Аналитика

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
28/09 15:46
 

"Кабар" МАБ. Конституция: Кыргызстандын келечектеги Президенти эмнеден ажырайт?

"Кабар" МАБ. Конституция: Кыргызстандын келечектеги Президенти эмнеден ажырайт?

Аракеттеги Кыргызстандын Конституциясынын редакциясына сунушталган толуктоолорго ылайык, өлкөнүн Президентинин ыйгарым укуктары, сунушталган долбоор боюнча коомдук талкуу учурунда келип түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен бир кыйла өзгөртүлүп, Президент тарабынан колдоого алынды.

Жаңы Конституциянын редакциясына сунуш кылынган мамлекет башчысына тиешелүү беренелери жана пунктары коомдук талкуулардан кийин калтырылмай болду. Президент, мурдагыдай эле Жогорку Кеңешти шайлоону дайындайт, мыйзам чыгаруу органына кезексиз шайлоолорду өткөрүү чечимин кабыл алат, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт, мыйзамдарга кол коюп элге жарыялайт, ЖКга каршы пикирин билдирип, мыйзамдарды кайрып берет, зарыл учурда кезексиз ЖК жыйынын чакырат жана андагы карала турган маселени аныктайт. Ал ошондой эле, ЖКга чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Мурда депутаттардын тобу тарабынан аракеттеги Негизги мыйзамга Президенттин укугуна тиешелүү болгон Жогорку Кеңешке бир гана Жогорку соттун судьясын шайлоого сунуш кылбастан, сотторду тандоо Кеңешинин сунушу боюнча Конституциялык палатаны да сунуш кылуусу айтылган болчу.

Ошондой эле, мамлекет башчысына - Соттордун кеңешинин алдындагы дициплинардык комиссиянын сунушу боюнча, мыйзам чыгаруу органына Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын иштен бошотуу сунушун берүү нормасын калтыруу сунушу да айтылган. Бул жакка Президенттин Соттор кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү сотторду дайындап, же иштен бошотуу укугун да кошсок болот.

Мындай жаңы киргизүүлөр бийликтин бардык бутактарын тең салмакта кармап туруудагы өлкө Президентинин функциясын так аныктоо максатын көздөйт. Бул ошондой эле, Президент мындай кадамдарга Сотторду тандоо кеңешинин же дициплинардык комиссиянын сунушу менен бара тургандыгын көрсөтөт. Мында Президенттин сот системасындагы ролу, Сотторду тандоо кеңешинин Жогорку сотко, Конситуциялык палатага жана жергиликтүү сотторго сунуш кылуу укугунан кийин бир кыйла төмөндөгөнүн көрөбүз. Жергиликтүү сотторду которуу (ротация) Президент тарабынан Сотторду тандоо кеңешинин сунушу боюнча Конституцияда каралган мыйзамдар боюнча аныкталат.
Акыркы редакциядагы сунуш кылынган толуктоолорго ылайык, Жогорку Кеңешке Президент сунуш кылган Башкы прокурорго макулдук берүү же бербөө укугу калтырылууда. Бирок, аны дайындоого макулдук берген депутаттардын санын 80ден 61 добушка чейин түшүрүү сунушталууда.

Дагы бир көңүл бура турган маселе Конституциянын жаңы редакциясында Өкмөттүн кадр маселесин чечүүдө Президентттин укугун азайтуу сунушталууда. Башкача айтканда өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууда жана дайындоодо - коргоо жана улуттук коопсуздук иштерин алып баруучу мамлекеттик органдардын жетекчилеринен башкасын, Премьер-министрдин өзүнүн кароосуна берүү сунушталууда. Бирок, ал мыйзам чыгаруу бийлигинин макулдугу боюнча ишке ашат.

Эгерде Өкмөттүн мүчөсүн иштен бошотууну Жогорку Кеңеш жактырып, бирок мамлекет башчысы мындай жарлыкка 5 күндүн ичинде кол койбосо, Премьер-министр парламенттеги фрацкция лидерлери менен кеңешип, өкмөт мүчөлөрүн өз жарлыгы менен кызматтан бошото алат.
Эгерде Президент үч күндүн ичинде ваканттык кызмат ордуна Премьер-министр сунуш кылган, мыйзам чыгаруу органы жактырган кандидатты дайындабаса, ал автоматтык түрдө дайындалган болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Президент кол коюп же каршы пикирин билдирип Жогорку Кеңешке кайта карап чыгуу үчүн кайрып бере турган нормаларга да өзгөртүү киргизүү сунушу айтылууда. Же бул норма республикалык бюджет жана салык мыйзамдары өңдүү сөзсүз кол кое турган функционалдык милдеттерден чыгарылып, Премьер-министр мындай мыйзамды кол коюсуз кайрып берүү сунушун киргизе алышы менен толукталат.

Ошондой эле, Премьер-министрдин, Өкмөттүн жана айрым өкмөт мүчөлөрүнүн отставкага берүү укугу, аны Президенттин кабыл алуу нормаларына азыраак толуктоо киргизилет.

Жогорку айтылгандардан улам, Президент өзүнүн ыйгарым укугу боюнча башка бийлик бутактары менен тең салмакта калат, ал көпчүлүк функцияларын мыйзам чыгаруу бийлигинин, Өкмөттүн же сот бийлигинин макулдашуусу менен ишке ашырат. Башкача айтканда, мамлекеттик башкаруу, мыйзам кабыл алуу системасында бийликтин туруктуу балансын шарттаган, тең салмактуулук камсыз болот. Бул дагы укуктун жогорулугун, демократиялык принципти чыңдайт, ошондой эле мамлекеттин жана жарандык коомдун деңгээлинде чыныгы парламент демократиясын орнотот.

Эрмек Абдрисаев,
 «Кабар» МАБ.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу