Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/08 18:19
 

"Кабар" МАБ: Айыл-чарбасын диверсификациялоо жана статистика

"Кабар" МАБ: Айыл-чарбасын диверсификациялоо жана статистика

 Кыргызстан дагы деле болсо көп тармактуу өлкө экенин көрсөтүп келет. Өзгөчө бул көп тармактуулук элет жеринде жакшы байкалат. Жети дубандуу мамлекетте жети эмес, көп түрлүү чарбалык кылууга шарты бар. Өлкөнүн түштүгү негизинен жашылча-жемишке мол келсе, арасында мал-чарбасы да, өнөр-жай тармагы да, өзгөчө соода-сатык багыты да эч бир соолуй элек. Түндүктө негизинен мал чарбасы, дан өсүмдүктөрү басымдуурак болсо, өнөр-жайы Чүйдө эч талашсыз жакшы деңгеелде. Ысык-Көл аймагы мал чарба жана дан өсүмдүктөрү менен белгилүү болсо, акыркы он жылдан бери туризм тармагы аркылуу дүйнөгө таанылып баратат. Болгондо да сезондуу эле эмес, жыл бою сырттан келген конокторду өзүнө тарта ала тургандай касиетке ээ. Ушунун баарын эске алып, жакында кыргыз Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Өкмөт жыйынында өлкөдөгү экономикалык абал жаңы кадамдары жасоого муктаждыгын билдирип, кыргыз экономикасы диверсификацияланышы керектигин айтып чыкты. 2016-жылдын башынан тарта Кыргызстандын ички дүң продукциясы 176 млрд. сомго жеткен. Бирок бир жыл мурункуга караганда 2,3% төмөн болуп калган. Өндүрүштүн төмөндөшүнө бир топ себептер бар. Мисалы өнөр-жай өндүрүшү 19% төмөндөп кеткен, инфляция 1,8% жеткен. Негизинен экономиканын өсүшүнө айыл-чарбасынын салымы 2,9%, тейлөөгө тармагы 2,1% жана курулуш тармагы 3,6% өскөн.
Жарым жыл аралыгында өлкө экономикасы сезилеердик өскөнү менен, төмөндөшүн токтото элек. 2015-жылы алты айда экономика 10,7% төмөндөсө, акыркы алты айда 2,3% төмөндөгөн. Өкмөт башчынын айтуусунда, 6 айдын жыйынтыгы менен кыргыз экономикасы жаңы нукта өнүгө тургандай өзгөрүүсү зарыл. Өкмөт башчынын оюу боюнча, Кыргызстанда өнүгүп жаткан тармактарга кошумча альтернативалык багыттарды өнүктүрүү керек жана негизги басымды регионалдык экономикалык структураларды кызыктыруу жолуна түшүү керек. Ошондо кыргыз экономикасы диверсификацияланууга багыт ала алат.

Өкмөттүн июль айындагы жыйынында С. Жээнбеков Кыргызстандын ар-бир аймагынын кайсы бир багытта өнүгүүгө мүмкүнчүлүк көп экендигин аныктоого тапшырма берди. Тандалган багытта шарттар жакшыртылса, ар-бир аймактын экономикасы тез аранын ичинде жалпы көрсөткүчүн оңдой алууга алы жетет. “Ар-бир аймак өзүнүн негизги экономикалык тармагын тандап алуусу керек. Мисалы, Ысык-Көл областы негизги тармак катары туризмди өнүктүрүүнү күчөтүшү керек. Нарын областы негизинен мал-чарбасын өнүктүрүүгө көңүл буруусу зарыл. Ал үчүн бул область логистикалык борбор ачышын пландаштырып, этти кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө шартты түзүшү керек. Башка областтар да айыл-чарбасында да, өнөр-жайын өнүктүрүүдө жа чоң кубатка ээ”, дейт С. Жээнбеков. Аймактарга көбүрөөк пайда алып келе тургандай кылып, Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги ишин жаңы нукка буруусу зарыл. Министрлик айыл-чарба продуктыларын кайра иштетүүнү көздөгөн ишканаларды түзүүнү колго алып, аларга көмөктөшүгө көңүл буруусу керек. Аны менен бирге министрлик өндүрүлгөн товарлары экспортко багытталган ишканаларга колдон келишинче жардам берип, иштөө шарттын жакшыруусун кошо белгиледи Өкмөт башчы.

Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, сырткы инвесторлор аймактардын өзгөчөлүктөрүн көптөн бери байкап, ошого жараша кызыгуусун да билдирип келген. Мисалы Талас облусунда төө бурчактын жакшы өсөөрүн билген түрк компаниялары бир топ жылдан бери облустагы дыйканчылар менен мамиле түзүп, иштеп келатышат. Ар-бир областтын өзгөчөлүгүнө кызыга тургандай инвесторлорду табуу жеңил эмес болсо да, аракетти токтотпостон, күчөтүү зарыл.

Кыргызстандын аймактары бирдей деңгеелде өнүгө албай жатышына себептер көп. Бир жагынан тоолу аймак болгону менен, экономикалык өсүштү көрсөтүүгө жетишкен Нарын областы башкаларга үлгү боло алат. Ал эми айыл-чарбасын өнүктүрүүгө шарты жакшы болгон Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад областарынын көрсөткүчтөрү начар болуп жатышы, алардын потенциалы толук колдонулбай жатканын билдирет. Бул областтардан чыккан экспорттук товарлардын көлөмүнүн азайуусу адистер менен областтык жетекчиликти ойлондурушу керек. С.Жээнбековдун сөзүнө караганда, Жалал-Абад областынын экспорттук көрсөткүчү 7 эсеге азайган. Мунун себептерин иликтеп чыгып, кынтык болгон багыттарды тез аранын ичинде оң жолго салуу зарылдыгы турат. Быйылкы аба-ырайынын өзгөчөлүгүн эске алганда да, айыл-чарбасындагы катылып жаткан мүмкүнчүлүктөр көп. Дагы бир мисалга токтолгон Өкмөт башчы, аймактык экономиканы өнүктүрүүгө бир эле бийлик бутактары кызыкпастан, жергиликтүү тургундар, өзгөчө дыйканчылар менен малчылар да, кызыгып, түрлүү сунуштарды киргизип жатканын Өкмөттүн мүчөлөрүнө баса белгилеп кетти. Анын сөзү боюнча, Нарын областында мал чарбасынын продукциясын сыртка чыгаруу боюнча жергиликтүү ишкерлердин логистикалык борбор ачуу боюнча сунушу областтык бийликти кызыктырган эмес. “Мындай болбошу керек. Ар-бир пайда алып келе тургандай потенциалы бар жакшы сунуштар колдоого алынып, талкууланышы керек”, деп айтты С. Жээенбеков. Эгерде ички шартты билген тургундардын сөзү четке кагылып, сунуштары өтпөй жатса, анда акы-чүкүсүн жакшы түшүнө элек сырттан келген инвесторлорго акчасы толгон капчыкка мамиле кылгандай эле болушу толук ыктымал. Өкмөттүн бул маселени көтөрүп чыгып, аймактарды өнүктүрүүгө жалпылап киришүүгө үндөөсү абдан маанилүү. Элет жери өнүкмөйүн, жалпы кыргыз экономикасын көтөрүү кыйынга тураарын акыркы 25 жылдык тажрыйба далилдеди.

Учурдагы ааламдашуу процесси Кыргызстанда эч бир тоскоолдуктарга карабастан тарап жатат. Коомчулук буга көнүп, турмушун ошого жараша ылайыкташтырып жатканы да талашсыз. Андыктан бийлик катмары да, мыйзам чыгаруучулар да, көзөмөлдөөчү органдар да жаңы талаптарга топ келген жана бүтүндөй элге жагымдуу шартты түзүүгө милдеттүү. Баарынан алыс жайгашкан Баткен областында өстүрлүп жаткан өрүк-абрикостун сапаттуулугу Кыргызстандын чегинен чыгып, алыска кеткени маалым. Жергиликтүү багбандар муну туура колдонууга өтүп, өстүрүлгөн жемиштерди сыртка чыгарууну өздөрү өздөштүргөн. Кее бир амалдуу ишкерлер коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан арзанга сатып алган мөмө-жемиштерин Россия менен Казакстанга ири жүк ташуучу фуралар менен жеткирүү айласын табышкан. Тилекке каршы алардын ийгилиги бийликтин көзөмөлүнөн чыккандыктан, эсепке алынбай жатышы да акыр-аягы билинет.

Айыл-чарба тармагына кыргыз Өкмөтү төрт жылдан бери колунан келген финансылылык колдоо кылуусун улантып келатат. Жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча 8 миңден ашык фермерлерге берилген жеңилдетилген насыялардын көөлөмү 3 млрд. сомго жеткен. Бул каражатты туура колдонуп, акыбети кайтып жаткан насыялардын саны жыл сайын көбөйүп баратышы, айыл-чарба тармагы оңоло тургандай жолго чыкканын билдирет.

Бирок кээ бир фермер-дыйканчылардын айтуусу боюнча Айыл-чарба министрлигинин статистикалык маалыматтарды топтоодо таяна турган бир топ булактары так маалыматка ээ эмес. Божомолдоп берилген маалыматтар эсепке алынып, ошонун натыйжасында айыл-чарбасындагы накта абал кандай болуп жатканын так айтуу кыйын. Ошо себептен кыргыз Өкмөтү Кыргыз экономикасын аймактарды өнүктүрүү аркылуу диверсификация кылуусунда статистикалык маалыматтын тактыгын аныктап, андан кийин ишке ашырышы абдан маанилүү. Бул процессти колго алуу жергиликтүү бийликтерден көз каранды. Өзгөчө айыл өкмөттөрү ишин так аткара тургандай шарт жана өзгөчө талаптар киргизилсе, анда жалпы экономиканын абалы да өнүгүү үчүн зарыл болгон так маалыматка ээ болмок. 

"Кабар" маалымат-аналитикалык борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу