Аналитика

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
13/12 16:17
 

«Кабар» МАБ. Өлкөнүн жана анын жарандарынын келечеги үчүн референдум

«Кабар» МАБ. Өлкөнүн жана анын жарандарынын келечеги үчүн референдум

Эгемендүү Кыргызстандын 1-Конституциясы 1993-жылдын 5-майында республиканын Жогорку Кеңешинин 12-сессиясында кабыл алынган. Ошондон тартып Кыргызстан Кыргыз Республикасы аталып, 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы күчүн жоготкон. Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандан тартып, ага бир нече мертебе, атап айтсак, 2003-жылы февралда, 2006-жылы ноябрда, декабрда, 2007-жылы октябрда жана 2010-жылы июнда өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилген.

2007-жылы КР Конституциясы эки мертебе өзгөртүлгөнүн белгилей кетели. 2007-жылы 14-сентябрда КР Конституциялык Соту Конституциянын ноябрдагы жана декабрдагы редакциясын жокко чыгарып, 2003-жылы 18-февралдагы редакциясын кайрадан күчүнө киргизген. 2007-жылдын 21-октябрында КР Президентинин Жарлыгына ылайык, бүткүл элдик референдум болуп, ошондогу мамлекет башчысы К.Бакиев сунуш кылган Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган, ага 2007-жылы 23-октябрда кол коюлган.

2010-жылкы окуядан кийин бийликке Убактылуу өкмөттүн келиши менен жаңы Конституцияны жазуу чечими кабыл алынган, ал Кыргызстанда парламенттик башкарууга жол салган. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча бүткүл элдик добуш берүү 2010-жылы июнда өтүп, 2016-жылдын 11-декабрына чейин Кыргызстанда ошол 2010-жылкы Конституция иштеп келген.

Бирок 2010-жылкы Конституциянын редакциясынын чийкилигинен, анын шашылыш кабыл алынгандыгынан улам, парламенттин 5чи, кийин 6-чакырылышынын бир катар депутаттары тарабынан ага өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынган. КР Президенти А.Атамбаевдин айтымында, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зырылдыгы – анда катылган “миналардын” жарылып кетпеши, кийинки президенттердин бийликти узурпациялап албашы, кайрадан үй-бүлөлүк-кландык башкарууну орнотпошу үчүн зарыл болгон.

Мамлекеттин башчысы айткандай, буга эл аралык уюмдардын, атап айтканда, БУУнун Адам укугун коргоо боюнча Комитетинин өмүр боюу эркинен ажыратылган укук коргоочу А.Аскаровду бошотуу талабын койгону ачык мисал болот. БУУнун комитетинин бул талабына 2016-жылы апрелде АКШнын Мамдепартаменти жана ЕККУ да кошулган.

Елисеев менен Батыровдун даттанууларынын БУУнун Адам укугун коргоо боюнча комитети тарабынан кабыл алынышы 2010-жылкы Конституциянын 41-беренесинин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизмейинче эл аралык мекемелер Кыргызстанга басым жасай берери, муну менен мамлекеттин эгемендигине, улуттук коопсуздугуна коркунуч туулаары дагы бир мертебе айкын болуп калды.

2016-жылдын 11-декабрында Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча Референдум өттү. Ага шайлоочулардын 41%дан ашыгы добуш берди. Бул бир топ эксперттердин пикиринде иш-чаранын ачык өткөндүгүнөн, эл эркин добуш бергендигинен кабар берет.

Ошентип, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүүнүн кандай зарылчылыгы туулду?

Бир адамдын бийлигин күчтөндүрүү үчүн КР Конституциясынын өзгөртүлүшү

1993-жылкы 1-Конституциянын долбоору легендарлуу парламенттин атайын комитети тарабынан даярдалып, 1991-1993-жылдары 2 жыл боюу талкууланган. Эксперттердин айтымында, ал Конституция кыска жазылып, негизинен республикалык башкаруунун аспекттери, башкаруунун аралаш формасы камтылган.
Бирок экс-президент А.Акаевдин тушунда КРнын 1-Конституциясы Президенттин ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү ж.б. үчүн 1994, 1996, 1998, 2001 жана 2003-жылдары “Конституциялык кеңешме” тарабынан 5 мертебе өзгөртүлгөн, ал кеңешмеге
Ө.Текебаев, Д.Нарымбаев, М.Укушов ж.б. кирген.

Саясат таануучу М.Казакпаев жергиликтүү сайттардын бирине берген маегинде ал өзгөртүүлөр президенттик бийликти күчтөндүрүүгө багытталып, мыйзамдын жакшы жактары тонолуп-буталып калганын айткан.

Легендарлуу парламенттин депутаты Р.Дырылдаев да жергиликтүү сайттардын бирине берген маегинде 1993-жылкы Башмыйзамдын өзгөчөлүгү – бардык бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталгандыгын белгилеген.

Эксперттердин пикиринде, референдум Акаевге эки палаталуу парламент түзүүгө, парламенттин саясый аброюн түшүрүүгө жана анын ыйгарым укугун кыскартууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Кийин 1996-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден соң президенттин ыйгарым укуктары күчтөндүрүлгөн. Президент өзү адамдарды бир нече саясый кызматтарга коюу жана парламенттин 2 палатасын таркатуу укугуна ээ болгон.
1998-жылы кезектеги өзгөртүүлөрдөн соң бюджет меселесинде Өкмөттүн ролу күчтөндүрүлүп, парламент толук бойдон көзөмөлгө алынып калган. Мында мыйзамды бузгандыгына карабай депутаттарга кол тийбестик укугу ыйгарылган. Бул президент белгилүү бир парламентарийлерди өз кызыкчылыгына колдонуу үчүн жасалган.
2003-жылы Кыргызстан Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү менен эки палаталуу парламенттен баш тарткан.

2005-жылы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө нааразычылык күчөгөн, анткени Акаевдин президенттиги мезгилинде 1994, 1996, 1998, 2001 жана 2003-жылдары президенттин ыйгарым укугу күчтөндүрүлүп, өлкөдө бир адам жана анын үй-бүлөсү башкарып, өлкө жарандарынын кызыкчылыктары четке кагылган.

К.Бакиевдин бийликке келиши менен өлкөдө бир адам жана анын үй-бүлөсүнүн алтургай бийликти мурастап калуу огобетер күчөгөн. 2006-жылы ноябрда жана декабрда депутаттардын оппозициялык тобу тарабынан Конституциянын эки варианты даярдалып кабыл алынган. Бирок 2007-жылдын 14-сентябрында КР Конституциялык соту Конституциянын ноябрдагы жана декабрдагы редакциясын жокко чыгарып, 2003-жылдын 18-февралындагы редакциясын кайтарган.

2007-жылдын 21-октябрында КР Президентинин Жарлыгына ылайык бүткүл элдик референдум өтүп, анда К.Бакиев сунуш кылган Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган, ал ага 2007-жылы 23-октябрда кол койгон. Жаңы Конституциянын долбоорун Д.Нарымбаев даярдаган. Андагы бир адамдын жана бир үй-бүлөнүнүн бийликтин бардык бутактарынын үстүнөн толук көзөмөл кылуу аракети коомчулукту өлкөнүн саясый процесстерине катышуусунан жана оюн эркин билдирүүдөн алыстаткан.

2010-жыл Кыргызстандын тарыхына өзгөрүш алып келди, бул жылы башкаруу формасы өзгөрүп, президенттиктен парламенттик башкаруу формасына өттүк. Бирок шашылыш кабыл алынган Конституция Кыргызстандын коопсуздугуна, мамлекеттин бүтүндүгүнө гарантия боло алган эмес.

Конституциянын акыркы редакциясы

2015-жылдын майында 5-чакырылыштын парламенттик көпчүлүк каолициясынын фракциясынын лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев жана Феликс Кулов КР Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү демилгелешкен. Ошол мезгилдеги каолициянын лидери Ф.Куловдун айтымында, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү элдин пикирин эске алуу менен болгон. Ал ошондой эле депутаттар менен жолугушууда шайлоочулар республикада бийликтин вертикалы болбогондуктан, сот системасына ишеним жоктугун жана бул тармакта реформа ишке ашпай жатканын айтышкан.

Бирок, 2015-жылы Президент А.Атамбаев Конституцияга түзөтүүлөргө талкуу мөөнөтүнүн жетишсиздигин айтып, мыйзам долбоорун чакыртып алууну авторлордон өтүнгөн.

Мамлекет башчысынын пикиринде, мыйзам долбоорун алдын-ала талкуулоо андагы көпчүлүк сунуштардын эксперттик топ жана КР шайлоочулары тарабынан олуттуу колдоого алынганын көрсөттү. А.Атамбаев белгилегендей, айрыкча ал мамлекеттик бийлик бутактарынын өз ара байланышынын туруктуу системасын түзүүдө жасалма тоскоолдуктарды четтетүүдө, элдин бийликке ишенимин жогорулатуу, мыйзамдуулукту чыңдоо, карапайым жарандардын укугун сактоо жаатында көрүнгөн.

Ошого карабай мыйзам долбоорунун айрым сунуштары коомчулукта курч талаш-тартышты жараткан. Анын үстүнө мыйзам долбоорун талкуулоого бөлүнгөн убакыт жетишсиз болгон.

“Ошондуктан маселелердин маанилүүлүгүн эске алып, сиздерге мыйзам долбоорун чакырып алууну өтүнөм”-деп президент депутаттарга кайрылган.

Өзгөртүүлөр ЖКдепутаттарынын иммунитети тууралуу конституциялык укуктарына, мандаттардан ажыратуу, Министрлер кабинетинин отставкасы, жергиликтүү мамадминистрация башчыларын бошотууда жана дайындоодо премьер-министрдин ыйгарым укугу, ошондой эле Жогорку соттун жана анын Конституциялык палатасынын ролуна тиешелүү болгонун белгилеп кетүү керек.

2016-жылдын 27-июлунда КСДП, «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» фракцияларынын депутаттары КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешкен. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, өзгөртүүлөр өкмөткө жана сот системасына тиешелүү болгон.

29-июлда ЖК сайтына КР Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору жарыяланган. Өзгөртүүлөр өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүгө, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын бийликтин башка бутактары менен тең салмакта кармоого, адам укугун жана республиканын жарандарынын жопкерчилигин тактоого, ошондой эле үй-бүлө абалына, эл депутаттарына, сот системасына жана башкы прокуратурага тиешелүү болгон.

11-декабрда Кыргызстан эли Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга добуш беришти. КСДП фракциясынын лидери И.Өмүркуловдун айтымында, өлкө демократияны жана сөз эркиндигин өнүктүрүүдө дагы бир этапка өттү, шайлоолор Кыргызстан туура жолдо баратканын көрсөттү. “Шайлоо ачык-айкын, таза өттү, бийлик да, коомчулук да бул шайлоого ыраазы болгонун жашырышкан жок, анткени адатта буга чейин шайлоолор ызы-чуу, митингдер менне коштолуп келген”, деп айтты парламентарий.

Анын пикиринде, Шайлоочулардын 80%ы референдумду колдошту, бул өлкө өнүгүүнүн туура жолунда баратканын көрсөтөт. Өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык бир катар конституциялык мыйзамдар кабыл алынат, ал күч структураларын жана сот бийлигин реформалоого, өлкөнүн өнүгүшүн камсыздоого, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтерин чыңдоого негиз түзөт.

“Шайлоолордун жүрүшүндө “макул” деген да, “каршы” деген да тараптарга үгүт жүргүзүүгө бирдей шарт түзүлдү. Бул чыныгы демократия жана туруктуулукту сактоонун чыныгы көрсөткүчү, анткени туруктуу өлкөдө келечектүү реформаларды ишке ашырууга болот”-деп белгиледи И.Өмүркулов.

Экономист Сергей Понамаревдун пикиринде, эски бийликтин учурунда шайлоочулардын катышуусу 88-90% түзчү, чындыгында шайлоого жарандар мындан аз келет.

“Учурдагы шайлоого жарандар өз эрки менен жарандык милдетин аткарып келишти”-деди ал.
Ал эми саясат таануучу Эдил Осмонбетов 11-декабрдан кийин өлкө калкы башкача саясый өлкөдө, башкача саясый ландшафт менен жашарын белгиледи.
“Биз муну жакынкы айларда көрөбүз”-деди ал.

Чындыгында добуштардын адаттан тыш пайызы чыныгы көрсөткүчтү чагылдырып турат. Бул бийликтин кийлигишүүсү болбогонун, элдин өз пикирин эркин билдиргенин көрсөтөт. Дегеле бул Референдум эл Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизмейинче эгемендүүлүккө жана мамлекеттүүлүккө коркунуч жаралып жатканын , ошондой эле өзгөртүүлөр бийлик бутактарындагы балансты сактоону камсыздаарын, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл экендигин эл түшүнгөндүгү менен айырмалуу болду.

Эрмек Абдрисаев,
«Кабар» 
МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу