Аналитика

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
27/09 14:53
 

“Кабар” МАБ. Конституция: Парламент эмне менен калат?

“Кабар” МАБ. Конституция: Парламент эмне менен калат?

Аракеттеги Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунда парламенттин (Жогорку Кеңеш) ыйгарым укугуна көп деле анчалык өзгөртүү киргизилбейт. Муну коомдук талкуулоо учурунда түшкөн жана Президент жактырган сунуштар көргөзүп турат.
Конституциянын жаңы редакциясы боюнча болуп өткөн коомдук талкуулоодон кийин Жогорку Кеңештин функциясына тиешелүү беренелерди жана пунктарды өзгөртпөй калтыруу сунушталууда. Мыйзам чыгаруу бийлиги мурдагыдай эле жогорку өкүлдөр органы болуп, мыйзам бийлигин жүзөгө ашырат жана өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык көзөмөлдөө функциясын аткарат. Ал 5 жылга пропорциаоналдуу система аркылуу шайланган 120 депутаттан турат. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын фракциялар боюнча биригүүгө укугу бар.

КР өкмөтүнүн туруктуулугун камсыздоо жана бийлик балансын тең салмактап туруу үчүн мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын ыйгарым укуктарына тиешелүү толуктоолор сунушталууда. Тагыраагы, коалициядан фракциялардын чыгышына байланышкан түшүнүктөргө кошумчалар киргизилүүдө. Келечекте фракциялардын көпчүлүк коалициядан чыгышы үчүн фракция депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес макулдук добуштары талап кылынат. Ал фракциянын тиешелүү токтому менен бекитилип, ага чыгууга добуш берген ар бир мүчөсүнүн колу коюлушу керек болот.

Көптөгөн эксперттердин пикири боюнча, коалициядан чыгуу жобосуна мындай тактоо киргизүү бир гана өкмөттүн туруктуу иштешин камсыз кылбастан, парламенттик коалицияга конструктивдүү эмес күчтөрдүн кирип кетүү тобокелчилигин азайтат. Ошондой эле, элди партиялардын, алардын мүчөлөрүнүн популисттик аракеттеринен сактайт.

Бийлик балансын мындан ары да теңдештирүү жана парламенттик демократияны бекемдөө үчүн, депутаттарга премьер-министрдин жана биринчи вице-премьер-министрдин кызматына баруу сунуш кылынат. Алар ошол эле учурда депутаттык мандаттарын сактап кала алышып, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында добуш берүү укугуна ээ болушат.

Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр отставкага кеткенде же кызматтык милдетин аткаруудан четтетилгенде, ал Жогорку Кеңештин депутаты катары полномочиесин толук кандуу сактап кала алат.

Башкача айтканда, мындан ары депутаттар өздөрүнүн мандаты тууралуу чочулабай эле койсо болот, тескерисинче тигил же бул мамлекеттик кызматта бардык күчүн жумшап, иштей алат. Парламентке кайтып келгенден кийин ал мамлекеттик кызматта топтогон бай тажрыйбасын мыйзам долбоорун жазууда колдонуп, элдин жыргалчылыгы үчүн эмгек өтөмөкчү.

Сот жана президенттик бийлик системасында бийлик балансын орнотуу жана тең салмактуулугун сактоодо да Жогорку Кеңештин укугуна кошумча киргизилген жагдайлар бар. Ал президент тарабынан сунуш кылынган Жогорку Соттун судьясын гана бекитпестен, эми мамлекет башчысынын сунушу боюнча Конститутциялык палатаны бекитет же иштен бошотот.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынын добушу Башкы прокурорду дайындоого, иштен бошотууга же аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жетиштүү болот.

Жаңы толуктоолорго ылайык келечекте парламенттин спикеринин жоопкерчилигин күчөтүү да каралганы абдан маанилүү. Ал коалиция “көпчүлүк коалициясы” статусунун жоготкон мезгилде дароо отставкага кетет.

Бул шарт парламентти жетектөө учурунда төрагалыкты алып бара албай, көпчүлүк коалицияны кулаткандыгы үчүн моралдык жоопкерчиликти арттырат.
Ошондой эле, коалиция фракциясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготушу, автоматтык түрдө Өкмөттүн жана анын мүчөлөрүнүн толук отставкага кетишине, жаңы Өкмөт түзүүгө алып келет. Аракеттеги Конституцияда ушул норма бар. Бирок, ага тактык киргизүү бир катар чаташуудан куткарат. Мындан тышкары, КР Негизги мыйзамына жаңы толуктоолордо чыгымдарды арттыруучу, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу же анын киреше жагын кыскартуучу мыйзам долбоорлорун кабыл алууда парламенттин полномочиеси кыскарат.
Мындай мыйзамдар сунуш кылынгандай коомдук талкуудан өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөттүн макулдугу менен же өкмөт каржылоо булагын тапкандан кийин кабыл алынат.

Дагы Республикалык бюджетти оорлотпоо үчүн Жогорку Кеңешке мамлекет башчысынын колу коюлбаган, бирок сөзсүз кол коюшу керек болгон Республикалык бюджет жана салык мыйзамын кайрып берүү сунуш кылынууда. Ал премьер-министр кайрып бергиле деп өтүнгөнгө чейин ЖКда болот. Түшүнүктүү болгондой айрым депутаттар популисттик кадамдардан улам мамлекетке ар кандай потенциалдуу чыгым алып келүүчү жана бюджетке күч келтирүүчү мыйзамдарды сунуш кылып келишет. Ушундай учурлар болбосун үчүн өкмөткө, мамлекетти жогоруда айтылгандай мыйзамдардын кабыл алынышынан сактоо мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

Жаңы толуктоолорго ылайык, Жогорку Кеңешке Өкмөткө ишеним көрсөтпөө токтомун кабыл алуу укугун мурдагыдай калтыруу сунушталууда. Мурдараак мындай мыйзамды кабыл алуу үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу керек деп айтылган болчу.

Өкмөт үчүн мындай норманын кала бериши, өз саясатын жүргүзүүдө Өкмөттүн бир топ көзүн ачыра турган факторлордун бири. Анткени, көпчүлүк добуш бардык учурларда берилиши мүмкүн. Бул деген аткаруу бийлигине каршы добуш берген депутаттардын саны сөзсүз эле 80 киши болуш керек дегенди түшүндүрбөйт.

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе Өкмөт отставкага кетти деп Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы биринчи жыйынынын баштаган күн эсептелет. Жаңы партиялардын жана адамдардын келиши менен Өкмөт дагы жаңыланышы керек. Парламентке келген партиялардын тигил же бул маселелер боюнча өз көз карашы, ошондой эле партиянын идеясын ишке ашыруучу өз кадрлары болот. Ушул жол менен парламент жаңы өкмөттү түзөт.

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн кадр саясатында түздөн түз роль ойнойт. Жаңы толуктоолордо премьер-министрге көпчүлүк коалициянын лидерлери менен макулдашкандан кийин коргонуу жана коопсуздук мамлекеттик органдарынын башчыларынан башка Өкмөт мүчөлөрүн иштен алуу же дайындоо мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда. Мындай процедура Президенттин Өкмөттөгү кадр маселесин чечүүгө катышуусун азайтып, Өкмөт башчысынын мобилдүүлүгүн арттырат. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин Өкмөттүн үстүнөн көзөмөлдүк ролу мурдагыдай кала берет.

Ошону менен жогорку айтылгандар мамлекеттик башкарууда бийликтин белгилүү бир балансын, тең салмактуулугун жана функциялуулугун сактоого мүмкүндүк берет. Бул азыркы учурда олуттуу реформага муктаж. Дал ушул тең салмактуулук балансын орнотуу аркылуу – келечекте диктатордук режим келип, бардык бийлик бутактарын басып алышы мүмкүн деген чочулоо жокко чыгарылат. Ушул себептен өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүү, чыныгы парламенттик демократияны киргизүүгө жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Эрмек Абдрисаев,
«Кабар» МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу