Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/06 18:35
 

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынтыгы

 КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынтыгы

2016-жылы 7-июнда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны болду.

Ага катышуу үчүн Бишкекке КМШга кирген беш өлкөнүн – Россия, Казакстан, Беларусь, Молдова жана Тажикстандын премьер-министрлери келди. Калган өлкөлөрдүн атынан вице-премьер-министрлер жана биринчи вице-премьер-министрлери катышты.

Жалпысынан жыйындын жүрүшүндө 20 дан ашык маселе каралды. Соода-экономикалык кызматташтык, энергетика жана саламаттыкты сактоо, андан тышкары тамак-аш коопсуздугун жакшыртуу инновациялык өз ара аракеттер программасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын алдында КМШ өлкөлөрүнөн келген делегация башчылары Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, салтанаттуу сүрөткө түшүштү.

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга Азербайжан премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы, Армениянын биринчи вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Беларустун Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов, Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Молдованын Премьер-министри Павел Филип, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстан Министрлер кабинетинин төрагасынын транспорт жана байланыш боюнча орун басары Сатлык Сатлыков, Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучулары менен кызуу саламдашты. “Мен сиздерди кыргыз жеринде көрүп турганыма абдан кубанычтамын. КМШнын 25 жылдык юбилейинде Шериктештикке төрагалык кылуу ардактуу миссиясы Кыргызстанга буюруп отурат. Быйылкы жылдын сентябрында Бишкекте Шериктештикке мүчө мамлекет башчыларынын катышуусу менен КМШнын юбилейлик саммити өтөт. Албетте, мен сиздердин жана Уюмдун секретариатынын албан аракеттерине жараша Бишкек саммитин жакшы өткөрөбүз деген үмүттөмүн”,-деди Кыргызстандын Президенти.

Ошондой эле, А.Атамбаев КМШны жана анын тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту Кыргызстан колдой турганын билдирди. “Ошону менен катар мамлекет башчысы бардык чечим так жана кынтыксыз эсептелип, алгылыктуу болушун көздөп, Кыргызстан КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактайт. Мен ишиңиздерге ийгилик каалап, саммитти жемиштүү өткөрүп алууңуздарды тилейм”,-деди Өлкө башчы.

Кыргызстанды премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жыйынды ачып жатып, келген коноктор менен саламдашты. Кыргызстандын премьер-министри КМШнын алкагында мындан аркы байланыштарды кеңейтүүнүн, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, андан тышкары эркин соода зонасынын режимин калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык өз ара аракеттерин бекемдөө зарыл деп эсептейбиз. Эки интеграциялык биримдиктин ортосунда толук масштабдуу эркин соода режимин киргизүүнү карасак болот деп ойлойм. Мындай чара өз кезегинде биздин өлкөлөрдүн, өзгөчө азыркы экономикалык кыйынчылык учурдагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү шарттайт. Мындан тышкары, дүйнөдөгү өзгөрүүлөр жана чек аралар ортосундагы чакырык жана коркунучтардын пайда болушу күчөп турган шартта мамлекеттердин бири-бирине көз карандылыгы артууда. Мунун бары бизди бардык багыттар боюнча КМШ форматында бирдиктүү иштөөбүздүн зарыл экенинен кабар берет”,-деди премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылар эркин соода зонасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, электр энергетика чөйрөсүндө инновациялык кызматташтык, өз ара ишмердүүлүктү тереңдөтүү, радиоактивдүү булактарды бөлүштүрүү, агробиотүрдүүлүктү сактоо маселелерин талкуулашты.


Андан тышкары, аймакты миналардан тазалоо чөйрөсүндө куралдуу күчтөр үчүн адистерди даярдоо, химиялык чөйрөдөгү адистердин квалификациясын көтөрүү маселеси каралды.

Белгилей кетүүчү жагдай КМШнын мааракелик жыйынында Өкмөт башчылар КМШ өлкөлөрүнүн калкын 2020-жылга чейин каттоо, жаштар менен иштөө, Шериктештик өлкөлөрүндө жаштар арасында ишкердикти өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жаатында кызматташтык маселелерине дагы токтолушту. КМШ өлкөлөрүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү ийгиликтерине байланыштуу, гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган “ART EXPO” эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү талкууланды.

Жыйында кеңештин кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылы октябрь айында Минскте өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгына арналган брифингде Сергей Лебедев КМШнын алкагында интеграция процессин күчөтүү боюнча 16 документке кол коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, КМШнын аткаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга жана уюмдун натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу тууралуу протоколдун чечими кабыл алынды.
Көрсөтүлгөн сунуштар ушул жылы 16-сентябрда Бишкек шаарында өтө турчу КМШ өлкө башчыларынын кеңешинде кароого киргизилет.

Беларусь тараптын сунушу боюнча КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин кийинки жыйыны 2016-жылы 28-октябрда Минскте өтөт.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Шериктештиктин ишмердүүлүгүнүн, аны жаңы шарттарга ыңгайлаштыруунун актуалдуу маселелери талкууланды”,-деди С.Лебедев.

Өз кезегинде Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны конструктивдүү өткөнүн белгиледи.

“Жыйын өз ара конструктивдүү багытта өттү. Уюмдун алкагында кызматташтык кеңири багытты, алсак, экономика, өндүрүш, инновация, билим берүү, энергетика жана саламаттыкты сактоо тармактарын камтыды.

Жыйындын күн тартибиндеги каралган маселелердин негизги бөлүгү мындан аркы гуманитардык кызматташууларга багытталды. Эркин соода жүгүртүү, онкологиялык оорууларга каршы концептуалдык документтер жана кант диабетин дарылоо боюнча мамлекеттер аралык протокол кабыл алынып, бир нече келишимдер түзүлдү”, – деди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жыйында КМШ өлкөлөрү арасында азыркы актуалдуу маселелерди оптимизациялоо жана аларды заман талабына шайкеш келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«Бүгүнкү күндө аталган маселе боюнча белгилүү жыйынтыктар бар: аймактык мамлекет аралык уюм катары КМШны сактоо зарылдыгы аныкталган, Мамлекет башчылар жана Өкмөт башчылар кеңешинин күн тартибин “жеңилдетүү” боюнча жалпы түшүнүшүү орун алып, КМШ органдарынын жана КМШ Аткаруу комитетинин ишинин айрым маселелери боюнча сунуштар иштелип чыгып, ошондой эле КМШнын келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо боюнча пландар коюлууда», — деди премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн өлкөнүн көзкарандысыздыгына ээ болуусуна 25 жыл толушу менен катар КМШ үчүн юбилейлик жылы – анын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгон учурда Шериктештикке төрагалык кылуу боюнча жоопкерчиликтүү ардактуу милдет тагылды.

«Бишкекте 2016-жылдын 16-сентябрында өтүүчү КМШ юбилейлик саммити – маанилүү иш-чаралардан болуп саналат, анын алкагында мамлекет башчыларынын юбилейлик билдирүүсүн кабыл алуу пландаштырылууда», — деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков.


Эрмек Абдрисаев,
«Кабар» МАБ

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу