Аналитика

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
02/08 13:21
 

“Айкөл Манас” китебин экстремисттик деп таануунун себептери

“Айкөл Манас” китебин экстремисттик деп таануунун себептери

Жакында (15-июнь, 2016-жыл) Нарын облусунун Жумгал райондук соту “Муса кызы Бүбү Мариямдын «Айкөл Манас” 10 томдук китеби экстремисттик деп таанылсын деген чечимин чыгарды.

Соттук иликтөөлөрдө аныкталгандай бул китеп 2009-жылы басыла баштап, 2014-жылга чейин 3400 нуска менен чыккан. Ошондон бери “жайсаңчылар” аталган бул китептин күйөрмандарынын агрессивдүү аракеттери (башка тилдерге которуу, мектеп программасына киргизүү) басыла элек. Тескерисинче айыгышкан күрөшүн улантууда. Мындай шарттарда Жумгал райондук сотунун аталган китепти экстремисттик деп таануу боюнча чечим кабыл алышы кеч болсо да, туура, калыс чечим болгондугун белгилей кетүүгө тийишпис.

Себеби буга чейин салттуу Манаска көлөкө түшүргөн, кыргыз элинин руханий жан дүйнөсүнө, көркөм сөз дөөлөтттөрүнө шек келтирген, кала берсе улуттар аралык мамилеге чок таштаган Бүбү Мариямдын “Айкөл Манас” китеби укуктук баасын ала элек болчу.

Эми Жумгал райондук соту кайсы негиздерге таянып, китепти экстремисттик деп таап отурат?
Ага кеңири токтолуп, райондук соттун чыгарган чечиминдеги айрым негиздемелерди келтире кетпесек, китептин кээ бир “күйөрмандары” соттун чечиминин негизсиз экендигин далилдөөгө аракет кылып, айрым маалымат булактарынан өз пикирлерин коомчулукка таңуулай башташты.
Айта кетүүчү нерсе, китепти экстермисттик деп таануу боюнча Жумгал райондук сотуна КР Башкы прокуратурасынын өзү кайрылган. Соттун жүрүшүнө КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышкан. Ушунун өзү эле маселенин өтө олуттуулугун белгилейт. Сот ачык форматта өткөн.
Жумгал райондук соту өз чечиминде КР МУКК тарабынан атайын түзүлгөн комплекстүү-филологиялык экспертизанын маалыматына таянган. Анда мындайча айтылат:

“... Комплекстик филологиялык экспертизанын 2015-жыл 4-майдагы корутундусуна ылайык, Муса кызы Бүбү Мариямдын авторлугу астындагы “Айкөл Манас” 10 томдук китеби кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө алып келүүчү, көптөгөн тарыхый фактыларды бурмалаган тарыхый эмес эмгек болуп саналып, аны таратуусу өлкөдө түзүлгөн диндер жана улут аралык тынчтыкты бузуп, улуттук жана диний касташууну тутандырышы мүмкүн”...

Бир сөз менен Жумгал райондук соту китепти эмне үчүн экстремисттик деп таануу керектигин төмөнкүчө аныктайт:
“Кыргыз Республикасынын Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө, идеологиялык, улуттук же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүүгө багытталган аракеттерди пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттер экстремисттик аракеттер катары таанылат”.

Жумгал райондук соту мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Маданият жөнүндө мыйзамынын 1-беренесине, ушул эле мыйзамдын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамынын 13-беренесине такап, жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 10, 60, 197-201 беренелерине ылайык чечимин чыгарган.

Анда КР Башкы прокуратурасынын доо арызы канааттандырылып: “Муса кызы Бүбү Мариямдын авторлугу астында 10 томдук “Айкөл Манас” китеби экстремисттик деп таанылсын”,-деп айтылат.
Ошондой эле, чечимде нааразы тарап 30 күндүн ичинде аппеляциялык тартипте даттануу же сунуш келтирүүгө укуктуу экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу Бүбү кызы Мариямдын чуулгандуу китебинин экстремисттик деп табылышын колдогон, өлкөбүздүн окумуштуу адабиятчыларынын, тилчилеринин, тарыхчыларынын, жазуучуларынын, коомдук ишмерлеринин Ж.Баласагын атындагы КМУнун филология факультетинде өткөн тегерек үстөлдө айткан айрым пикирлерин келтире кетели:

Д.Керимов, журналист (алып баруучу): Бул жерге “Айкөл Манас” китебин экстремисттик катары тааныган Жумгал райондук сотунун чечимин колдоо үчүн чогулдук. Ошондой эле, Саякбай киносун бул китепти колдоочулардын тартып жатышы да көп суроолорду жаратууда. Ушулар боюнча ой-пикир бөлүшсөк.

Омор Сооронов, жазуучу-окумуштуу: Бул китепти ашкерелеген, бетин ачып берген маалыматтарды элге жеткире албай жатабыз. Жетпегенден кийин эл ишенип ээрчип кетет экен. Ээрчиген соң эл бузулат. Ушу жагы коркунучтуу. Бул иштин башында КР Илимдер академиясы туруш керек эле. Анткени, эл илимий аныктамага ишенет... Элдин мүлкүн жалпы эл чечиш керек. Анткени Саякбай, Сагынбайлар элдики. Анда эмне үчүн “Айкөл Манас” китебин кызыл-чеке түшүп коргоп жүргөн Эрнис Абдыжапаров Саякбай тууралуу кино тартышы керек? Ким жол берди буга? Ал эмне деген кино болуп калат? Ушул китепти элге жайылтып жиберип, качан гана салттуу Манаска шек келтире баштаганда минтип алакан чаап отуруп калгандай, ал кино чыгып кеткенден кийин да ошондой абалда калабызбы?

Мелис Абакиров, Кыргыз эл жазуучусу: Бул жеке эле Манаска каршы чабуул эмес. Бул элдин мүдөөсүн чагылдырган улуу идеяга чабуул. Манас баштаган бардык эпостордо элдин, улуттун мүдөөсү, көксөөсү же идеологиясы чагылдырылат. Китеп ушул улуттук идеяны бүлүнтүүгө багытталган. Билесиңерби азыр бизде улуттук экономикалык идеологиябыз болушу мүмкүн. Ал эми улуттук идеологиябыз жок. Ошонун айынан ушундай нерселерге жол берилип кеткен.

Гүлбара Орозова, окумуштуу: Бул китеп башынан аягына чейин кыргыздын тарыхын, идеологиясын, менталитетин, нравасын, бардык жакшы сапаттарын бурмалаган. Биз окумуштуулар бул китепти ашкерелөөдө аракетибизди басаңдатып койдук. Эми китептеги ар бир эпизод, ар бир сюжет боюнча жазып элге жеткиришибиз керек болуп калды. Антпесек, улутубуздун жалгыз сыймыгы, дөөлөтү “Манасты” сактап калуу кыйын.

Садык Алахан, окумуштуу: Бул китеп элибиздин рухий коопсуздугуна, улуттар жана уруулар аралык, диний аралык мамилесине доо келтирет деп учурунда тийиштүү жерлерге нечен ирет кайрылганбыз. Соттун чечими ошол аракетибиздин үзүрү.

Курманбек Токтаналиев, окумуштуу: “Манас барда кыргыз бар. Манас бүтсө кыргыз да бүтөт”,-деп белгилүү режиссерубуз Болот Шамшиев айтты эле... Биздин институт КР МУККнын кайрылуусуна ылайык, Бүбү Мариямдын китеби боюнча көлөмү 10 барак корутунду жазып бергенбиз. Мен 2015-жылдын ноябрь айында “Айкөл Манас, Жайсаң – эпос эмес” деген макала жаздым. Баарынан мурда мугалимдерге түшүнүктүү болсун дедим. Анда Манастын касиети анын айтылышында деп жаздым. Кыраат менен айтылган анын ар бир сөзүндө энергия катылган. Бүбү Мариямда мындай жок. Муну Манас деп айтууга болбойт.

Курманбек Абакиров, окумуштуу: Бул китепти башында “Жайсаң” деген ат менен Шакин Эсенгулов чыгарган. Анан “Айкөл Манас” деп атап алышып, чыныгы Манас ушул, кыргыздын тарыхы ушул, тиги Манас жарабайт, Сагынбай бузуп айткан, Саякбай жамактап айткан деп чыгышпадыбы. Муну журналист Эсенбай Нурушев кезегинде кыргыз элине каршы диверсия деп туура жазган. Мен дагы адабий экстремизмдин айкын үлгүсү деп жазгамын. Азыр да ушул пикирдемин. Бул китеп “Хизбут Тахрирден” да коркунучтуу...Өлтүрбөйт, жардырбайт, бирок ичтен иритет.

Дилбар Чокоева, окумуштуу: Сыртынан билинбегени менен кыргызга кыйын күн келгени байкалууда. Биздин Манас Кум-Төрдүн алтын кенинен да катуу талашка түштү. А чындыгында Манаста Кум-Төрдүн алтын кенинен артык баалуулуктар бар. Муну билген адамдар талашууда. Мен Европа, Америка, орус адабиятынын тарыхынан сабак берем. Тарыхты карай келсек элдин элдүүлүгү, элдин байлыгы, анын чыныгы сапаттары ошол элде коргогон адамдар болсо сакталат экен. Коргогон, күйгөн адамдар болбосо ошол элдин улуттук колорити, атургай тили да, башка сапаттары да жок болот экен. Бүгүн Манасты сактайлы, коргойлу деп күрөшүп жатканыбыз абдан туура. Биз интеллигенция баш кошуп, өз оюбузду айтышыбыз керек.

Табылды Актанов, Кыргыз эл артисти: Мен улуу манасчы Тыныбектин түз небереси катары, жан дүйнөмдө 200 жылдан бери Манас жашап келаткан өнөр адамы катары кийинки күндөрү коркчу болдум. Манастын келечегинен коркчу болдум. Кыргыздын жеринде туруп кыргыз тилин коргойбуз деп чыгышканда бир күйдүм эле. Өз тилиңде өзүң сүйлөбөсөң, анан ким сүйлөйт айланайын. Бизде ар намыс деген барбы? Дагы бир нерсе азыр салттуу Манасты кайра жазгандар көбөйүп кетти. Бул туура эмес. Салттуу Манасты жайына койбойлубу?!

Тынчтыкбек Чоротегин, окумуштуу: Биз бул китептин салттык, манасчылык өнөргө каршы экенин элге жакшылап түшүндүрүп, анын мектептерге окутулушуна сот аркылуу бөгөт коюушубуз керек. Ошондой эле бул китепти мындан ары Жайсаңдыкы дебей, Бүбү Мариямдыкы деген соттун чечимин чыгартууга жетишибиз керек.

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: Биз кыргыздын гана эмес, адамзаттын улуу мурасын жактаган адамдарбыз. Кыргыз улутун, мамлекетин сактай турган улуттук идеология ушул Манастын өзүндө жазылып турбайбы...Баса, Эрнис Абдыжапаров теледен “мен Бүбү Мариямды өлөр өлгөнчө коргой берем”,- деп айтыптыр. Эми ошентип айткан киши Саякбай тууралуу кино тартабы? Ага 100 млн сом бөлүнүптүр деп жатышат. Ал акча кайдан келди? уга кызыккан киши барбы?

Эсенгул Исаков, экс-депутат: Эгемендик алган күндөрүбүздөн бери элибиздин кенебеген айкөлдүгү, бийликтин кайдыгерлиги ушуга алып келди. Мен жогоруда окумуштуулардын бул китепти деталдуу иликтеп, анын экстремисттик жүзүн элге жеткирсек деген сунушун колдоор элем. Буга мамлекет, өкмөт, Жогорку Кеңеш да көңүл бөлүп каражат жагынан болсун, бардык жагынан жардам берип, колдоосу зарыл.

Мурат Мукасов, окумуштуу: Жогоруда О.Сооронов айткандай биз буга учурунда көңүл бурбай коюп, ырбатып алдык. Ушул китеп жаңы чыкканда Райкул Сарыпбеков экөөбүз Самар Мусаевге кирип айтканбыз. Ал киши “Ээ, жерге кирсин, аны ким окумак эле, калат ушу бойдон”,- деп кенебестик кылып койгон. Ошондо эле жазып, ашкерелеп чыкканыбызда, эбак өчмөк. Мен Манас бөлүмүндө нан таап иштеп келаткан кишимин. Саякбай, Сагынбай окулбай, анан ушул Бүбү Мариямдын китеби окулуп калабы? Ушуга жол берүүгө мүмкүнбү?

Бекназар Айталиев,”Кыргыз эл жаштар кеңешинин” Бишкек шаардык кеңешинин координатору: Бүбү Мариямдын чуулгандуу китеби боюнча бир ууч гана адамдар болбосо (Эсенбай Нурушев, Садык Алахан, Курманбек Абакиров), жалпы кыргыз интеллигенциясы каршы туруп бере алган жоксуңар. Сөз Манас жөнүндө болуп жаткандан кийин ушинтип катуу айтышка акым бар. Биз жаштар Жумгал райондук сотунун чечимин колдойбуз. Ошондой эле Манастын кол тийгистиги тууралуу атайын мыйзам керек окшойт. Ушул жагын да ойлонуп көрсөк. Жогоруда Эрнис Абдыжапаров Саякбай тууралуу кино тарткан жаткандыгы тууралуу айтылууда. Анын ага моралдык акысы жок...Ойлонбой эле койсун...

PS: Түшүнүктүү себептер менен тегерек үстөлдө айтылган сөздөрдүн ток этер жерин бердик. Бирок баамдаган кишиге бул жерде дагы бир – “Манастын кол тийгистиги тууралуу” маселе чыгып жатат. Кыргыз эл артисти Табылды Актанов да азыр Манасты ар ким билгениндей жазып, андагы окуяларды андай эмес, мындай болсо дегендей өз вариантын жараткандар көбөйдү деген ойду айтты. Кошумчалай кетсем Манасты мектеп балдары үчүн жазгандар да көбөйдү. Анткени, жакшы өтөөрүн, эне-аталар Манасты билсин деп алып берээрин жакшы билишет. Бирок сөз Манас жөнүндө болуп жаткандан кийин, аны кандай деңгээлде, кандай багытта жеткирип жатышат, буга көз салган эч бир мамлекеттик мекеме жок. Ошондуктан, Манастын кол тийбестиги, аны жайылтуудагы мамлекеттик мамиле тууралуу мыйзам чыны менен керек окшойт.

Темирбек Алымбеков

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу