10.08.2016, 09:21

Баш мыйзамга байланышкан “баталиялар” же өзгөртүү эмне үчүн зарыл?

Баш мыйзамга байланышкан “баталиялар” же өзгөртүү эмне үчүн зарыл?

“Баталиянын” башаты кайда?

Кыргызстан учурда 2010-жылкы революциядан кийин бүткүл элдик референдумда кабыл алынган Баш мыйзам менен жашап жатат. Белгилүү болгондой ал 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн дегенбиз. Бардыгы баштан өткөргөндө, башкача айтканда мамлекеттин күндөлүк саясатында сыналат экен. Ошону менен Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, анын долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлгандан бери түркүн пикирлер айтылууда.

Кыргызстан ачык коом. Андыктан коомдо – мамлекеттин бүгүнкү-эртеңкисин аныктаган саясый кадамдардын алдында дал ушундай ачык “баталиялардын” болуп турганы Кыргызстан үчүн демейки көрүнүш. Сөз болуп жаткан Баш мыйзам “баталиясына” келсек, биринчиден – кайсы саясый күчтөр каякка тартып жатканын көрүнүп турса, экинчи жагынан талаштан тактык жаралып – Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы эмне себептен чыгып жатканын коомчулук да аңдай алышат.

Буга чейин Президент А.Атамбаевдин Баш мыйзамдагы карама-каршылыктарды четтетүү, айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгесин парламенттеги КСДП, “Республика-Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракциялары колдоп чыкканы айтылган. Бул фракция лидерлеринин өз көз карашы, өз сөзү, позициясы бар саясый күчтөр экенин эске алсак, андан тышкары 87 депутаттын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу референдумду колдоп чыкканына көңүл бурсак – Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, андагы карама-каршылыктарды жоюу зарылдыгы бышып жетилген, кийинкиге калтырууга болбой турган маселе катары күн тартибине коюлуп, коомчулукта кызуу сөз болууда.

Эмне үчүн өзгөртүү зарыл?

Баш мыйзамды улам өзгөртө бергенден жалкып калган кыргызстандыктарга Президент А.Атамбаев мындайча жооп берди: - “Мен сайттардан Атамбаев бийликти бир колго топтоп алып, акырындык менен премьер-министр болгусу келип жатат деген сөздөрдү окуп калып жатам. Эгер мен бийликти кааласам анда таптакыр башка референдум өткөрөт элем. Мага 300 миң кол топтоо жетиштүү болмок”,- деди ал. Негизи эле Ысык-Көлдө өткөн соңку маалымат - жыйынында Президент А.Атамбаев көп суроолордун башын ачыктады. Анын ичинде “Баш мыйзамды өзгөртсө эле бийликтен кетпейт”,- деген күңкүл сөздөргө да чекит койду. Анда эмне себептен өзгөртүү зарыл?-деген суроолор жаралып жатпайбы. Айрымдарына жооп издеп көрөлү.

Аскаровду кайдан чукуп чыгышты?

Жазага тартылган А.Аскаров тууралуу ызы-чуу басыла элек. Аныгында аны сырткы күчтөр чыгарып жатат. Чыгарганда да Баш мыйзамдын 41-беренесин көзүбүзгө такап чыгарып жатышат. Президент бул тууралуу мындай пикирин билдирди: “- Азыркы өзгөртүүлөр Кыргызстанды өткөн кырдаалдарга бурбашы үчүн зарыл. БУУнун бир дагы комитети Жогорку Соттун чечимин өзгөртө албайт. БУУ дайым эле обьективдүү чечим чыгарат деп жүргөндөр жаңылышат. Тагыраагы ал жакта саясий чечимдер кабыл алынат. Азыркы Баш мыйзамдын авторлору 41-беренени жазышып, аны БУУнун комитетине белек кылышкан... Баш мыйзамды биз кимдир бирөө ажыдаарга айланып кетпеши үчүн өзгөртөбүз. Албетте, мындай “миналарды” алып салабыз”,- деди президент.

Кошумчалай кетсек азыркы Баш мыйзамды кабыл алууда бейөкмөт уюмдардын таасири күчтүү болгон. Алардын акырына каяктан жем түшүп тураарын эстесек, 41-берене асмандан түшө калбаса керек. Албетте, референдумга чейинки жалпы элдик талкууда бул боюнча далай пикирлер айтылары турган иш.

Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун сакталышы

Көрүнүп тургандай аракеттеги Баш мыйзамда мындай “миналар” арбын көрүнөт. Анын бири, а балким эң негизгиси – парламент , өкмөт, президент, сот бийлиги ортосундагы бийликтин так бөлүнбөгөндүгү. Президент муну коомду демократиялаштырууда жана акырындап мамлекетти толук парламенттик башкаруу жолуна салууга кедергисин тийгизчү көрүнүш катары баалады. Эң башкысы бул жерде бийликтин бир бутагы, экинчи бийликке үстөмдүк кылышына, же Президент айткандай кайсы бир бийлик бутагынын “ажыдаар болуп чыга келишине” (авторитардык, диктатордук) жол берилбеши керек. Башкача айтканда, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган.

Азыркы Баш мыйзам боюнча Кыргызстан “Парламенттик башкаруудагы” өлкө. Бирок, мамлекеттин саясий турмушу көргөзгөндөй парламенттик башкарууда премьер-министр негизги ролду ойношу керек эле да. Иш жүзүндө азыр көп маселени президент чечип калып жатат. Ошондой эле, Кыргызстанда премьер-министрдин туруктуу иштеши камсыз болгон эмес. Бул жагынан 27 премьер-министр алмашып, рекорд койгон жайыбыз да бар. Мындан келди Президент тегин жеринен премьер-министрдин укугун кеңейтүү тууралуу айтып жатпаса керек.

Баш мыйзам өзгөртүлсө парламентке өтүүчү партиялардын саны да азайчудай. Бул парламенттеги ички талаш-тартышты да азайтып, сапаттуу өкмөт түзүүгө жол ачары, анын туруктуу иштешин камсыз кылары шексиз.


Баш мыйзамдын долбоорунда “Кумтөр”

Баш мыйзамдын долбоорунда куну бүтпөгөн Кумтөр маселеси да бар. Андагы өзгөртүүлөргө ылайык Баш мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 6-бөлүгүндө мындай деп жазылат: «Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарды, ошондой эле “Кумтөр” кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. Аталган адамдар ушул кылмыш жосундарын кайсыл убакта жасагандыгына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бар адамдар кирбейт».

Мында айтылып тургандай чет элдиктердин кызыкчылыгына иштеген экс-чиновниктер өмүрүнүн аягына чейин сот жоопкерчилигинен качып кутула алышпайт.

Кайда баратабыз же Улуу дөөлөттөр:

Учурда кыргыз элинин кылым карыткан каада-наркы,элибизди эл кылып турган маданияты, улуу дөөлөттөрү, улуттук баалуулуктары Баш мыйзамдын коргоосуна муктаж деңгээлге жетип калды. Экинчи жагынан эл катары ансыз алыска бара албай тургандыгыбыз да анык. Ушуга байланыштуу улуттук баалуулуктарды сактоо, маданиятты өнүктүрүү, өзгө элдердин маданиятынын тепсендисинде калтырбоо максатында Башмыйзамдын долбоорундагы 1-берененин 3-4-бөлүктөрү төмөндөгүчө толукталган:
“3. Улуу дөөлөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизин аныктайт жана мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызы болуп эсептелет, ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактарды ушул дөөлөттөрдү коргоого жана илгерилетүүгө милдеттендирет. 4. Эч кандай идеология Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн буза албайт”;

Демек, мындай айтылгандай сырттан кирген же таңууланган чоочун идеология аркылуу кыргыз элинин улуу дөөлөттөрүнө шек келтирүүгө болбойт.

Шойкомдуу берене эми өтпөшү керек

Азыркы Баш мыйзамдын 36-беренесинин 5-бөлүгүндө: “Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике, никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат”, – деп деле сонун жазылыптыр. Кынтык таппайсың.

Бирок, беренеде “нике курагына жеткендер үй бүлө кура алышат”,- деп айтылып жатпайбы. Бул беренеде аял менен эркек гана баш кошо алаары так көрсөтүлбөгөндүктөн айрым өлкөлөрдөй эркек менен эркек, аял менен аял үй-бүлө куруусуна жол ачылып калган. Ошондуктан долбоордо: “ Үй-бүлө – мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никеге туруп жаткан адамдардын эки тараптуу макулдугусуз бир дагы никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат”, -деп сунушталып жатат.
Бул тактоонун зарылдыгы күн өткөн сайын актуалдуулугун күчөтүп баратат. Андыктан кеч болуп кала электе бул беренин кыргыз дөөлөттөрүнө каршы келбей тургандай кылып өзгөртүү зарылдыгы бар экендиги талашсыз.

Темирбек Алымбеков