Аналитика

Январь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
07/12 17:33
 

“Кабар” МАБ. Кыргызстан референдумга даярданууда

“Кабар” МАБ. Кыргызстан референдумга даярданууда

2016-жылы 11-декабрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча референдум өтөт.
Референдум өткөрүү чыгымын азайтуу максатында (ал айрым эсептөөлөр боюнча болжол менен 317 млн сомду чапчыйт) аталган иш-чараны жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен чогуу өткөрүү чечими кабыл алынган, ошентип 214 млн сом үнөмдөлөт.

КР Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, референдум өткөрүүгө 135 млн сом бөлүнгөн: анын ичинен 67 млн сому – БШКга, 61 млн сому – ММК, 7 млн сому – ТИМге.

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге, анын ичинен үстүбүздөгү жылы жазында өткөн шайлоого Финансы министрлиги БШКга 263 млн сом бөлгөн. Мындан тышкары, шайлоо жана референдум үчүн бюллетендерди аралаштырууга мүмкүн болбогондуктан 284 млн сомго кошумча жабдыктар алынды. Жалпысынан референдумга 2 млн 817 миң адам, ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоого 2 млн 319 миң адам катышат.

2 миң 365 участка ачылат, 7 миң 365 мандат бөлүндү, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары 35 участкада добуш бере алышат.
Кыргызстандын жарандарына өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын бийликтин башка бутактары менен теңдөө, адам укуктарын жана республиканын жарандарынын жоопкерчилигин тактоо, андан тышкары үй-бүлөнүн абалы боюнча маселелер, эл өкүлдөрү, сот тутуму жана башкы прокуратурага байланыштуу толуктоолорду киргизүүгө “макул” же “каршы” деп добуш берүү сунушталат.

Бул пункттар боюнча бардык толуктоолор бийликтин теңдүүлүгүн гана орнотпостон, өлкөнүн кийинки президенттери тарабынан бийликти узурпациялоо, үй-бүлөлүк кландык башкарууга тоскоолдук кылат.


41чи жана 36-беренелер сыяктуу талаштуу беренелерге тактоолорду киргизүү эң маанилүү болуп саналат. Эгер буга чейин 41-берене өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун мисалында өзүнүн жашыруун маанисин көрсөтсө, ал эми экинчи – 36 берене эркек менен аялдын нике куруусунда Башмыйзамдын моралдык жагын тартипке келтирет.

 

Мамлекеттик органдардын даярдыгы

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, аймактык участкалык комиссиялар жеринде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара тыгыз иштеп жатат. Ошондой эле, участкаларды материалдык-техникалык камсыздоого жардам көрсөтүлдү жана азыркы учурда бардык жерде шайлоо участкалары ачылып, иштеп жатат.
Шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүүгө 18 жашка толгон, анын ичинде чет өлкөдөгү жарандар дагы добуш бере алышат. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2016-жылы 26-ноябрда бүткөн.

Ошондой эле, БШКга КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна “макул” 9, “каршы” 4 топ катталган. “Макул” жана “каршы” топторунун үгүтү үчүн бирдей шарт менен камсыздоо үчүн БШК акысыз эфирдик убакыт жана мамлекеттик ЖМКларда аянт берүү боюнча жеребий жүргүзгөн. Радио жана теле берүүгө чыгуу 2016-жылы 21-ноябрда башталган.

Өз кезегинде мамлекеттик каттоо кызматы добуш берүү идентификациялык номердин негизинде жүргүзүлөрүн жана референдум өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

ТИМдин басма сөз кызматы 24-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде референдум өткөрүү боюнча отурум болгонун билдирди. Отурумда Консулдук кызматы департаментинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин участкалык шайлоо комиссиясын түзүү, андан тышкары референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактооо боюнча маалыматтар угулду. Белгилей кетүүчү жагдай, биздин жарандарыбыздын добуш берүүчүлөрдүн арасынан өзүн издөөсү үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде интернетке кошулган кошумча компьютерлер орнотулду.

Мындан тышкары, КР ТИМи тарабынан референдум өткөрүүнү сапаттуу уюштуруу үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүүгө чет өлкөлөрдөгү участкалык шайлоо комиссиясынын 37 өкүлүн командировкага Бишкекке жөнөтүү маселеси каралды. Ошондой эле, штабдын жыйынында БШКга эл аралык байкоочулардын, андан тышкары референдумга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди каттоо максатында алардын тизмесин жөнөтүү маселеси дагы каралды.

Статистика

“Демократияны колдоо жана жарандык коом коалициясы” коомдук уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын сурамжылоого катышкан калкынын 60%ы 2016-жылы 11-декабрда өтө турган өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга катышууну пландашууда.

Сурамжылоо аталган уюм тарабынан 17-октябрдан 22-октябрга чейин өлкөнүн 9 аймагында: Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында туруктуу жашаган 18 жаштан жогорку курактагы шаар жана айыл жашоочуларынын арасында жүргүзүлгөн.

Алардын 60%ы референдумга катышасыңбы деген суроого катышабыз деп жооп берген, 22%ы катышпай тургандыгын айтса, 18%ы азырынча ойлонуп жаткандыгын билдирген.
Жаш курагы боюнча референдум өткөрүүгө катышууну каалагандардын көпчүлүк пайызы, башкача айтканда 80%ы улуу муундагы адамдар, ошол эле учурда 35 жаштан 54 жашка чейинкилери 63%ды, ал эми референдумга катышууну көздөгөн жаштар 44%ды түзөт.

Аймактар боюнча алып караганда Бишкек шаарына, Чүй облусуна караганда Талас, Ош, Баткен облустары көбүрөөк активдүүлүктү көрсөтүүдө. Референдумга катышууну көздөгөн айыл жерлеринде жашагандардын саны 62%ы, ал эми шаар жерлеринде 56%ды түзөт.

Аймактарды салыштырып караганда Нарын, Ысык-Көл облустарынын (68% - 65% тийиштигинде) жашоочулары, түштүк аймактарга караганда КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси тууралуу жакшы билээрин көрсөтүштү.

Бул демилге тууралуу шаар калкынын билген бөлүгү 56%ын, айыл калкынын 53%ын түздү. Башкача айтканда, шаар калкы менен айыл элинин маалыматтуулугу бирдей эле деңгээлди көрсөттү. ЖКнын бул демилгеси тууралуу сурамжылоого катышкандардын 63%ы, эч кимге ишенгиси келбегендерге карганда 52%ы саясий ишмерлерге ишене тургандыгын билдиришкен.

Референдумга добуш бересиңби деген суроого респонденттердин 60%ы КР Конституциясын өзгөртүүгө “ооба” деп жооп бере тургандыктарын билдиршкен. Пайыздык жагынан алганда 18 ден 24 жашка чейинкилердин добуш берүү көрсөткүчү дээрлик бирдей эле: 41%ы “макул”, 40%ы “каршы”.


Билим деңгээлине карабастан (“базалык орто же төмөнкү” жана “ортодон жогорку”) респонденттердин жалпы пайызы референдумда кандай добуш бере тургандыктарын азырынча билбестигин айтышкан. Республиканын аймактары боюнча алганда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы добуш берүүчү респонденттердин диапазону Баткен облусунда 0%, ал эми Нарын облусунда 21%ды түзгөн. Шаар калкынын 56%ы өзгөртүүлөргө анчалык деле көңүлдөнбөсө, айыл калкынын 63%ы өзгөртүүлөргө макул экендигин билдирген.


Конститцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү жакшы билесинби деген суроого сурамжылоого катышкандардын 20%ы өзгөртүүлөр тууралуу жакшы биле тургандыгын, 33%ы эч нерсе билбей тургандыгын, 47%ы мындайды уккандыгы тууралуу айтышкан. Жаш курактарын карап көргөндө 55 жаштан жогоркулар – 26%, 18 – 24 жаштагылар караганда – 16% жакшы биле тургандыгын көрсөтүшкөн. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтуулук боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунда: Бишкек шаарынын 41%ы, Чүй облусунун 45%ы өзгөртүүлөр тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын көрсөттү.

“Референдумга жол жок” кыймылынын көз карашы тууралуу билесизби деген суроого сурамжылоого катышкандардын 75%ы “жок”, 25% “ооба” деп жооп беришкен.

Байкоолор

Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, Кыргызстандын түштүгүндөгү жашоочулардын басымдуу бөлүгү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду колдойт. “Мен Ош, Кызыл-Кыя, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Кочкор-Ата, Токтогул, Кадамжайда, андан кийин Кара-Көл, Талас, Кара-Балтада болуп кайттым. Андан соң Ысык-Көл жана Нарынга бардым. Негизинен эл активдери жана жергиликтүү эксперттер менен жолуктум. Конституцияга референдум жолу менен толуктоо киргизүү маселесин талкууладык. Мен элдин 70%ы бүткүл элдик добуш берүүнү колдошо турганын, 5%ы каршы экенин айта алам, башкача айтканда алар 2020-жылга чейин күтүү керек деп эсептешет. Дагы 25%ы ойлонуп жатканын айтышты”,-деди ал.

Ошентип, жогоруда келтирилген маалыматтар өлкөнүн мамлекеттик органдары референдум өткөрүүгө даяр экенин, ал эми калк келечекте өлкөнү өнүгүүгө жана Башмыйзамдагы “бомбалардан” арылууга жол ачкан аталган демилгени колдой турганын күбөлөндүрөт.

Эрмек Абдрисаев,
“Кабар” МАБ

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу