Аналитика

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
20/06 14:40
 

Жарытпаган жайыт саясаты

Жарытпаган жайыт саясаты

 Кыргызстандын 95 пайызын тоолор түзөт дейбиз. Мындан улам бир караганда кылым кыргыз жалаң эле тоо-таштын арасында калгандай туюлушу мүмкүн. Бирок, андай эмес. Таптакыр андай эмес. Ошол калган 5 пайыздын ичинде бир гана суу баскан жерибиз 1 млн 200 миң гектарды түзөт. Аттиң демекчи, Европадагы бирин-экин чакан мамлекетти кенен-чонон батыра турган мынчалык жер аянты, эгемендик жылдардагы “быржыбайды там баскан” айыл чарба саясатынан улам 800 миң гектарга чейин азайып кеткен. Бул өзүнчө узун-сабак кептин темасы болгондуктан, көңүлдү тоолорубузга, андагы жайыттар маселесине бурсакпы деп турам.

“Жайыт” мыйзамы чыгып жаныбыз калган....

Касиеттүү ак мөңгүлүү тоолорубуз доорлордон бери кыргызды багып эл кылды, кыргыз каны-жаны менен коргоп жер кылды. Бүгүн деле ошол. Калкынын 65-75 пайызы айыл жеринде жашаган Кыргызстандын карманары, таянганы дале болсо тоо койнунда багылган төрт-түлүгү. Эң кызыгы кыргыз эмне күндү көрсө жайыттары да ошол күндү көрүп келгенинде. Союз мезгилинде 10 млн-дон ашкан ак койдун туягы алдында майышып, чаңы учуп, береке-куту качкан күндөрдү да өткөрдү. Көрүп калдык. Эбегейсиз көбөйгөн малдын оозунан мурда туягынан эң биринчи бетеге качат экен. Шүмшүк ак кой артынан кууп барып, ашуу белдерден кармап жеп келчү. Эгемендик келгенде ошол “шүмшүк” деп сөгүп жүрчү миллиондогон ак кой, эки жылга жетпей кантип жок болуп кеткенин өзүбүз байкабай калганбыз. Көрсө “таяктын эки учу болгондой”, канчалаган улуу муундун, окумуштуулардын эмгеги менен “мал” болгон, бүтүндөй улут сыймыктана турган породаны жеп коюптурбуз. Азыр ордун таппай сыйпалап калдык. Кептин баары жайыттын мүмкүнчүлүгүнө карабай, санын көбөйтүп жибергенибизде болуптур.

Макул, ал күндөр өттү-кетти дейли. Эки тизгин бир чылбыр өзүбүзгө тийген эгемендик күндөрүбүздө, жайыттарды туура пайдаланып жатабызбы? Кыргызстан 2009-жылы №30 “Жайыт мыйзамын” кабыл алуу менен жайыт маселесин жолго коюп кете алган бирден-бир өлкө болгонун, калыстык үчүн айта кетишибиз керек. Болбосо, туташ менчиктештирүү мезгилинде бийлигинен пайдаланып, кызарган жердин баарын басып алып, бир заматта тири укмуш байып чыккан көпөстөрдүн суук колу жайыттарга чейин жетип, 49 жылга ижарага алуу шылтоосу менен кыргыздын кымбат жайлоолорун менчиктештирүү жолуна түшкөн болчу. Айрым жерлерде карапайым адамдар бакан ала жүгүрүп, баш жарылып, көз чыккан деңгээлге жетип калган.

Малдын саны менен кошо өскөн көйгөйлөр

Учурда дал ушул “Жайыт” мыйзамы менен жашап жатабыз. Анын шартына ылайык жайытты пайдалангандыгыбыз үчүн малдын санына, кыргызча айтканда туягына жараша төлөп келебиз. Мамлекеттик “Жайыт” департаментинин директору Уланбек Төрөгелдиевдин берген маалыматына таянсак, жайытты пайдалангандыгы үчүн бир жылга ар бир кой-эчкиден - 7-20 сом, кара малдан (уй, жылкы,топоз) – 50-150 сомго чейин жайыт акысы алынат экен. Салыштырып көрсөк жайыт пайдалануучулардан 2011-жылы – 33 млн, 2012-жылы – 66 млн, 2013-жылы - 111 млн, 2014 - жылы 130 млн, 2015-жылы - 131 млн сом каражат түшүптүр. Демек, жыл өткөн сайын өсүп баратканы байкалат. Анткени, Кыргызстанда малдын саны күн санап өсүүдө.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 5 млн 953 миң кой, 449 миң - жылкы, 762 миң – уй бар. Кара малды (уй-жылкы) айтпаганда да, койдун саны арбып баратыптыр. Бу тейинде жүрүп отурсак аз жылдарда баягы союз мезгилиндеги ак койдун артынан кууп жеткени калыптырбыз. Ошентип бул жерден эки маселенин башы чыгып жатат.

Биринчиси – сандан сапатка өтүү же малды асылдандыруу саясатын чукул колго алуу. Баарыбыз эле мал менен өстүк. Малдын оозу бирди жесе туягы онду жейт. Андыктан малдын санынан мурда сапатына, жөнөкөй айтканда эчкидей сүт берген 5 уйдан көрө, 20-25 литр сүт берген 1 уй баксак, же болбосо 5 койго караганда сапаты, кирешеси алда-канча жогору асыл тукум койлорду бакканга өтсөк жайыттар малдын санынан майышпай эс ала түшмөк.

Экинчиси – мамлекет малды асылдандырууга приоритеттүү багыт катары маани берип, жайыттардын пайдаланууну саясатын жакшыртпаса болбойт. Себеби жайыт, жер мамлекеттики болгондуктан, баарын Кыргызстандагы 454 жайыт комиттерине жүктөп коюп жата бергенде, кайран жайыттардан айрылып калуу коркунучу жаралууда.

Жарытпаган жайыт комитеттери

Кыргызстанда 9 млн 147 миң гектар жайытыбыз бар. Же жалпы жер аянтыбыздын 50 пайызы жайыттар. Эзелтеден мал киндиктүү жергебиз үчүн мындан өткөн байлык жок. Мунун ичинен жакынкы жайыттар – 2, 318 млн.гектар, ортоңку жайыттар- 2, 907 млн. гектар, алыскы жайыттар -3, 921 млн.гектар аянтты ээлейт.

Белгилүү болгондой жайыт комиттеринин мүчөлөрүн, жетекчисин жер-жерлерде эл өзү шайлайт. Жайыттан түшкөн каражаттарды да ушу жайыт комитети бөлүштүрүп, кайсы жерге канча малды жайгаштырууну да ушулар чечет. Мен билгенден учурда айыл өкмөттөрүндө жайыт комитетинин төрагасынан өткөн абройлуу жумуш жок. Жайытка жетүү үчүн көпүрө салдыруу, жайлоолордун жолун оңдотуу, жайытты кандай пайдаланып жатканына көз салуу – айтор, бардык кыймыл, ушул жайыт комитеттерине байланышып, алардын төрагасынын деңгээлине жараша чечилет. Башкача айтканда элет жеринде бийлик ушулардын колунда.

Мамлекет “Жайыт” мыйзамы аркылуу жайлоолорду пайдалануу маселесин жалпы жонунан чечкени менен өзү кантип жайыт комитеттеринин барымтасында калганын туйбай калды. Фактыга кайрылсак рынок заманында кымыз, каймак, сары май, куруттарын сатып оокат кылгандар арбыды. Болсун, ылайым мээнети кайтсын дейли. Бирок, мунун артынан дагы бир көйгөй жаралды. Жолдун жакындыгына, өндүргөн продукцияларын жеткирүүнүн оңоюна караган фермерлерибиз жакынкы жайлоолордон айдасаң да чыгышпайт. Айрыкча, Кыргызстан боюнча кан жолдун бойлоруна отуруп алышып, жол жээгиндеги жайыт чөптөрүнүн таш-талканын чыгарышууда.

Бул жерде жайыт комитеттери “биздин кандай тиешебиз бар?”, - деп асман-айга секириши мүмкүн. Бар! Түздөн түз тиешелери бар! Себеп дегенде кан жолдор өткөн жакынкы аймактагы жайыт жерлер дал ошол жайыт комитеттеринин жакынкы жайыттарына кирет. Жайыт пайдалануучуларды: “Бир жерде сары желе болуп отура бербей, желеңди котор, жерди туура пайдалан”,- деп талап кылуу, ошондой эле ортоңку, алыскы жайлоолордун жолун тезирээк жөнгө салып, көпүрөсүн оңдоп, малыңды ошол жакка чыгар деп айтуу да алардын мыйзамдык милдети! Болбосо жыл сайын жайыт пайдалануучулардан жыйналган, көлөмү өсүп бараткан каражат каякка жумшалып жатат?!

Суру качкан Суусамыр

Жогоруда мен айткан көрүнүштүн “атасын” Суусамырдан көрөсүң. Кайран Суусамыр! Жыл өткөн сайын жол жээгиндеги жайыт чөптөрү тебеленип, куну учууда. “Бишкек-Ош” кан жолунун эки жагына шыкала конуп алган эл... Чөбү качкан, жедеп саргайып кеткен желелерде чыңырган кулундар... Бири мыкты, бири алачык кейиптенген боз үйлөр... Атүгүл жети укмуш үйлөр да салынып кеткенине көп болду.

Аларга кимдер уруксат берип жатканын “Жайыт” департаментинин директору Уланбек Төрөгелдиев мындайча түшүндүрдү: “Өкмөттүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтомунда жайыт комитеттери жайыттарды башка максаттарга пайдаланса да болот деген жери бар. Суусамырдагы салынып кеткен үйлөргө уруксат жайыт мыйзамы чыга электе берилген же токтомго ылайык жолдор менен берилип кетсе керек. Ошондой эле жайыт комитеттери коомдук уюмдар катары саналгандыктан, мамлекет алардын ишине кийлигише албайт. Департамент мыйзамга ылайык жайыт саясатын гана жүргүзөт”,- дейт ал.

Мына тамаша! Жер мамлекеттики болсо? Анан аны пайдаланган жайыт комитеттери коомдук уюмдар болуп чыга келишсе? Бийлик эч нерсе дей албаса? Жайыттан түшкөн каражаттарды билгениндей пайдаланып жатышса? Бул эмне деген жайыт саясаты?!

Мындан тышкары Суусамырдагы “Бишкек-Ош” кан жолунун 50 метрге чейинки жээги КР Транспорт жана байланыш министрлигине караштуу болгондуктан ал жерлерге келип жайгашып алгандарга «Жайыт» департаменти кың дей албайт экен. Ал эми аталган министрликке Суусамырдын кереги жок... Тескерисинче жең ичинен кызыкдар да болушу мүмкүн. Ошентип Суусамырдагы жол жээгиндеги түзүлгөн кырдаал боюнча бир дагы мамлекеттик орган жоопкерчиликти алгысы келбейт. Минтип мамлекеттик мекемелер бир-бирине шылтап жүрө беришсе эртең Суусамыр жайлоосунан айрылып калбайбызбы?! Бул жерде ушул маселелердин баарын мамлекеттик мыйзамдарга ылайык кайра караган чечкиндүү чараларды көрбөсө, эртең кеч болуп калчудай.

Ошентип айтылуу Суусамыр жайытын бир жагынан жол жээгинен баштап өзүбүздүн жарандар жайлап атса, экинчи жагынан алтыгана басып куушурулуп баратат. Жакында Суусамырда өткөн бул темага арналган тегерек үстөлдө алтыганадан кантип арылуу тууралуу сөз болгону менен, аны кандай жол менен жоготуу жагы чечилген жок. Мамлекеттик “Жайыт” департаменти азырынча канча жер алтыгананын алдында калганын эсептеп берүү үчүн, “Кыргызжердолбоорлоо” мамлекеттик институтуна кайрылгандыгын билдирди. Ал эми аталган институттун башкы инженери Адам Таштемиров аэросүрөткө тартуу жолу менен так эсептеп чыгуу үчүн 4-5 млн. сом керектигин, бирок айла кетсе 1 млн сомго деле жасап беришээрин айтат.

Ошону менен Суусамыр болобу, кыргызга кымбат башка жайлоолор болобу, бизге ата-бабаларыбыз кандай абалда калтырса, ошондой калыбында эртеңки муундарга калтырабыз десек эртерээк кыймылдабасак болбой калды!

Темирбек Алымбеков

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу