Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
14/12 18:57
 

“Кабар” МАБ. Шайлоолордо жаңы технологиялар: баа жана жыйынтык

Референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо салыштырмалуу тынч өттү. Байкоочулар жана эксперттер жаңы технологияларды колдонуу – шайлоочулардын биометрикалык маалыматын жана добуштарды эсептөөнүн автоматтык системасы добуштардын жыйынтыгынын объективдүүлүгү менен камсыздап, шайлоочулардын шайлоого ишенимин жогорулатат деген пикирге келишти. Кыргызстанда шайлоо системасы өткөн жылы өзгөргөн, анда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо биометрикалык маалымат колдонулган.

Маселенин баасы

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, Кыргызстан автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды (АЭУ) Европа биримдигинин кайтарымсыз жардамына 6 млн долларга алган. 2015-жылы 2900 АЭУ, 2016-жылы ошол эле Евробиримдиктин грантына дагы 206 АЭУ сатылып алынган, 710 АЭУну Кыргызстанга Корея эл аралык байланыш агенттиги белекке берген.
Жалпысынан БШКда 3816 АЭУ бар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, биометрикалык маалыматтарды эсептөө үчүн жабдык: компьютер, манжалардын тагын алган сканер, камера, паспорттук маалыматты эсептегич жана термопринтерлерди Кыргызстанга кайтарымсыз жардам түрүндө 6 млн долларга Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги берген.

Ошентип, шайлоо процессинде жаңы технологияларды жайылтууда бюджеттен каражат коротулган эмес.

Жыйынтык

Добуш берүүнүн жаңы системасын колдонуу шайлоо жана референдумга добуш берүүгө келгендердин так маалыматын алууга жол ачты. МККнын маалыматына ылайык, 11-декабрдагы референдумга 42% жаран катышкан. Бул мурдагы референдумдардын көрсөткүчүнөн дээрлик 2 эсе аз. МККнын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, мурдагы референдумдарда добуш берүүчүлөрдүн жогорку көрсөткүчү добуштарды кошуу менен түшүндүрүлүп, аны эч ким текшерчү эмес.

“Менде мурдагы референдумдардын кандай өткөнү боюнча маалыматтар бар. 1994-жылы добуш бергендер 86%ды, 1996-жылы – 96%ды, 1998-жылы 96,4%ды, 2003-жылы – 86,68%ды, 2007-жылы – 80%ды, 2010-жылы 72%ды, ал эми 2016-жылы – 42%ды түздү. Мурда бул добуштардын бары жасалган, саны боюнча кошуп жазылган. Анткени, канча эл добуш бергенин акимдер чечишкен жана аны эч ким тершерчү эмес. Азыр жасоого мүмкүндүк бербеген система түзүлгөн. Бир дагы добуш жоголбойт”,-деди Т.Сарпашев.

Шайлоо жана референдумга добуш берүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн эл аралык байкоочулар добуш берүү системасынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун белгилешүүдө. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин байкоочулар миссиясы өлкө боюнча бир катар шайлоо тилкелерине барышты. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин башкы директорунун орун басары Омер Кожамандын айтымында, шайлоо ачык-айкын жана профессионалдуу өттү. “Референдум ачык-айкын жана профессионалдуу өттү. Добуш берүүчүлөрдүн жогорку көрсөткүчүн белгилеп өткүм келет. Добуш берүүгө биринчи жолу катышкандарга сертификат бердиңиздер”,-деди О.Кожаман.

Өз кезегинде Азербайжан БШК катчылыгынын башчысы Эльшат Асгаров референдум жакшы уюштурулганын жана ачык өткөнүн белгиледи. “Шайлоодо заманбап технологиялар колдонулду. Мен ушул чөйрөдө иштеген тажрыйбамда мындай технологияларды биринчи жолу көрүп жатам”,-деп белгиледи Э.Асгаров.

Шайлоого болгон ишеним

Мурдагы бийлик органдарын шайлоо жана референдумдар чыр-чатак жана ызы-чуу менен коштолчу. Бир эле адам ар түрдүү тилкеде чектөөсүз добш бере алчу. Мындай фактыларды аныктоо шайлоочулардын шайлоонун эски системасына ишенимин жоготкон.
Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев белгилегендей, шайлоодо жаңы технологияларды колдонуу элдин шайлоо процессине болгон ишенимин кайтарып, кийинки шайлоо жана референдумдарда жогорку активдүүлүк менен камсыздайт. Анткени, биометрикалык маалыматты колдонуу менен бир адам бир ирет гана добуш бере алат.

“Биз барыбыз чыныгы убакыт режиминде добуш берүү процессин, ошондой эле, автоматтык түрдө эсептөөчү урналар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүнүн ар түрдүү аракеттерин жокко чыгарганын да көрө алдык. Эл аралык байкоочулар дагы бары уюшкандыкта, ыкчам жана ачык өткөнүнө таң калышты. Алардын көпчүлүгү техникалардын, операторлордун иштегенине суктанганын жана кубанганын жашырган жок. Байкоочулар Кыргызстандын мисалында өздөрүнүн өлкөсүндө автоматтык эсептөөчү урналарды колдоно турганын белгилешти”,-деди Э.Өмүралиев.

Системанын туруктуулугу

МККнын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйында система өзүнүн туруктуулугун көрсөтө алды, анткени анык маалыматтар менен камсыздады, алар жеңил текшерилүүдө деп белгиледи.

“Бүткүл өлкө масштабында жаңы система өзүнүн туруктуулугун көрсөтө алды. Фильтр жетишээрлик сапаттуу. Эми жасалмалоо мүмкүн эмес. Добуш берүүнүн бардык маалыматы реалдуу убакытта түшүп турат жана компьютерде жазылып калат. Аларды текшерүү жеңил. Бары ачык-айкын болуп калды”,-деди Т.Сарпашев.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 11-декабрда Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Референдумга жарандардын 42%,ы же 2,851 млн шайлоочу катышты. Добуш бергендердин 79,59%ы Башмыйзамды өзгөртүүгө “макул”, ал эми 15,4%ы “каршы” деп добуш беришти.

Мирлан Кийизбаев
“Кабар” МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу