Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
15/07 13:08
 

«Кабар» МАБ: Германиянын Федералдык канцлеринин Кыргызстанга келиши тууралуу

«Кабар» МАБ: Германиянын Федералдык канцлеринин Кыргызстанга келиши тууралуу

2016-жылдын 13-июлунда Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин атайы чакыруусу боюнча Кыргызстанга расмий иш сапары менен Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель келди.

“Манас” аба майданында ГФРнын канцлерин Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев өзү тосуп алды. Кыргызстандын мамлекет башчысы канцлердин келишин кызуу куттуктап, салтка айланган ардактуу караул тизилип турду.

Ангела Меркелдин Кыргызстанда болгон биринчи расмий иш күнү 14-июнда студенттер, диний конфессиялардын жана улуттук азчылыктардын өкүлдөрү менен жолугушуудан башталды.

Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев менен Германиянын канцлери А.Меркелдин расмий жолугушуусу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү.

Жолугушууда А.Атамбаев улуу даражалуу конокту Кыргызстанга келиши менен куттуктап, буга кыргыз эли абдан кубанып жатканын белгиледи. “Бул сиздин биринчи расмий иш сапарыңыз, ал биз үчүн маанилүү. Кубанычтуусу ал Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туш келип отурат. Мен бул жолугушуу эки тараптын кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем. Сиздин келишиңиз Кыргызстан өзү тандаган демократиялык өнүгүү жолуна күч кубат берет. Сизге жана сиз менен бирге келгендерге рахмат айтамын”,-деди А.Атамбаев.

Өз кезегинде Ангела Меркель Германия Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылуу үчүн мындан ары да колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. “Кыргызстан кичине, бирок абдан кооз, эң сонун мамлекет. Сиздердин экономикалык жолуңар узак жана демократиялык өнүгүү жолун тандап алдыңар”, - деди Ангела Меркель.

Андан ары жолугушуу жабык эшик артында өттү. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу бирдеме айтуу эртелик кылат.
Бирок, Евробиримдиктин алдыңкы мамлекеттеринин биринин лидеринин Кыргызстанга атайын иш сапары менен келиши өтө маанилүү окуя экендиги, чөлкөмдөгү бир катар өзгөрүүлөргө белгилүү бир деңгээлде таасир берээри айтылууда.
Германиянын канцлери А.Меркелдин визитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда А. Атамбаев, бул сүйлөшүүлөр 2012 жана 2015 - жылы болгон сүйлөөшүүлөрдүн уландысы экенин белгиледи. “Көп маселелер тууралуу сөз болду. Мен А.Меркелге делегациянын мүчөлөрүнө өлкөбүздүн бардык тармактарындагы жүрүп жаткан процесстер тууралуу айтып бердим. Бул экономикалык маселелер, саясат жана коргоо темалары. Мындан тышкары, диндин радикалдашуусу, терроризм коркунучу тууралуу кеп болду. Бүгүнкү күндө дүйнө абдан кооптуу, биздин негизги максатыбыз Евроазия мейкиндигинде тынчтыкты сактап, согуш өртүнө жол бербөө болуп саналат”,- деди А.Атамбаев.

Президент А.Атамбаев Кыргызстан бир гана Германия эмес, жалпы Евробиримдик менен да тыгыз байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди. “Кызматташтыктын жол картасын иштеп чыгуу убакытты талап кылат. Бирок, мен биз эки мамлекетке тең ыңгайлуу жолду таба алабыз деп ишенемин. Биздин мамлекеттер калктын жан башына кирешеси боюнча айырмаланганы менен биздин элдерди демократияга ыктагандык бириктирип турат. Мен келечекте мамлекеттер ортосунда саясый, экономикалык жана башка багыттагы мамилелерибиз өркүндөп өсөөрүнө терең ишенем. Буга эч кандай тоскоолдуктар жок”, - деп баса белгиледи А.Атамбаев.

Буга кошумча А.Атамбаев Германия лидери кандай гана долбоор болбосун катышууга чын дилинен кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле, А.Атамбаев республиканын Өкмөтү 30-сентябрда Кыргызстанда өтө турган немис экономикасынын күндөрүнө эмитен даярдануусу зарыл деди. “Мен анда олуттуу жана конкреттүү долбоорлор болушун өзүм көзөмөлгө алам. Кыргыз тарап да буга күч жумшашы керек”, - деди Президент.

Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн жаңы башчысы С.Жээнбеков бул жолу 30-сентябрга белгиленген иш-чараларга мыкты даярданып, немистер тарабына конкреттүү долбоорлорду сунуш кылат деп ишене тургандыгын билдире кетти Президент.

Жолугушууда тараптар эл аралык мамилелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн да колдон чыгарышкан жок. “Биз Евразиялык өлкө болгондуктан, Украинадагы чыр-чатактын кесепетин, Россия менен Европа ортосундагы кризисти сезип келебиз. Колдон келишинче карама-каршылыкты жоюу кажет. Биз Европаны дагы, Россияны да тил табышууга чакырабыз. Мен жакында эле Ангела Меркелдин кайрылуусун көрдүм, анда ал эки тараптын эли акырындап жакындап баратканын айткан. Ушундан улам Лиссабондон тартып Владивостокко чейин бирдиктүү экономикалык аймак түзүлүп калуу мүмкүнчүлүгү бар, андан ары Бишкек деле алыс эмес”, – деди А.Атамбаев.

Өз кезегинде Ангела Меркель сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “Крым аннексиясы жана Украинанын чыгышынан орун алган жикчилдер” тууралуу сөз болгонун айтты. ГФРнын канцлери Кыргызстандын бул маселелерди Россия менен дипломатиялык сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү керек деген позициясына макул экендигин билдирди.

А.Меркелдин айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө радикалдуу ислам көйгөйлөрү тууралуу да сөз болгон.
“Кыргызстандын мамлекет башчысы менен сүйлөшүү учурунда биз радикалдык ислам маселелерин да сөз кылдык”,- деди А.Меркель журналисттерге. Анын пикири боюнча, Кыргызстанда имамдарды окутууга аракеттенүү зарыл, ошондой эле тынчтык исламды өнүктүрүү керек. ГФРдин канцлери белгилегендей, Германия бул маселелер боюнча жардам бергенге даяр, анткени бул өлкөдө салттуу дин ишмерлерин даярдоо боюнча атайын окуу жайлары бар.

Ал эми Кыргызстандын Президенти А. Атамбаев эгемендиктин жылдарында Кыргызстандын бийлиги дин маселеси боюнча иш алып барбагандыгын билдирди. “Үч жыл мурун тийиштүү концепцияны кабыл алдык. Баары бөтөн кийимден, тилден башталып, анан баш кесүүгө өтөт. Бул жерде исламга тиешелүү эч нерсе жок. Бизде дин тутуу эркиндиги бар, бирок бизге өзүнүн оюн таңуулаганга эч кимдин акысы жок. Биз өзүбүздүн тилибизди, маданиятыбызды, үрп адат салттарыбызды сакташыбыз керек. Ошондуктан мындай баннерлер керек. Ал Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда илинип туруга тийиш. Анда бизге чоочун маданиятты таңуулап жатышканы чагылдырылган”,- деди А.Атамбаев пресс-конференциянын жүрүшүндө.

Бул жерде Бишкектин башкы көчөлөрүнө илинген баннердеги салттуу кийим кийинишкен кыргыз аялдары, ал эми катарында хиджабга чулгангандар, төмөн жагына “Кайран элим, кайда баратасың”,-деп жазылган баннерлер тууралуу сөз болуп жатат.

Мындан тышкары, А.Атамбаевдин айтымында А.Меркель менен БУУнун адам укугу боюнча Комитетинин чыгарган чечими тууралуу дагы пикир алмашуу болгон. “Биз Конституцияга ылайык А.Аскаровдун иши боюнча БУУнун Комитетинин чыгарган чечимин мүмкүн болушунча аткардык. Комитет аны бошоткула деген жери жок, болгону тергөө амалдарында кемчиликтер кеткенин маалымдашкан. Мен бул тууралуу сот иштери боюнча бөлүм башчы менен сүйлөштүм. Ал Чүй облустук сотунда иш кылдат жана дыкаттык менен териштирилерин айтты. Буга жарым жыл, мүмкүн бир жыл, эки жыл кетээр. Аны бошотуу тууралуу чечим жок, болгону кеткен жаңылыштыктарды оңдоо гана керек”,- деди Президент.

КР Президентинин айтымында, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга Кыргызстандын президенти кат менен кайрылып, комитеттин 12 экспертин сот иштерине катышууга чакырган. “Биз ал эксперттердин кабыл алууга, бул жерде жашоосун каржылоого даярбыз. Бул ишти ачык айкын карап, бардык суроолорду алып салабыз”, - деди ал.

Ал эми А.Меркель бул тууралуу жолугушууда сөз болгонун кайталап, А.Атамбаев аны иш ачык-айкындык менен каралаарына ишендиргенин айтты.

“Биз мындан тышкары чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, анын кабыл алынбаганына сүйүндүк. Сиздерде жандуу жарандык коом бар экенине көзүбүз жетти”, - деди А.Меркель.

Жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай эки тараптуу келишимдерге, макулдашууларга кол коюлган жок. Бирок, бул жөн гана эс алуу сапары болуп калды деп айтууга болбойт. Анын натыйжасы кандай болгондо да, жакын аралыктарда көрүнө баштайт.

Эрмек Абдрисаев

“Кабар” МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу