Аналитика

Январь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
01/11 20:38
 

"Кабар" МАБ. Кыргызстандын учурдагы жетекчилигинин ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү

"Кабар" МАБ. Кыргызстандын учурдагы жетекчилигинин ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү

Кыргызстан 5 жыл аралыгында дүйнөгө жаңы кайра куруулар жүрүп жаткан өлкө катары таанылды. Өлкө калкына, дүйнө коомчулугуна Кыргызстанда мындан ары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол жок экендигин көрсөтө алдык. Коррупция ооздукталды. Президент А.Атамбаев тарабынан өлкөнү кайра түзүп, өнүгүүнүн жаңы жолуна алып чыгышы, коомдо туруктуулукту камсыз кылышы жана бийликке элдин ишенимин арттырышы үчүн чоң күч-аракеттер талап кылынды.

Өлкөнүн учурдагы жетекчилиги алгачкы күндөн тартып эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялады, анткени коррупциямамлекеттин алсызданып кетишинин башкы себептеринин бири болчу.

КР Президенти кызматка отуруп жатып коррупцияны түп-тамыранан жок кылуу милдетин койгон. Мунун өзү дүйнөлүк коомчулукту Кыргызствнга жаңыча кароого түрттү. Бийлик башында турган чиновниктердин камалышы өлкө башчысынын саясый эркинин күчтүүлүгүн көрсөттү.
Коррупцияга каршы күрөшүүдөгү негизги оң көрсөткүчтөрдүн бири – инвесторлор өлкөдө иштөөгө болорун, салган инвестициялары сактала тургандыгын билип калышты.

Бийлик башындагы чинокниктердин коррупция үчүн кармалышы элдин өлкө жетекчилигине ишенимин арттырды.
Анын үстүнө бийлик эшалонунун жогорку өкүлдөрүнүн – парламент депутаттарынын, министрлердин, ал тургай Президенттин аппаратынын жетекчисинин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мыйзам алдында бардыгы бирдей экендигин көрсөттү.

Мамлекеттин тышкы саясый ишмердиги да көрүнүктүү боло баштады. Кыргызстандын Президентинин чет өлкөлөргө сапарынын жыйынтыгында алар менен тең укуктуу карым-катнаш түзүлүп, өлкөбүз жаңы саясый оюнчу катары кабыл алына баштады.
Өлкө жетекчилиги тарабынан инвестициялык кызыкчылыктарды арттыруу үчүн бир топ кадамдар жасалды – жагымдуу укуктук режим түзүлдү, салык ставкалары кыскарды, капиталды сактоо гарантиясы жаралды, мунун бары сезилерлик натыйжаларды берди. КР Экономика министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 6 жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы бир топ көбөйүп, 4,3 млрд АКШ долларын түздү. Ал эми “Түндүк-түштүк” алтернативдүү жолу, Бишкек ЖЭБинин реконструкциясы, “Датка-Кемин” электр берүү линиясы, “Кыргызстан-Кытай газтүтүгү, аскер структурасынын реформасы өңдүү долбоорлорду ашке ашырууга 4 млрд АКШ доллары өлчөмүндө инвестициялар тартылды.


КРдын учурдагы жетекчилигинин дагы бир жемиштүү иши – өлкө тарыхындагы жаңы доорду ачкан Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушу болду. Биримдикке кошулган бир жылдан ашык убакта Кыргызстан бир топ маселелерде мамлекет кызыкчылыгын коргой алды, ал өз натыйжасын жакынкы жылдары бере баштайт.

Ички саясатта 2013-жылы январда кабыл алынган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, ал жакынкы 5 жыл аралыгындагы өлкөнүн саясый, экономикалык жана социалдык негизги багыттарын аныктайт.
КРды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына кирген 77 улуттук долбоорлордун ичинен учурда 19у ишке ашты.
Алардын ичинде “Датка” 500 кВ көмөкчордону, “Кемин” 500 кВ көмөкчордону жана “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясы бар. 2015-жылы 28-августта өлкөнүн Эгемендик күнүнүн алдында “Датка-Кемин” электр берүү линиясын ишке чегерүү учурунда өлкө башчысы Кыргызстан акыры энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкенин билдирди. Өлкөбүз муну көп жылдардан бери күтүп келген.
Ал эми Камбар-Ата ГЭС-2, Токтогул ГЭСинин реконструкциясы, Бишкек ЖЭБинин реконструкциясы өңдүү өлкөнүн энцергетикалык коопсуздугун камсыздаган маанилүү энергетикалык объекттерден турган 43 долбоор ишке ашуу процессинде турат.

Мындан тышкары, инфраструктуралык маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Ош-Сары-Таш-Иркештам автожолунун курулушу аяктады, эми ал Карамыкка чейин жетмекчи. “Түндүк-түштүк” алтернативдүү стратегиялык автожолу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Тараз-Талас – Суусамыр, Бишкек-Кара-Балта, Маданият-Жалал-Абад автожолдорунун курулушу, реконструкциясы уланууда.

2014-жылы “Кыргызгаз” компаниясы бардык карыздары менен кошо россиялык “Газпромго” сатылып, “”Кыргызстандын газпрому” деп кайра аталып, келишим түзүлгөн соң Кыргызстан үчүн газ 224 АКШ долларынан 165 АКШ долларына чейин төмөндөгөн. Муну менен Кыргызстан Өзбекстанга газга болгон көз карандылыктан кутулган.
Ошол эле учурда “Газпром” ААКсы менен биргеликте өлкөнү газдаштыруу долбоору ишке ашырылууда. Кыргызстанды 2030-жылга чейин газдаштыруунун жана газ менен жабдуунун башкы сцхемасы кабыл алынган, мында республиканы болжол менен 60% газдаштыруу каралган.
400гө жакын калктуу пункту,845 миң батирди жана үйлөрдү газдаштыруу белгиленген.

Бул жылдары Дүйнөлүк банктын, Азия өнүгүү банкынын, Эл аралык экономикалык форумдун классификациясы боюнча өлкөбүздүн эл аралык рейтинги өсүп жатканы да кубанарлык.
Инфесторлор үчүн туруктуу мыйзам режиминин киргизилишинен улам инвестициялык климат да жакшырды. Бул үчүн бардык мыйзам базасына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык инвесторлор үчүн негизги оюн эрежеси 10 жыл аралыгында өзгөрбөйт.

Ысык-Көлдүн жээгинде 2 мертебе өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да эл аралык коомчулуктун жана инвесторлордун көңүлүн бурду. Эми Көчмөндөрдүн оюндары менен Кыргызстан жана анын эли бирге каралып, оюндар Дүйнөлүк этнооюндар катары кабылданат.

Мааанилүү окуя катары шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын жаңы технологияда колдонуу аркылуу электрондук добуш берүү системасы менен парламенттик шайлоолорду өткөрүүнү да көңүлгө алуу маанилүү.
Кыргызстандын тарыхында 1-жолу шайлоо таза жана акыйкат өттү. Муну бардык эл аралык байкоочулар да белгилешти, эл да таза шайлоо өткөрүү мүмкүн экендигине ишенди.

Эң башкысы – деструктивдик күчтөрдүн кырдаалды курчутууга жасашкан аракеттерине карабастан, саясый туруктуулук сакталууда. Ушундай шартта гана өлкөнүн өнүгүүсүнө жетишүүгө болот, бул да болсо учурдагы бийликтин аракетинен улам ишке ашууда. Туруктуулук болмоюнча жетишкендиктер тууралуу кеп кылууга да болбойт.

Эрмек Абдрисаев
«Кабар»МАБ

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу