Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/09 15:59
 

"Кабар" МАБ. Конституция: премьер-министр жана өкмөт үчүн эмне жаңылык?

"Кабар" МАБ. Конституция: премьер-министр жана өкмөт үчүн эмне жаңылык?

Арадан 6 жыл өткөндөн кийин аракеттеги Конституциянын айрым кемчиликтери, жоюуга туура келген карама-каршылыктары чыгып атат. Азыркы учурда кээ бир күчтөр Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө түшүнбөстүк менен мамиле кылууда. Өзгөртүүнүн авторлорунун пикирине караганда – сунушталган өзгөртүүлөр бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылып, мурдагы убактагы кландык башкарууга жана бир кишинин бийликти узурпация кылып алуусуна жол бербейт.

2016-жылдын 27-июлунда КСДП, “Республика-Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыккан. Демилгечилердин пикирине караганда, толуктоолор биринчи кезекте Өкмөткө жана сот системасына тиешелүү болмокчу. 29-июлда Жогорку Кеңештин сайтында референдум өткөрүү жана Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору элге жарыяланды.

Негизги мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча коомдук талкуулар эки жолу узартылды. Акыркы сунуш кылынган толуктоолордун редакциясына ылайык, аракеттеги Конституцияда жазылган премьер-министрдин, Өкмөттүн ыйгарым укуктары, келип түшкөн сунуштарды эске алуу жана президенттин колдоосу менен бир кыйла өзгөртүүлөргө дуушар болду.

Коомдук талкуулардан жана сунуштардан кийин Конституциянын жаңы редакциясында Өкмөттүн функциясына тиешелүү беренелерди аракеттеги Негизги мыйзамда кандай жазылса, ошондой калтыруу сунушталды.

Мындан тышкары, Өкмөткө ишеним көрсөтпөө токтомун депутаттардын 2/3 добушу менен эмес, көпчүлүк добуш менен кабыл алууну мурдагысындай калтыруу сунушу айтылды. Бул коопсуздук жагын ойлоо менен ушундай болуп отурат, себеби, эч кандай негизи жок эле Өкмөткө ишеним көрсөтпөө келип чыкпасын үчүн маселени депутаттык комиссиянын тыкыр иликтөөсүнөн кийин гана чечүү талап кылынат.

Ошондой эле, премьер-министрге Өкмөткө ишеним көрсөтүү тууралуу парламентке бир жылда эки жолудан ашык маселе коюу мүмкүнчүлүгүн бербөө сунушу да айтылды. Бул норма мамлекетке тиешелүү же кандайдыр кризиске алып келе турган маанилүү чечимдерди кабыл алууда башкы ролду парламентке калтыруунун сакталышына жол ачат. Ошону менен премьер-министрдин функциясы дагы да мурдагысындай кала берет.
Андан ары талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун Өкмөттүн макулдугунан кийин гана кабыл алсын деген да сунуштар айтылды. Анткени, аны жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөт каржы булагын табышы керек. Ал мамлекеттик бюджеттин чыгымдоо бөлүгүн өстүрүп, кирешесин төмөндөтүп жибериши ыктымал. Бул жаңы киргизүү Өкмөткө бюджет жүгүн азайтып, кабыл алынган мыйзамдарды эффективдүү аткарууга мүмкүндүк берип, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешесин кыскарта турган мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербейт.

Ошондой эле, премьер-министрдин кайрылуусу боюнча мамлекет башчысына кол коюуга жиберилген республиканын бюджет тууралуу мыйзамын кайтарып берүү нормасы да жаңы сунуштардын бири.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйынынан кийин Өкмөттүн отставкага кетишине тиешелүү толуктоолор да өзгөртүүсүз калууда. Азыркы Конституцияда мындай норма жок болучу. Сунуш кылган толуктоолор парламенттик башкарууда демократиянын сакталышына жол ачат жана көптөгөн кылымдардан бери Англия, Япония же Германия өлкөлөрүндө колдонулуп келет.

Коомдук талкууларда Негизги мыйзамга премьер-министрге улуттук коопсуздук жана коргоо кызматтарынан башка Өкмөт мүчөлөрүн, эгерде мамлекет башчысы 5 күндүн ичинде андай чечим кабыл албаса, өзүнүн чечими менен бошотуп жиберүү укугун берүүнү киргизүү зарылдыгы да айтылды.

Ошондой эле, премьер-министрге Өкмөттөгү бошогон кызматтарга кандидатураларды КР ЖКсына беш күндүн ичинде сунуш кылышы, эгерде президент ал кандидатураларды үч күндүн ичинде бекитип бербесе анда сунуш кылынган кандидатура автоматтык түрдө кызматка дайындалышы тууралуу да сунуштар берилди. Кандидатураларды кызматка дайындоо же бошотуу процедураларынын такталышы, премьерге кадр маселесин тез чечүүгө жана Өкмөттүн мобилдүү иштешине мүмкүндүк бермекчи.

Мындан тышкары, мурда сунуш кылынган, премьер-министрге жергиликтүү администрация башчыларын дайындап же кызматттан алган нормалар калтырылды. Бул жер-жерлерде Өкмөттүн белгиленген багыты сакталышына, анын мобилдүү болушуна мүмкүндүк берет. Мындай норма коррупциялык элементтердин азайтып, ошондой эле мамлекеттик бийлик системасындагы трайбализмди жоет.

Негизги мыйзамга сунушталган толуктоолордо, өкмөт башчысынын өзүнүнүн депутаттык мандатын сактап калып, парламенттин жыйынында добуш берүүгө укук алышы көңүл бура турган нерсе. Эгерде мурдагы сунуштарда мындай укукту премьер-министрдин бардык вицелерине берүү сунушталса, алардын саны үчөө болгондуктан толукталган сунуштарда мындай укукту биричи вице премьер-министрге гана берүү калтырылды. Ошондой эле отставкадан кийин премьер-министрлик же биринчи вице премьер-министрлик милдеттерин аткаруусу токтогондон кийин алар депутаттык ыйгарым укуктарын толук көлөмдө улантып иштей беришет. Бул эксперттер белгилегендей парламент жана өкмөт мүчөлөрүнүн эффективдүү иштешине шарт түзөт.

Жогорку айтылгандар, премьер-министрдин ыйгарым укуктары зарыл болгон толуктоолор менен коштолуп, бийлик балансынын тең салмактуулгун камсыздай тургандыгын көрсөтөт. Ал тууралуу Президент А.Атамбаев бир нече жолу айткан болчу.

Эрмек Абдрисаев,
«Кабар» МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу