27.10.2010, 17:46

КР энергетика министри О. Артыкбаев: Энергетикадагы абал акыры оң жагына ооду

Энергетика тармагынын абалы бүт өлкө үчүн маанилүү. Энергетика түпкүлүгүндө Кыргызстанда саясатка да, коомдун бардык турмушуна олуттуу таасир этүүчү күчкө ээ. Бул тармактагы олку-солку жагдай кечээ-бүгүн эле пайда боло калган эмес, азыркы чиеленишкен кырдаал ондогон жылдар бою топтолуп келаткан проблемалардын кошундусу. Иш жүзүндө алар акырындык менен топтолуп отуруп, башка чөйрөлөрдөгү проблемалар менен чырмалышып калган.

Мына кечээ күнгө чейин эле энергетика сектору, элестүү айтсак, «өлбө, жаным, өлбө» деген абалда турганы маалым. Финансы агымдарынын жана операцияларынын ачык эместиги, төлөмдөр боюнча калың карыздар, тариф саясатынын тең салмаксыздыгы бул тармактын чалдыбарын чыгарып салган эле. Узак убакыт бою финансынын тартыштыгынан улам энергетиктер ремонт иштерин кескин кыскартуу эсебинен чыгымдарды азайтууга аргасыз болушкан. Ошол эле кезде энергетика түйүндөрүнө болсун, жаңы технологияларга болсун иш жүзүндө капиталдык салым салынган эмес. Мындан ары бул жагдайга көз жуумуп коюу мүмкүн эмес, анда эле проблемалар топтому энергетика секторунун кыйрашына алып келет.

Биздин пенсионерлердин, майыптардын, мамлекеттен жөлөкпул алгандардын оор турмушунун бир себеби – бул энергетикадагы коррупция. Экономикабыздын көзгө басаар тармагындагы бул көрүнүштү тез арада жоюу зарыл. Дагы кайталайм: бул маселе азыр кабыргасынан турат, эмне дегенде энергетика – бүт экономиканын кантамыры, бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн шарты.

Биздин энергосистемада көп жылдар бою эмнелер өкүм сүрүп келди? Коррупциянын эсебинен көмүскө экономика гүлдөп, ошол эле кезде мамлекеттик казынага арзыбаган акчалар түшүп турган. Албетте, энерготутумда коррупцияны саналуу ай арасында жоюу мүмкүн эмес, бирок азыр саясый эрк да, бул илдет менен натыйжалуу күрөшүүнүн каражаттары да пайда болду.

Электр энергиясы бул турмуш жагдайына карабастан, өлкөнүн бардык калкы уруна турган социалдык муктаждык болуп саналат. Ошондуктан, энергетика тармагынын иши шаардыкпы, айылдыкпы, кыскасы бардык жарандардын акыбалына тикелей таасир этет. Мындан тышкары товар өндүрүүчүлөрдүн иш шартына, акыры бүтүндөй экономиканын абалына да таасири тийет. Калктын бардык катмарына тарифтердин тийгизген таасирин эске алганда энергетиканын турмуштук мааниси өтө бийик. Менин көз карашымда, мурдагы бийликтин бир гана тарифтерди көтөрүү менен бардык маселелерди чечүү аракети абалдан чыгуунун анча жакшы жолу эмес.

Буга байланыштуу КР Энергетика министрлиги тармакты башкаруу жагына өзгөчө көңүл бурууда, эмне дегенде туура башкаруу жана жөнгө салуу аркылуу гана калкка да, эл чарбасына да ылайыктуу тариф менен энергия берүүгө шарт түзүлөт. Чыгымдарды ашыкча көрсөтүүгө жол бербөө үчүн, биз менеджментти жакшыртууга кириштик, ошондой эле электр кубатын калкка жеткирип жаткандардын жоопкерчилигин арттыруу аракетин көрүүдөбүз. Азыркы абалга акционердик коомдор жооп беришпейт, ошондуктан, алар өз ишинин натыйжасына анча кызыкпайт. Буга байланыштуу мен алардын ишинин натыйжасы менен турмуш деңгээлинин ортосунда тикелей байланыш болушун, ошондой эле энергетика компанияларынын ишинин сапатына кардарлардын таасир этүү механизмдерин киргизүү туура деп эсептейм.

Бүгүн өлкөдөгү бардык саясый институттардын жана коомчулуктун көңүлү мурда болуп көрбөгөндөй энергетика секторуна бурулду – баары тең бул накта стратегиялык тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана эң туура чечим кабыл алуу ишине катышууга умтулууда. Бул абдан жакшы жышаан. Чынында элдин мамлекеттик чечим кабыл алууга катышуусу, б.а., карапайым жарандардын мамлекеттик чиновниктердин иш-аракеттерине көзөмөл жүргүзүшүнө шарт түзүү кандай гана демократиянын болбосун түйүндүү маселеси эмеспи. Ал эми коомдук көзөмөл аркылуу кайсы гана тармакта болбосун ачык-айкындыкка жол ачып, кызыкдар жарандардын бийликтин ар бир кыймыл-аракетине көз салуусуна жана тымызын чечим кабыл алуусуна жол бербөөгө өбөлгө түзөт.

Коомдук катышуунун принциптерин ишке ашыруунун алгачкы кадамы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Отун-энергетикалык комплексте айкындуулук демилгеси жөнүндө» Жарлыгын атасак болот. Ага ылайык Энергетика министерлиги алдында Байкоочу кеңеш түзүлүп, коомдун бардык катмарынын – мамлекеттик структуралардын, коомчулуктун жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү кирди. БКнын мүчөлөрү тендердик комиссиялардын ишине катышып, материалдарды талдоо, ишти жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Финансы-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, КР Президенти, Энергетика министерлиги, бардык мамлекеттик структуралар калк үчүн тарифти көтөрбөө үчүн колдон келгендин баарын жасашты. Ошентип, энергосектордогу тартыштыкка карабастан, калк үчүн тарифтер мурдагы деңгээлине түшүрүлдү.
Ал ортодо апрель революциясынан кийин электр жана жылуулук кубатына тарифтерди төмөндөтүүдөн улам мурда белгиленген киреше алынбай калды. Мына ошонун эсебинен энергетика тармагы 1,5 миллиарддан ашык сомго тете каржы тартыштыгына дуушар болуп отурат! Бирок тартыш каражаттардын ордун башка амалдар менен толтурууга бел байлап жатабыз.

Энергетика министрлиги көрүп жаткан чаралардан улам энергетика секторундагы тартыштыкты 200 млн. сомго чейин азайта алдык. Атап айтканда, тармак ичинде чыгымдарды катаал көзөмөлдөө жана кайра бөлүштүрүү, Казакстандын отун сатып алууга берген 276 млн. сому, ошондой эле Дүйнөлүк банктын 150 млн. сому.

Мындан тышкары, калкты электр кубаты, жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу учүн «Электр станциялары» ААКда атайын депозиттик эсеп ачылып, ага электр энергиясын экспорттоодон түшкөн каражаттар которулууда жана жалаң гана отун сатып алууга жумшалууда. «ЭС» ААК Казакстанга электр энергиясын сатууда, жалпысынан быйылкы 26-октябрга карата экспорт 1373,7 млн. кВт/саатты түздү, бул былтыркы жылдан 510 млн. кВт/саатка көп.

Кышка даярдык боюнча төмөнкүлөрдү айта алам:

Токтогул суу сактагычында 26-октябрга карата 19,430 млрд. м. куб. суу топтолду, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 млрд. метр кубга көп. Бул деген кышкысын электр кубатын иштеп чыгуу толук өлчөмдө камсыз болот дегенди билдирет.

Жылуулук сезонуна даярдануу учурунда биз Бишкектеги жана Оштогу ТЭЦтерге өз маалында отун камдоо, калкты жана бюджетттик уюмдарды ташкөмүр менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурдук. Ташкөмүр менен камсыз кылуу жагдайын таблицадан көрсөңүздөр болот.

2010-жылдын 26-октябрына карата Республика боюнча ташкөмүрдү даярдоо
(миң тонна)