз кезегинде интернат директору бул жагдайдан кызыкчылык издейт, ата-энеси акча таштайт, мамлекет колдоо көрсөтөт. Биз жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча, балдар үйлөрүндө балдардын санынын көп болушуна жетекчилик кызыктар. Балага бөлүнгөн каражат толугу менен балага жумшалбаса, бюджетте ачыктык жок болсо, демек кандайдыр бир сумма ал адамдын жеке чөнтөгүнө жумшалат”, - деди ал.

Изилдөөгө катышкан К.Айтбаева балдарын таштап кеткен ата-энелер 3-4 жылдап баласынан кабар албай, унутуп калгандар да бар экендигин айтты. “Алар иштеп келип үй, машина алып дүңкүрөгөн той беришет. Балдарын алып кетет. Бирок мындай жерде тарбияланып калган баланын психикасы бузулат”, - деди.

“Психикалык ден соолук жана коом” коомдук уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева психикалык жактан кем балдар тарбиялана турган жайга, соп-соо балдарын таштап кеткендер да бар экендигин, алар келечекте коомчулукта интеграциялана албай калаарын билдирди.

P.S: Үй-бүлө курууда, балалуу болоордо ар бир адам “баламдын жаркын келечегин кура алам., аны бакканга алым жетет” -деп анан аны жарык дүйнөгө келишин ойлосо.
Кыргыздар айткандай ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт деп, аларды ара жолго таштоонун кереги жок. Канча кыйынчылык болбосун тууган, урук журт деген бар, тирүү ата-энеси туруп, жетим балдар үйүндө тарбияланышы адамдык сапатка сыйбай турган нерсе. (даярдаган М.Момуналиева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу