Аналитика

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
20/10 10:39
 

"Кабар" МАБ: Кыргызстандын мамлекеттик карызы жана чет өлкөлөрдөгү кырдаал

 "Кабар" МАБ: Кыргызстандын мамлекеттик карызы жана чет өлкөлөрдөгү кырдаал

Өлкөнүн алдында орчундуу милдеттер турат. Бир жагынан мындан ары өлкөгө кандайдыр бир коркунуч туулбашы үчүн, экинчиден өлкөдө коррупция, трайбализм жана бир адамдын бийлиги күчөп кетпеши үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. Негизи эле Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин позицияларын бекемдейт, ошондой эле тең салмактуулукту түзөт, бул албетте мамлекеттик башкаруунун сапатына жана өлкөнүнү өнүгүшүнө таасир этет. Анын үстүнө Кыргызстан эгемендик алгандан бери жыйналып калган экономикалык кыйынчылыктарды жеңиши керек.

Тилекке каршы өлкө ичинде акыркы жылдары жетишилген ийгиликтерди чийип таштагысы келген күчтөр бар. Мисалы, 2016-жылдын 13-октябрында ЖК жыйынында депутаттардын бири мамлекеттик карыз 6 млрд АКШ долларына жетип калганын айтты. КРнын Финансы министрлиги тарабынан айтылган карыз 4 млрд АКШ доллары экендиги, 2 млрд доллар кошумча кредит алууга документтерге кол коюлганы депутат тарабынан эске алынган жок. Анын айтымында, ал акчалар ички дүң продукциянын көлөмүнө барабар. Бирок депутат мында көп факторлорду эске алган эмес.

Цифралар

Учурда “КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары тууралуу” КР мыйзамына ылайык, мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ички дүң продукциянын 60%на карата бекитүү боюнча чектөө бар.
Мындан тышкары, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстан “карызга туруктуу жана тобокелдикке бекем” өлкө статусуна ээ бойдон калууда.

2015-жылдын 31-декабрына карата КРнын мамлекеттик жалпы карызы 289 млрд сомду, же 3,8 млрд долларды түзгөн, алардын 273 млрд 320 млн сому ($3,6 млрд) тышкы карызга, 15 млрд 484 млн сому ($204 млн) ички карызга туура келет.

Кыргызстан тарабынан алынган кредиттерге жана гранттарга мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун маалыматына караганда, 2016-жылдын 31-июлуна карата КРнын мамлекеттик карызы 4 млрд 72,2 млн долларды түзгөн, алардын ичинен тышкы карыз - $3 млрд 762,6 млн (бардык мамлекеттик карыздардын 92,4% ), ички карызы - $309,6 млн (бардык мамлекеттик карыздардын 7,6% ) түзгөн.

Каржы министрлигинин статс-секретары З.Баяманованын айтымында, мамлекеттик карыздардын өлчөмү ички дүң продукциянын 68% түзгөн. Ал эми тышкы карыз 255,7 млрд сомго жеткен. Башкача айтканда, мамлекеттик тышкы карыз 2016-жылы сом менен алганда ички дүң продукциянын 68% пайызын, ал эми доллар менен алганда 60% түзгөн.

2016-жылы Кыргызстан тышкы карызды тейлөөгө 9,8 млрд сом чыгымдаган, алардын 3,7 миллиарды займдардын пайыздарын төлөөгө, 6,1 миллиарды карыздын негизги суммасын жабууга кеткен.
Мында сом түрүндөгү өлкө ичиндеги займ акчалар валюта курстарынын четтөөлөрүнө байланышкан коркунучтардан мамлекетти коргоого жардам берет.

“Учурда тышкы карыз боюнча төлөө көлөмү $140 млн туура келет. Мындан тышкары, быйыл биздин $300 млн өлчөмүндөгү РФга карызыбызды реструктуризациялоо башталат. Ошондой эле, Германияга болгон $13,5 млн карызды кечүү күтүлүүдө. Мына ушуларды эсепке алганда мамлекеттик тышкы карызыбыздын өсүүсү 400 млн доллардан ашпайт», - деп билдирген быйыл жыл башында Финансы министрлиги.

Мамлекеттик бюджеттин долбоорунда 2017-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 21,9 млрд сом, 2018-жылы 27 млрд сом, 2019-жылы 28,7 млрд сом жумшоо пландалууда. Негизги карыздарды жабуу жылына 1,4% пайыздык ставка менен 12 жылдан 14 жылга чейинки убакытты түзөт. Карыздардын негизги бөлүгү же 98,7% жеңилдетилген шарттарда берилгенин белгилеп кетүү керек. Учурда КРнын тышкы карызынын портфели жылына 0,1% дан 1,5% га чейин пайыздык ставкада эки жана көп тараптуу форматта жеңилдетилген шарттарда кабыл алынып, ал 170 кредиттик макулдашууларды түзөт. Келечекте карызды тейлөө суммасы 2024-жылга 306 млн долларга өсүп, ал эми 2028-жылы максималдык деңгээлге 338 млн долларга жетет.
Мунун себеби көрсөтүлгөн жылдарга мамлекетке кредиттер боюнча негизги сумманы төлөөгө туура келет. Анын үстүнө келечекте КР мамкарызынын жалпы өлчөмү кайра каралышы мүмкүн. Анткени, көптөгөн кредиторлор карыздарды же алардын шарттарын реструктуризациялоо практикасын колдонушат.

КР Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2013-жылы Кореянын Экспорттук-импорттук банкы жылдык төлөмдөрдү 1,2 млрд корей вонунан 0,4 млрд корей вонуна чейин кыскартууну караган. Ошондой эле, кредитти жоюу мөөнөтү 2018-жылдан төлөнүп башталып, 2045-жылга чейин узартуу каралган. 2015 -жылы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы 60,2 млн кытай юаны өлчөмүндөгү кредитти төлөө шарттарын кайра карап, КР бийлигине аны 2017-жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө жарым жылдан төлөө менен жабууну сунуш кылган. Кытай тарап ошондой эле, 10,1 млн кытай юаны өлчөмүндөгү техникалык карызды да жойгон.

Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2012-жылы Түркия $49,2 млн өлчөмүндөгү Кыргызстандын карызын кечкен. Россия Өкмөтү да $188,9 млн өлчөмүндөгү Кыргызстандын карызын кечүүгө чечим кабыл алган. Жогоруда белгиленгендей, 2016-жылы Россия Кыргызстандын $300 миллион карызын 10 жыл аралыгында жыл сайын $30 млн өлчөмүндө жоюп турууну чечкен. Ал эми Германия 13,5 млн еврону жойгон. Эки өлкөнүн Өкмөтү 14,9 млн еврону да жоюу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшүүдө. Демек, бул фактылар чуу көтөрүү эртелик кыларын дагы бир мертебе дадилдеп турат.

Республика кимге карыз?

КР Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2012-жылдан тартып эң ири эки тараптуу жеңилдетилген кредитор болуп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы болуп эсептелет. 2011-жылы Кыргызстан бул банкка $272 млн карыз болгон.

2016-жылы карыздын суммасы болжол менен $1 млрд 443,8 түзгөн. Россияга карызыбыз $300 млн дон $270 млнго чейин кыскарган. Япон банкына карызыбыз да $357 млндон (2011-жыл) $265 млнго чейин кыскарды.

Мамкарыз боюнча ким эмне дейт?

Бандамачылар бийлик алмашкандан тартып бардык тармактарда структуралык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилешүүдө. Энергетикалык, транспорттук жана саясий көз карандысыздыкка жеттик, туруктуу өнүгүүгө бет алдык. Бардык маморгандардын иши ачык-айкын жүрүүдө, укук коргоо, сот системаларын да мыйзам чегинде реформалоого убада кылышууда.
Мына ушунун баары капиталдык салымды талап кылат жана ал жакынкы күндөрдө өзүн актайт.

“Биринчиден, инфраструктураны жакшыртуу үчүн экономикага каражат керек. Анткени, көп нерселер СССРден калган, алар эскирип бүткөн, аларды алмаштыруу гана керек. Мисалы жолдорду курууга жана реконструкциялоого эле $2 млрд корогон», - дейт Экономика министринин экс-орун басары А.Сазбаков.

Мамлекеттик карыз тууралуу түшүнүк

КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Б.Сыдыковдун айтымында, босого көрсөткүчүндөгү өзгөрмөлүүлүктөн улам эл жагдайды түшүнө беришпейт.

“Сомдун курсунун төмөндөшү менен босого көрсөткүчү же конвергенция көрсөткүчү бир топ өзгөрүлөт. Ички дүң продукциянын жана улуттук валютадагы займдардын көлөмүн кошуп эсептегенде ал мыйзамда көрсөтүлгөн 60 пайыздык планкадан ашып кетет. Эгерде эсепти доллар менен жүргүзгөндө бул критерий 54,8%деңгээлде болот”,-деди Сыдыков.

Эскерте кетсек, босого көрсөткүчү 2014-жылы мыйзам менен бекитилген. Ага чейин анын критерийи өлкөнүн каржы талаптарына жана учурдагы экономикалык жагдайга ылайык, ЖК деңгээлинде бекитилген.
Ошондой эле, 2016-жылы 16-майда “КРнын Бюджет кодексин ишке киргизүү тууралуу “КР мыйзамы менен жактырылган КР Бюджет кодекси кабыл алынган, ал 2017-жылдын 1-январынан тартып ишке кирет.

КР Бюджеттик кодексинин 59-беренесинин 4-пунктуна ылайык, “Мамкарыздын көлөмү карыз туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчүн эске алуу менен КР Өкмөтү тарабынан аныкталат жана кийинки бюджеттик жылга болжолдонгон эки мезгилге КР республикалык бюджети тууралуу мыйзамында каралат”. Мында тышкы карызды эсептөөдө тышкы көрсөткүчтөр жана дүйнөдө жүрүп жаткан тенденциялар эске алынат.

Мамкарызга таасир эткен дагы бир нерсе – өткөн жылдары байкалган коңшу өлкөлөрдөгү девальвация. Бул экономикалык таасир Кыргызстандын улуттук валютасына гана таасир этпестен, чет мамлекеттерге да таасирин тийгизген.

Анткени, КР улуттук валютасынын курсунун төмөндөшү босого көрсөткүчүнүн көбөйүшүнө гана алып келбестен, мамлекеттик тышкы карызды кайрадан сомго эсептеп төлөөдө да таасирин тийгизген.

Бирок, валюта курсунун өзгөрүшүн жалпысынан тышкы займдар боюнча милдеттемелерди аткарууга байланышкан ата-мекендик экономика үчүн актуалдуу коркунуч катары кароого болбойт.
“Карыздын өсүшүнө карабастан, анын структурасы жана диверсификациялуулугу аткарарлык. Узак мөөнөттүү тышкы карыздын чоң бөлүгү – жеңилдетилген ссудалар, ал эми кыска мөөнөттүү карыз ички дүң продукциянын 1,1% гана эквиваленттүү. Андыктан жакын арада экономикада андай деле кредиттик тобокелдиктер болбойт”,-деп белгиленген немецтик Rating-Agentur Expert рейтингдик жана консалтинг компаниясынын июлда жарыяланган докладында.

Чет мамлекеттерде абал кандай?

2016-жылдын март айында Казакстандын чет өлкөлүк кредиторлорго карызы $154 млрд түзгөн, анын ичинен $8,6 млрд – банк секторлорунун тышкы карыздары, $11,2 млрд – мамлекеттик сектордун тышкы карызы. Мамкарыздын ири үлүшү түз инвестицияга тиешелүү - $81, 6 млрд, башка инвестициялар - $54,2 млрд. Казакстандын бир жаранына эсептегенде тышкы карыз $8805 түзөт, ал эми тенге эквивалентинде Казакстандын бир жаранына карыз девальвациядан улам эки эсеге өскөн.

Ал эми 9 айда Тажикстандын тышкы карызынын жалпы суммасы $2,05 млрд жеткен. Эсептей келгенде ар бир тажик жаранына $237 мамлекеттик карыз туура келет. Тажикстандын негизги тышкы кредитору Кытай «Эксим банкы», ага республика $950 млн жакын карыз, ал тышкы карыздын жарыман түзөт. Кредиторлордун 2-тизмесинде Дүйнөлүк банк турат– $312 млн, андан соң Азия өнүгүү банкы – $262,5 млн. ЕБ өлкөлөрүнүн мамкарызынын деңгээли бир жылда (2015-жылы) ички дүң продукциядан 86,8% көбөйгөн, еврозона өлкөлөрүндө - 91,9% чейин өскөн. Мында өсүү темпи тынчсызданууну жаратат: 4 жылда эле бул эки көрсөткүчкө тең алты пайыздык пунк кошулган. Ички дүң продукциядагы мамкарыздын деңгээли 60%дан ашпайт. ЕБга мүчө өлкөлөрдүн жарымынан ашыгы мына ушундай мамлекеттер. Мындай 16 өлкөнүн ичинен Греция норманы үч эселеп бузуу менен алдыда бара жатат. Анын мамкарызы ички дүң продукциянын 175-177% түзүп, көптөгөн аракеттерге карабастан өсүүнүн үстүндө.

ЕБ өлкөлөрүнүн жалпы карызы 18 трлн долларды (2012-жыл) түзүп, жалпы Европанын ички дүң продукциясынан бираз ашат. Ал эми Кытайдын карызы 748 млрд доллар гана (2013-жыл), ал өлкөнүн ички дүң продукциясынын 9%на барабар. Жалпысынан өнүккөн өлкөлөрдүн карызы ички дүң продукцциянын 50-100% барабар, мындан эч ким трагедия жасабайт. Негизги маселе экономикасы канчалык тез өсүп жаткандыгында. АКШда бул жаатта маселе жок. Экономикасы өсүп жатат, инвесторлор улуттук валютасына ишенет. Россия болсо ишенимдүү актив деп эсептеп, дайыма Американын баалуу кагаздарын сатып алат.
Демек, Кыргызстандын 4,07 млрд АКШ доллары суммасындагы тышкы карызы андай деле коркунучтуу эмес. Бардык өлкөлөр карызга жашап жатат. Дүйнөдөгү эң эле карызга баткан өлкө – Америка. Анын карызы 2015-жылы 19 триллиондон ашык долларды түзгөн.

Эрмек Абдрисаев,
«Кабар»МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу