Аналитика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
15/10 18:11
 

«Кабар» МАБ. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жана референдум өткөрүүгө даяр

 «Кабар» МАБ. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жана референдум өткөрүүгө даяр

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. “БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумду бир күндө өткөрүүгө даяр”,-деди Н.Шайлдабекова.

Каражатты үнөмдөө

Өкмөт референдум өткөрүүгө отчетту көрсөттү, ага ылайык референдум өткөрүүгө 314-315 млн сом сарпталат. БШКнын башчысы билдиргендей, референдум жергиликтүү шайлоо менен бир күндө өткөрүлө турган болсо, анда бул сумма 70-80 млн сомдун тегерегинде болот.

“Азыр биз жергиликтүү кеңештердин 1900 участкасында шайлоо өткөрөбүз, ушул участкалардагы жергиликтүү органдардын комиссиялары жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматтары ишке киришти. Шайлоо жана референдумду бир өткөрүү 80 млндон 115 млн сомго чейин жетиши мүмкүн, бул МКК жана БШКнын чыгымдары. Менин оюмча, бул сумма азыраак болушу дагы мүмкүн. Анткени, коюлуп жаткан маселелердин блогу өтө көлөмдүү”,-деди Н.Шайлдабекова.

Ошентип, референдумду жергиликтүү кеңешти шайлоо менен бирге өткөрүүдө үнөмдөө 200 млн дон ашык болот.

Референдум тууралуу мыйзам жана техникалык мүмкүнчүлүк

Жогорку Кеңеш 2-окууда референдум тууралуу мыйзамды кабыл алды. Референдум тууралуу мыйзамдын демилгечилери тарабынан “ооба” – “жок” жообу менен бир гана суроо коюу мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда референдум өткөрүүнүн жөнөкөй тиби каралган. Ошондой эле, бул жерде 2 суроо коюу мүмкүнчүлүгү бар – бул альтернативдүү метод деп аталат. Ал эми көптөгөн суроо коюлса ал - татаал референдум болуп эсептелет. Парламентте чыгып сүйлөгөн депутат Бакыт Төрөбаев Конституциянын өзгөрүлгөн ар бир пункту боюнча добуш берүүнү сунуш кылды. “Ар бир шайлоочу өзү каалаганына добуш берет. Ар ким сот реформасы, премьер-министрдин укуктары, мамлекеттик кызматтар боюнча өз пикирин билдирсин. Бул компромисттик вариант болуп саналат”,-деди Б.Төрөбаев.

БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова татаал референдумду өткөрүү үчүн тахникалык система даяр эместигин түшүндүрдү. “Биз реформа процессинде, анын ичинде шайлоо процессин техникалык кайра жабдуу процессинде турабыз. Биздин реформанын алкагында автоматташтырылган 4 модулду иштеп чыгуу каралган. Бул президентти шайлоо модулу, ЖК депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо модулу жана референдумдар модулу. Азыркы тапта бизде парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо модулдары иштелип чыгып, толук тестирлөөдөн жана байкоодон өткөрүлгөн. Президенттик шайлоо модулу азыр активдүү тестирлөө процессинде турат. Референдум модулу 1-форматта иштелип чыгып, тестирлөөдөн өттү, башкача айтканда, бир суроо компоненти колдонууга даяр. Ал эми башка компоненттерин колдонуу үчүн бизге тестирлөөдөн жана байкоодон өткөрүүгө убакыт керек болуп жатат”,-деп түшүндүрдү ал.

БШК башчысы мындан тышкары, бул маселеде бир гана техникалык себептер болбостон, КР ЖКсы Конституцияга ылайык, референдум өткөрүү жөнүндөгү мыйзамына байланышкан маселелер бардыгын, ошондой эле Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзамы референдумга киргизилип, референдум аркылуу гана кабыл алууга боло тургандыгын айтып өттү.

“Сөз “Өзгөртүү киргизүү мыйзамы” тууралуу болуп жатат. Ар бир мыйзам толук болууга тийиш. Башкача айтканда анын бир компоненти кабыл алынып, экинчиси кабыл алынбаса, мыйзам толук болбой калат. Ошондуктан, биз референдум өткөрө алабызбы же жокпу деген маселеде, бардык маселени ар бир беренеге койгон учурда – референдумга тигил же бул чечимди кандай формада алып чыгуу маселеси келип чыгат. Эгерде добуш берүүгө, “ооба” же “жок” деп алып чыксак, анда мыйзам формасы толук бойдон коюлушу керек”,-деди Н.Шайлдабекова.

Анын сөзүнө караганда үзгүлтүксүз шайлоо процессин камсыз кылуу үчүн КР БШКсы Европа биримдигинен кайтарымсыз жардамга алынган 260 млн сомго 2000 автоматтык эсептөөчү урна сатып алган. Мурда БШКда бардыгы 3716 автоматтык эсептегич болгон. Ар бир урна А4 формасындагы 1800 бюллетенди батыра алат. БШКдан билдиргендей, кошумча урналарды сатып алуу ар бир шайлоо участогунда, негизги урна иштеп чыгып калган учурда бирден запастык урна даяр болушуна байланыштуу болгон.

Шайлоолордун ачыктыгы

БШК төрайымынын айтымында, азыркы добуш берүү системасы ар бир добушту автоматтык эсептөө системасы аркылуу жүргүзүлгөндүктөн ал шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздайт.
“Система дээрлик өз алдынча иштейт, ошондуктан жер-жерлердеги автоматтык башкаруу системасынан алынган бардык жыйынтыктардын объективдүү жана ынанымдуу болушун камсыз кылат”,-деди Н.Шайлдабекова.

Референдум калктын 30%ы катышса өттү деп эсептелинет, ал эми референдумга коюлган чечимдер ал үчүн шайлоого катышкандардын 50%ызынын добушу берилсе, кабыл алынды деп эсептелинет.

Мирлан Киизбаев
«Кабар» МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу