Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/09 10:55
 

МАБ «Кабар». II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана Кыргызстан

 МАБ «Кабар». II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана Кыргызстан

Чолпон-Ата шаарында өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну – Кыргызстандагы акыркы он жылдыктын ичиндеги эң ири окуя болуп калды. Оюндар Ысык-Көлдүн керемет жээгинде 2016-жылдын 3-8- сентябрында өттү. Бул жолку Көчмөндөр оюну биринчисинен масштабы жана көркөмдүгү менен кескин айырмаланат. Чет элдик коноктордун айтымында, алар мынчалык колориттүү жана эффективдүү спорттун түрлөрүн күтпөптүр.

Кыргызстандагы масштабдуу өткөн спорттук иш-чаралар бүткүл дүйнөгө -Кыргызстан туристтик жана кооз өлкө катары өзүн тааныта ала тургандыгын, эң башкысы – туруктуу жолго түшкөн, дүйнөнүн коопсуз өлкөсү болгондугун көрсөттү. Ушуга жараша өлкө 2005-2010 жылдардагы революциялардан бери илешип келаткан, жаманаттыдан да кутулду окшойт.

Бул кандай башталды

Биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун өткөрүү демилгесин 2012-жылдын февраль айында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев көтөрүп чыккан. Анын сунушу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңеши тарабынан колдоо таап, 2014-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде Биринчи Дүнөлүк көчмөндөр оюну өткөн. Маңызы боюнча бул оюндар көчмөндөр цивилизациясынын бийиктигин бүткүл дүйнөгө таанытуу, дүйнөдөгү көчмөн этностордун кылымдык маданиятын, баалуулугун, тиричилигин көрсөтүү; нукура көчмөндөр оюндарын, ошондой эле көчмөн элдердин бардык байлыгын ачып берүү болчу. Бул максат II Дүйнөлүк көчмөн оюнунда да сакталды. Бул түрк тилдүү элдердин карым-катышын чыңдаган, аны ата-бабалардын көчмөн маданиятынын салтына жараша өнүктүрүү идеологиясын көздөгөн, көчмөн элдеринин жалпылыгын бүт дүйнө элине таанытууга чакырган долбоор болуп саналат.

2014-жылдын сентябрында өткөн Биринчи көчмөндөр оюнунда 19 өлкөдөн спортсмендер келип, спорттун 10 түрү боюнча күч сынашып, 30 комплектидеги (бардыгы 109 медаль) медалдар ойнотулган. Жалпы байге фондусу 16 млнсомду түзгөн. Спорттук мелдештерге 771 киши катышып, анын 583ү спортсмендер, 188и тренерлер жана судьялар болгон. Салттуу оюндарга 230 ат пайдаланылган.

Маданий иш-чараларга 1200 киши катышып, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн түз алып көрсөтүлүп, 230 млн адам теледен көргөн.

Эки жыл өткөндөн кийин

2016-жылдагы Көчмөндөр оюнуна 62 өлкөнүн спортсмендери катышып, көчмөндөрдүн салттуу 23 спорттук оюндары боюнча күчтүүлөр аныкталды.

Мурдагы ордуна салынган жаңы ипподромго оюн башталган күнү 10 миң киши чогулуп, үч сааттык шоу-программа көрсөтүлдү. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү артисттер катышкан масштабдуу концерттен жана ЗД-шоудан, ошондой эле атчандардан кийин, салтка айлангандай катышкан өлкөлөрдүн командалары чыгышты. Оюнга билеттер мобилдик тиркөө аркылуу сатылып, иш-чара башталганга бир нече күн калганда сатылып кетти. “Маш ботойду” ойногон 1000 комузчу оюндун көркүн ачып, Гиннестин китебине киргизүү сунушталды.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстанга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 2000 конок келсе, иш-чараларга дээрлик ошончо сандагы волонтерлер катышты. Экинчи оюндун биринчисинен айырмасы мында үч эсе көп өлкөлөрдүн катышкандыгы болду. Ага Аргентина, Конго, Свазиленд королдугу, Бенин, Боствана, Гватемала, Замбия, Зимбабве, Колумбия, Мадагаскар, Перу, Эквадор, Антигуа жана Барбуда өлкөлөрүнөн, ошондой эле Европадан атлеттер келишти. Оюндун ачылышындагы ардактуу конок катары Татарстандын башчысы Рустам Минниханов, РФнын маданият боюнча атайын өкүлү Михал Швыдко, АКШнын мамсекретарынын жардамчысынын орун басары Дэн Розенблюм, эл аралык уюмдардын, ошондой эле ЖККУнун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин ж.б.көптөгөн өкүлдөр катышты. Экинчи көчмөндөрдүн оюнуна Бириккен Араб Эмираттарынын маданият жана өнүгүү министри, Катар мамлекетинин маданият жана спорт министри өзгөчө кызыккандыгын билдирди. Белгилүү америкалык актер Стивен Сигал көчмөндөр оюнунун ыктыярдуу эркин элчиси болуп калды.

Оюндун алкагында “Кырчын» жайлоосунда 288 боз үйдөн турган «Кыргыз айылы» этникалык шаарчасы ачылды. Бул көчмө шаар кооз капчыгайдын түндүгүнөн - батышына, түштүгүнөн - чыгышына созулду. Этношаар 25 боз үйдөн турган тогуз көчтү түздү. Ал боз үйлөрдү Бишкек, Ош шаарлары, дагы республиканын жети облусу тигип барды. Ал эми коноктор үчүн “Кыргыз айылына” атайын дарбаза салынып, ал этностилде жасалган флагштогдор менен кооздолду. “Кыргыз айылынын” ачылышы “Көчмөндөр ааламы” аталган өтө шаңдуу фестивал менен коштолду. Өзгөчө япон элинин сумо жана кендо согуш өнөрлөрү, Венгриянын атчан каскадерлору көрүүчүлөрдү суктандырса, Түркмөнстандын Президентинин Ахалтекин ат комплексинин “Галкыныш” ат оюндары жана Түркмөнстандын мамлекеттик циркинин “Түркмөн жигиттери” тобу чынын айтсак таң калтырды. Ошондой эле, кытай элинин маданият жана кызматташтык кербени “Анцай” добулбас бийин тартуулашса, Кытайдын башка бал-киши шоусу, чай берүү салтанаты өңдүү байыркы маданиятынын каада-салттары көрсөтүлдү.

Алты күн бою аталган капчыгайда көчмөн элдеринин улуттук аңчылык жана акыл (интеллектуалдык) оюндары, улуттук кийимдерин көрсөтүү сыяктуу маданий иш-чаралар өтүп, келген коноктор бир гана кыргыз эли эмес, оюнга катышкан элдердин көчмөн турмушу, байыркы маданияты тууралуу да маалымат ала алышты. Биринчи жолу «Airbus Helicopters» компаниясы H130 жеңил вертолотторун тартуулап, конокторго бийик асмандан Кырчын жайлоосу, Ысык-Көлдүн сулуулугу менен тааныштырып жатышты.

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк көрүүчүлөрдү АКШнын көк-бөрүчүлөр командасынын оюну кызыктырды. Алар АКШнын тарыхында биринчи жолу улак тартышып, байге алышпаса да бул оюнга катышууга дилгир экендиктерин көрсөтүштү. Ушунун өзү келечекте көчмөндөрдүн салттуу оюндарына номаддардын өкүлү болбогон башка өлкөлөр да катышып, өз күчтөрүн сынашарын ачык көрсөтүп тургансыйт. Өз кезегинде бул, бүт дүйнөгө көчмөн элдеринин маданиятын көргөзүүгө чакырылган Көчмөндөр оюнуна кызыгууларды арттырмакчы.

Ошондой эле, оюнга катышкан чет өлкөлүк спортсмендердин, мелдештерде жеңишке жетишпей калышса да өтүп жаткан оюндарга суктануу менен карап, жылуу пикир айтышканы да оңой мааниге ээ эмес. Дүйнөлүк атактуу теле каналдардын, басма сөздөрдүн атынан келишкен 300дөн ашуун чет өлкөлүк журналисттер дээрлик миллиардга жакын жер шарынын жашоочуларына, бир гана спорт оюндарын эмес, көчмөн элдердин маданияты тууралуу маалымат жеткирип турушту.

Көк-бөрүгө келсек Кытай, АКШ, Россияны кошкондо 8 команда катышты. Алар финалдын алдында оюн көргөзүшүп, оюндун эрежеси, ага көнүгүү сыяктуу түрдө өтсө, финалда күтүлгөндөй эле Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешип, көрүүчүлөргө эң мыкты жана унутулгус оюн тартуулашты. Бул эми түшүнүктүү болчу, эки команда тең көк-бөрүнү көркүнө чыгара тартып, көркөмдүгү Мундиалдан кем калышпаган өнөр көрсөтүштү. Кантсе да жеңишке умтулган иш-чаранын ээлери коңшу мамлекеттин командасын 15-3 эсебинде утуп кетишти.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылышы 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп, көптөгөн чет өлкөлөрдүн жана өзүбүздүн артисттер өнөр көрсөтүштү. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктоочу сөзүндө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну образдуу айтканда өткөндүн, бүгүнкүнүн, келечектин жолугушкан жери болуп калмакчы. КР премьер-министри Көчмөндөр оюну бир гана баба салтын урматтоо эмес, ошондой эле элдердин бир-бирин түшүнүүгө, глобалдуу кызматташтыкка, Жердеги тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого жасалган кадамдары экендигин да белгилей кетти.

Кыргызстан үчүн натыйжасы

Бул мындан 4 жыл мурда Көчмөндөр оюнун өткөрүүнү сунуш кылган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин эмгеги экендиги – талашсыз жана маанилүү. Оюнга 36 өлкөнүн 500дөн ашык журналисттери жана 62 өлкөнүн спортсмендери тартылышты. Алар жер бетинин миллиардга жакын көрүүчүлөрүнүн көңүлүн бура алышты. Эми алар Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды көз жаздымында калтырышпайт, анткени республика бул оюндарды мындан ары ар бир эки жыл сайын өзүндө өткөрө тургандыгын жар салды. Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бренди гана болуп калбастан, акыркы 6 жылда республика туруктуулукка жана тынчтыкка ээ болуп, мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө жол алгандыгын да көрсөттү.

Баяндамачылардын айтымында, Көчмөндөр оюндары башталгандан кийин социалдык тармактарда чет өлкөлүк коноктордун суктануу менен калтырган пикирлери, Кыргызстан өз тарыхынын жаңы барактарын ачып, мындан ары ушуга чейин айтылып келген туруксуз жана революциялардын өлкөсү болбой тургандыгы белгилүү болуп калды.

Бул түшүнүктүн бекемделиши катары дүйнөлүк аты белгилүү телеканалдардын жана ЖМК басылмаларынын, Интернет булактарына жарыяланган видеорепортаждарын айтсак болот.
Алты күндүк Көчмөндөр оюну Кыргызстанга дүйнөлүк коомчулуктун жана дүйнөлүк державалардын көңүлүн бурдурду. Ушул унутулгус 6 күн Кыргызстандын элин бириктирип, өз тарых-тамыры менен сыймыктанганга түрттү. Ушул иш чаралардын шарапаты менен планетанын булуң-бурчу көчмөн элдердин маданияты, тирлиги менен тааныша алышты.

Президет Алмазбек Атамбаев сунуш кылган Кыргызстанда Көчмөндөр оюнун өткөрүү идеясы башында көпчүлүгүнө түшүнүксүз жана ишке ашпачудай болуп көрүнсө, бүгүн ал өзүнүн боло турган жана натыйжалуу иш экендигин көрсөттү. Оюнду өткөрүүгө кеткен каражат, жакында өзүн өзү актоо менен бирге Кыргызстанды жарнамалап, дүйнөлүк коомчулук алдында анын мүмкүнчүлүгүн да айгинелеп койду. Бул тууралуу коңшу өлкөлөрдөн келген коноктор сөз кылып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун “тыйынга”, бирок майнаптуу өткөрүп алганыбызды шыпшынуу менен айтып жатышат. Алардын сөзүнө караганда Көчмөндөр оюнун өткөрүү эң мыкты идея катары, Кыргызстандын бренди болуп калды. Ошондой эле алар бул спорттук иш-чаранын жыйынтыгы туризмди, элдик кол өнөрчүлүктү, улуттук тамак-ашты жана кийимдерди ж.б.көптөгөндөрдүн өнүгүшүнө шарт түзөөрүн айтышууда.

Мындан улам, дал ушул Көчмөндөр оюну өзүнүн көркөмдүгү, амбициялуулугу жана болуп көрбөгөндөй географиялык кулач ташташы, бүт дүйнөдөн туристтерди Кыргызстанга келүү тууралуу ойго түртөөрү шексиз. Ошондой эле дүйнөдөгү кайсы бир өлкөгө байланышкан ар түрдүү иш чаралардын катарында, Кыргызстан башкаларга окшобогон, бирок зор кызыгуу туудурган Көчмөндөр оюндары менен көрүнө алмакчы. Анткени республиканын бренди – Көчмөндөр оюндары болуп калбадыбы.

Эрмек Абдрисаев,
МАБ «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу