Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
04/11 19:28
 

“Doing Business”: Кыргызстанда ишкерлер үчүн шарттар жакшырдыбы?

БИШКЕК, 4-ноябрь. (КАБАР). Бүткүл дүйнөлүк банк бир нече жыл катары менен дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүндө ишкердикти жүргүзүүдөгү жеңилдиктер боюнча изилдөө ишин улантып, Doing Business рейтингин түзүп келет. Бүткүл дүйнөлүк банктын баалоосунда, өткөн жылы дүйнө боюнча ишкердикти жакшыртуу жаатында жургүзүлгөн реформалардын дээрлик жарымы компанияларды түзүү, соода жүргүзүү жана салык төлөө процедураларын жеңилдетти.

“Бизнеске киришүү – 2011: ишкерлер үчүн шарттардын жакшыруусу” докладында өткөн жылы 287 реформа жүргүзүлгөндүгү катталган. Ишкердикти жүргүзүүдөгү жакшы шарттар мурдагыдай эле кирешеси жогору болгон өлкөлөрдө белгиленген. Бирок өнүгүп келаткан өлкөлөр жигердүүлүгүн көрсөтүп, өткөн жылы бул өлкөлөрдүн 66 пайызында реформалар жүзөгө ашырылган. Муну алдыңкы 30 реформатор-өлкөлөрдүн үчтөн бирин Африкадан тартып Сахаранын түштүгүнө чейинки өлкөлөрдүн ээлегендиги тастыктап турат. Дүйнөлүк рейтингде биринчиликти быйылкы жылы бешинчи жолу Сингапур ээледи. Мындан тышкары Гонконг, Жаңы Зеландия, Бириккен Королчулук, АКШ, Дания, Канада, Норвегия, Ирландия жана Австралияда ишкердикти жүргүзүү өтө жеңил деп табылды.

Быйылкы жылы Бүткүл дүйнөлүк банк Эл аралык финансы корпорациясы менен жүргүзгөн “Doing Business 2011” рейтингинде Кыргызстан алдыңкы он реформатор-өлкөлөрдүн катарына кире алган жок. Ал эми былтыркы жылы экинчи орунга чыккан эле. Бул жолу ишкердикти жүргүзүүдө алгылыктуу аракеттерди жасаган деп бааланып, Казакстан, Руанда, Кабо-Верде, Замбия, Перу, Вьетнам, Тажикистан, Венгрия, Гренада жана Бруней Даруссалам алдыңкы он реформатор-өлкөлөр болду. Бирок Кыргызстан ишкерлер үчүн нормативдик-укуктук жөнгө салуу тутумунда жакшы шарттарды түзүп берген он өлкөнүн бири болду.

“Бизнеске киришүү – 2011: ишкерлер үчүн шарттардын жакшыруусу” докладына ылайык, жалпысынан биздин өлкө бизнести жүргүзүүдө жеңилдиктер боюнча 3 позицияга жогорулап, 44-орунда турат. Мында Кыргызстанда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коюу максатында киргизилген жаңы эрежелер компанияларды жоюу (ликвидация) процессин татаалдаштыргандыгы белгиленген.

Белгилей кетсек, Doing business рейтингинде ар бир өлкө 9 критерий боюнча бааланат. Алар – ишкана ачуу, курулушка уруксат алуу, менчикти каттоо, насыя берүү, инвесторлордун кызыкчылыгы жана укуктарын коргоо, салык салуу, эл аралык соода, келишимдердин аткарылышын камсыздоо жана ишканаларды жоюу. Мында ишкана ачуу көрсөткүчү боюнча Кыргызстан мурдагы жылдагыдай эле 14-орунда калуу менен, ишкананы каттоодо процедуралардын саны 2, мөөнөтү 10 күн деп белгиленген. Курулушка уруксат алууда 3 позицияга жогорулап, 43-орунду ээлеген. Ал эми менчикти каттоодо 2 баскычка көтөрүлүп, 17-орун, салык салууда 6 тепкичке жогорулап, 150, ишканаларды жоюуда 1 позицияга көтөрүлүп, 138-орунду алган. Тескерисинче, насыя берүүдө Кыргызстан 1 позицияга төмөндөп, 15-орунга, эл аралык соода жүргузүүдө 1 баскыч ылдыйлап, 156-орунга илинген. Ал эми инвесторлорду коргоо көрсөткүчүндө өзгөрүүсүз 12-орунда, келишимдердин аткарылышын камсыздоо да эч жылыш жок 54-орунда калган.

Бул рейтингдин канчалык пайдасы бар деген суроо жаралат. Жалпысынан Doing Business программасы биринчиден, ата мекендик ишкерлер жана инвесторлор үчүн либералдуулукту жана ачыктыкты обьективдүү баалай турган курал катары кызмат кылат. Ошондой эле Кыргызстандын ишкер чөйрөсүн жана инвестициялык кызыктуулугун артырууну реформалоодо жол көрсөткүч боло алаары белгилүү. (даярдаган М. Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу