Аналитика

Январь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/11 18:26
 

Быйылкы бюджет бычылды

 Быйылкы бюджет бычылды

Адатта кабыл алынган бюджеттин аткарылышы негизинен 9 айдын жыйынтыгына көбүрөөк көз каранды. Ушул мезгилдеги мамлекеттин бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн оош-кыйышы өкмөттү чукул чараларды көрүүгө түртүшү мүмкүн. Бул жолу да ошондой болду. 

Премьер-министр С.Жээнбеков республикалык бюджеттин 2016-жылдын 9 айындагы аткарылышы боюнча парламентте берген маалыматында: жалпы киреше 80,2 млрд сомду же аткарылышы 100,4 пайызды, ал эми чыгаша бөлүгү 94 млрд сомду же 92,3 пайызды түзгөнүн айтты. (“Кабар”, 24.10.12.53.016).

Муну өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырып көрсөк жалпы чыгаша 12 млрд сомго же 14,9 пайызга өскөн.
Ошону менен өкмөт бюджетти оптимизациялоого барууга аргасыз болду. “Республиканын өкмөтү тарабынан бардык мамлекеттик органдардын (анын ичинде транспортго, командировкаларга, байланышка, капиталдык салымдарга жумшалуучу чыгымдар) чыгымдарын терең иликтенип чыкты. Бардык мамлекеттик органдардын чыгымдары, жүргүзүлгөн омтимизацияга ылайык 14,9 пайызга кыскарат. Ошол эле учурда республикалык бюджеттин корголгон беренелери (пенсия, социалдык төлөмдөр) мурдагыдай калат”,- деп билдирген Премьер-министр С.Жээнбеков.

Өкмөт башчысынын айтымында мындай оптимизациялоого баруу республикалык бюджет тартыштыгын 22,4 млрд сомдон 22 млрд сомго чейин төмөндөтүп, инфляцияны 4,9 пайыз деңгээлинде кармоого мүмкүндүк берет экен.
Эске салсак Кыргызстандын 2016-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 124,4 млрд сом менен бекиген. Бул ИДПнын 24,8 пайызын түзмөк. Ал эми чыгаша бөлүгү 146,8 млрд сомду (ИДПнын 29,3 пайызы) түзсө, бюджет тартышыгы 22,4 млрд сом (ИДПнын 4,5 пайызы) болот деп болжолдонгон.

Эми өкмөт жогоруда айтылгандай дал ушул 22,4 млрд бюджет тартыштыгын кур дегенде 22 млрд сомго түшүрүүгө аракет кылып жаткандай.
“Бюджеттин кирешелеринин толбой калышын жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 19 млрд сом болгон кошумча булактарды табууга багытталган чечимдер кабыл алынды”, – деген болчу парламентте Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Бул багыттар кайсылар десек өкмөт төмөнкү ресурс булактарын тапкандай.
Алар:
- салыктык эмес кирешелер 5 млрд 542 млн сом.
- Президенттин кийлигишүүсү менен Россиядан, АБРден, Европа Союзунан жана башка донорлордон келген гранттар 4 млрд 200 млн сом. (gov.kg/ 24. октябрь, 2016).

“Белгилей кетүүчү нерсе, 4,5 млрд салыктык кирешелер жана 3 млрд 700 млн сомдук башка гранттар түшпөй калган. Ошол эле убакта, жогоркуларга кошумча, дагы үч мүмкүнчүлүктү таптык. Биринчиден, 5 млрд. 528 млн сомго кошумча каржылоо ресурстары табылды. Өткөн жылдан казынанын эсебинде калган каражаттар 5 млрд 669 млн сомду түздү, бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана чыгашаларды кыскартуу 5 млр 106 млн сом. Ошентип, кошумча табылган бардык ресурстардын жана бюджеттик чыгышалардын оптималдаштыруунун суммасы 19 млрддан ашык сомду түздү. Бул үстүбүздөгү жылдын башынан бери карай Өкмөткө жогорку артыкчылыктагы чыгашалар боюнча республикалык бюджеттин 19 млрд. сомдон ашык кошумча чыгымдарын ишке ашырууга мүмкүндүк берди”, – дейт премьер-министр. (gov.kg/ 24. октябрь, 2016)

Быйыл 2016-жыл өзгөчө жыл болду. Кыргызстандын Эгемендигинин 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бюджеттен бир топ чыгымдарды талап кылган иш чараларды өткөрүүгө туура келди. Тактап айтканда: “Балыкчы-Корумду”, Бишкек-“Манас” эл аралык аэропорту” автожолун реконструкциялоону өз убагында каржылоо, ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын, Тарых жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, Ата-Бейитте “Үркүн” курмандыктарына арналган мемориал эстеликти ачуу, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Эгемендүүлүктун 25 жылдыгы, КМШ өлкө башчыларынын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү өңдүү иш чаралар жасалды.

Ошол эле учурда бюджетти бутка тарткан көрүнүштөр да болгонун айта кетели. Фактыга кайрылсак быйылкы жылдын 8 айы боюнча парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетине берген маалыматында КР Финансы министри А.Касымалиев бюджетке салыктан түшүрүү 1 млрд 57 млн сомго кыскарып кеткенин айткан. (РИА Новости, 26-сентябрь)

“Салыктан түшүүлөрдүн азайып кетиши 2014-жылга салыштырмалуу импорттун 35 пайызга азайып кетишинен болду. Салыктын жетишпегендигин Мамлекеттик маалымат технологиясы жана байланыш комитети өткөргөн конкурста аба жыштыгын ижарага берүү жолу менен 800 млн сом таап жабууну пландап жатабыз”,- деп билдирген ал. Андагы талкуунун жүрүшүндө депутат А.Шадиев “8 айда жасай албаганды, 4 айда жасап жибермек белеңер”,- деген эле. (kenesh.kg/ 26-09-2016 11:04)

Министр А.Касымалиев ошол парламенттик талкууда 8 айдын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын бюджетке түшүргөнү 18 млрд 300 млн сомду түзгөнүн белгилеген. Кызыгы Мамлекеттик бажы кызматы ушул жарым жылдыкта белгиленген 12,5 млрд сомдун ордуна бюджетке 13 млрд сом түшүрүп планды 104 пайызга аткарганы менен кийинки айларда көрсөткүчтөрү төмөндөп кетиптир. Ушул себеп болдубу же башка кемчиликтери барбы, айтор премьер-министр С.Жээнбеков КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановго сөгүш жарыялаган.

Андан да кызыгы КР Мамлекеттик бажы кызматы “Кабар” агенттигине (23.11.11:59) берген маалыматында бул кызматтын январь-октябрь (демек 8 ай) айларында республикалык бюджетке кошо турган үлүшү 23,8 млрд сом болорун билдирди. Ал эми министр А.Касымалиев парламентте Бажы кызматынын 8 айда болгон-бүткөн “кошкону” 18,3 млрд сомду түздү деп жатат. (kenesh.kg/ 26-09-2016 11:04) Бул бакыйган мамлекеттик мекемелердин кимисинин маалыматына ишенебиз?! Жыл болсо аяктап баратат.

Ошондой эле, Бажы кызматынын маалыматына таянсак (январь-октябрь) ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшүүчү салык үстөгү -10,6 млрд сомду түзгөн. Бул болжолдонгондун 87 пайызын түзүп, ,1,5 млрд сомго аздык кылат. Мунун себебин Бажы кызматы жогорудагыдай эле импорттун көлөмүнүн түшүп кетиши менен (Россиядан- 17 пайызга, Казакстандан -15 пайызга кыскарган) түшүндүрүүдө.
Көрүнүп тургандай мындай көрүнүш Кыргызстандын бюджет саясатына, анын толук аткарылышына таасир этпей койбойт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кабар” МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу