Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/10 18:19
 

Окуучулардын тамагы ойдогудайбы?

Окуучулардын тамагы ойдогудайбы?

 Кыргызстандын 5-класска чейинки мектеп окуучуларына 2006-2007-жылдардан бери бекер тамак берилип келе жатат. Бул үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен 450 млн сом бөлүнүп турат. Эсептей келгенде ар бир окуучуга 7-10 сомдон туура келет.

Бирок ушул 7-10 сомдук тамак балдардын жумуруна жук болобу? Мыйзамда "Балдарга эртең мененки тамакта 200 грамм сүт, таттуу токоч же ошолорго тете болгон тамак берилиши керек" деп жазылган. Бул мыйзам мектептерде кандай аткарылып жатат? Мисалы айрым мектептерде накта сүттүн ордуна Frima сыяктуу кургатылган азыктарды кошуп берип жүргөн фактылар бар. Ал эми аларды дайыма кошуу туура эместигин, себеби ал жаш балдардын ден соолугун бузаарын адистер айтышууда. Балдардын тамак-аштары сапатсыз азык-түлүктөрдөн даярдалып жатат дешкендер да жок эмес.

Тамакка жумшалган акчага китеп албайлыбы, дейт эл депутаты

Жакында эле парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов окуучулардын тамагына бюджеттен бөлүнгөн акчага окуу куралдарын алууга жумшоону сунуш кылды.

“Мектептерде ысык тамак берилбей жатканын көрүп турабыз. Баягы эле булочка менен чай. Бюджетте акча жок, ал эми көптөгөн мектептерде окуу китептери жетишпейт. Мен бир жылга долбоор иретинде окуучулардын ысык тамагына берилип жүргөн 450 млн сомду окуу китептерин алууга жумшоону сунуш кылам. Муну менен бир жылга болсо да окуучуларды сапаттуу китептер менен камсыздай алабыз. Балдар мектепке тамак ичүү үчүн эмес, ириде билим алуу үчүн барышат”,-деди эл өкүлү. 

Депутаттын сунушу жемеге кабылды

Депутаттын бул сунушуна коомчулуктун ой- пикирин билиш үчүн Фейсбукка жайгаштырганымда, 60тан ашык окурман үн катып, бири да анын пикирин колдогон жок алтургай мындай сунушу үчүн депутатты “ур-токмокко” алышты. Алардын айрымдарын келтире кетейин:
Гүлсана Сарногоева: “Балдар да жакшы тамактанышы керек. Кээ бир балдардын ата-энесинин маянасы абдан аз. Ишсиз жүргөндөрү да бар. Ошолордун балдары жок дегенде мектептен тамак ичишкендери жакшы”.

Нарханай Төрөкулова: “Депутаттар өздөрүнүн жеңилдиктеринен баш тартышсын, жок дегенде телефон байланышынан. Мына ошондо үнөмдөлгөн акча балдардын тамагына да, да китепке да кенен жетет”

Айкөл Сулайманова: “Кичине кезибизде сумкабызга нан салып барчу элек мектепке! Азыр эми ошол бир сындырым НАНДЫ балдардан талашпай эле койгулачы!

Каныкей Сатыбаева: “Бүгүнкү күндө арзыбаган аз эле сындырым нан менен канча балдарыбыз өзөк жалгашып сүйүнүп жатышат, алардын үйгө келип айткан, биз менен бөлүшкөн кубанычтарын билбейсиңер, жада калса элестете да албайсыңар. Сураныч - китепке баарыңар биригип бир айлык түшкү тамагыңарды азыраак женесеңер деле топтолот. Себеби, анча-мынчаңардын түштөнүүгө кеткен каражатыңар эле бир канча пулду чапчыйт деп укканым бар”.

Нургуль Кожомбердиева: “Бекешов жыргап ЖКда отурат, курсагы ток, жөнөкөй адамдар менен иши да жок!!! А биздин балдар таң эртеңден мектепте өсөрүп ачка отурса да баары бир! Же анын айлыгындай акчабыз жок, балабыздын чөнтөгүнө акча салып бергендей. Китептерди депутаттардын айлыгын кыскартып, ошол акчага сатып берели дебейби, бул ток бала!”

Назира Абдыжапарова: “Мектептеги балдардын тамагы өзгөрүүсүз калтырылсын. Бекешов үйүнөн сабакка ачка келген окуучуга бир булочка, бир кружка сүт чоң колдоо экенин кайдан билмек эле”.

Лира Осмонкулова: “Балдардын тамагына тийишпегиле! Курсак тойсо окуу болот”.

Көрдүңүздөрбү, окурмандар бир ооздон мектептеги кенже класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштуруу зарыл экендигин айтышты.

Окуучулардын тамагы өзгөрүүсүз калды

Жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мектеп окуучуларынын тамагы үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турчу 450 млн сомдук мамлекеттик программа өзгөрүүсүз калгандыгын билдирди. Маалыматка караганда, республиканын 800 мектебинде эл аралык донорлордун колдоосу менен ысык тамак уюштурулган. Алыскы аймактардагы окуучулардын ар биринин тамагы үчүн 10 сомдон, ал эми калган аймактардын окуучулары үчүн 7 сомдон бөлүнгөн.
Жалпысынан 440 миң баштапкы класстын окуучуларына мамлекеттик программанын алкагында тамак берилип турат.

Албетте 7 жана 10 сомдук тамак балдар үчүн аздык кылат. Бирок, бюджеттин да тартыштыгын эске алыш керек. Өкмөттүн эле колун карай бербей окуучулардын ысык тамагын уюштурууга жергиликтүү бийлик органдары, ата-энелер жана донорлор активдүү көмөк көрсөтүшү зарыл. Бул жаатта айрым мектептерде үлгү аларлык жакшы тажрыйбалар болуп жатат.

Таластагы мектептен үлгү албайлыбы!

Мисалы Таластын Ак-Жар айлында жайгашкан А.Султанбеков атындагы мектепте жеткинчек окуучулардын тамактануусу жакшы жолго коюлган.
“Балдарды ысык тамак менен камсыздоо боюнча мамлекет, БУУнун Азык-түлүк программасынын кызматкерлери, жергиликтүү айыл өкмөтү, ата-энелер болуп чогуу иштешип жатабыз. Өкмөт бөлгөн 7 сомдук тамактын ордуна балдар 12 сомдук тамак ичүүдө. Ашпозчу байытылган ундан жуурулган камырга тажрыйба участогунан алган сабиз жана ашкабак кошуп, нан жасап берет. Бул балдарга витамин. Сүт кошулган таруу жана ашкабактан жасалган ботко да балдарга абдан пайдалуу. Мектеп боюнча 422 окуучу болсо, учурда анын 180 окуучусу ысык тамак менен камсыздалып жатат”,-деди аталган мектептин директору Нуржамал Жолдошева.

Анын айтымында, мындай өрнөктүү иш-чараларды мектептин администрациясы Өкмөттүн “КРдагы мектептерде окуучуларды тамактандырууну оптимизациялоо” улуттук программасынын өнөктөшү болгон “Өнүктүрүү демилгелеринен агенттиги” коомдук фондусу менен биргеликте уюштурган.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Талас облусу боюнча жооптуу өкүлү Айша Үмөталиева бул иш-чара окуучулардын тамактануусуна гана жардам бербестен, аларды тарбиялоого, дүйнө таанымын кеңейтүүгө да жардамын тийгизерин белгиледи.

“Кошумча чарба уюштуруунун дагы бир себеби – жаш балдар жашылча-жемиш кантип өсөрүн, кантип багуу, пайдалануу керектигин турмуш жүзүндө көрөт. Бул тармакты биолог мугалимдери менен биргеликте үйрөнүшөт. Анан тигилген азык-түлүктөр кайра эле окуучуларга ысык тамак бергенге сарпталат. Демек, алардын жасаган мээнети көз алдында пайда алып келгендигин көрөт. Биздин максат – долбоор бүткөнчө башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак менен туруктуу камсыз болуусуна көмөктөшүү”, – деди А. Үмөталиева.

Бул мектептин үлгүлүү иштерин республиканын аймактарындагы бардык мектептерге жайылтуу керек. Мына ошондо гана балдарыбыз мектептен жакшы тамактанып, курсагы тоюп, окууга болгон дилгирлиги артып, алтургай биолог мугалимдери менен бирге жашылча-жемиш кантип өсөрүн, кантип багуу, пайдалануу керектигин турмуш жүзүндө көрүп, тарбия алып, дүйнө таанымы кеңейет.

Дайырбек Мейманов, “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу