Аналитика

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
08/06 18:28
 

Кыргыз коомундагы атуулдук жана патриоттуулук

 Кыргыз коомундагы атуулдук жана патриоттуулук

Учурда коомчулукта баалуулуктарды кайра баалоого, атуулдук жана патриоттук көз караштарды калыптандырууга байланышкан процесстер байкалууда. Бул идеалдары жана көз карашы болбой туруп коомдун мындан ары позитивдүү өнүгүшү мүмкүн эместигин адамдар түшүнүп калгандыгын билдирет. Акыркы 20 жыл аралыгында республиканын калкынын көңүлү негизинен коомго эмес, жеке адамга бурулуп келген. Бул коомчулукту бөлүнүүгө жана бара-бара улуттук аң-сезимдин жоголушун шарттаган.

Эксперттердин пикирине караганда , жаштардын баалуулукка болгон багыты тетири кетип, улуттук тарбия модерндик багытка өзгөргөн. Ошого карабай кыргыз эли өз баалуулуктарын жана улуттук салтын сактап калууга аракет кылууда. Карыларды сыйлоону, алардын сөзүн угууну көпчүлүк жаштар өздөрүнүн милдети катары сезүүдө. Ошондой эле турмуш- тиричиликтеги, үрп-адаттагы илгертеден калыптанып калган баалуулуктар улуу муундан жаштарга өтүүдө. Мындай мүнөз элде кылымдар боюу калыптанган.

Көптөгөн кыйынчылыктарды, азап-тозокторду, жамандык-жакшылыктарды өткөргөн кыргыз эли тынчтыкты, бейпилдикти, башка элдер менен ынтымак-ырашкерликте жашоо позициясын карманат. Мурдагы өкмөттүн ачкөздүгүнөн улам болгон эки революция да өз ролун ойноду. Айрым фигуралар өз көмөчүнө күл тарткандан улам өлкөнүн түштүгүндө тутанган кайгылуу окуя да өз изин калатырды.

Жек-жаатка, уруу-урууга, улут-улутка бөлүнүүнү токтотуп, биримдикте алдыга жылуу керектигин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бир нече мертебе айткан. “Биз мамлекетибизди сүйүүгө, тарыхын билүүгө тийишпиз. Биз эч качан элдерди өңүнө, көзүнө карап бөлбөшүбүз керек, эч бир динде мындай болгон эмес”,-деп КР Президенти А. Атамбаев июнь окуясы учурунда адамдарды сактап калууда жеке эрдик көрсөткөн жарандар менен өткөн жылы жолугушуу учурунда айткан.

Өлкө калкы өз мекенин сүйбөсө, өлкөдө жашаган элдердин рухий мүмкүнчүлүктөрүнө ишеним артпаса, өз өлкөсүнө жан дили менен кызмат кылууга даяр болбосо, улуттардын биримдиги үчүн аракет кылуу текке кетет. Эксперттер дагы мунсуз коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн кийинки баскычына өтүүгө мүмкүн эместигин белгилешүүдө.

Жаштар арасында жарандык жана патриоттук жактан тарбиялоо системасын түзүү инциденттердин кайталанбашына жана улуттук аң-сезимдин жоголушуна жол бербөө үчүн зарыл. Келечекте бул система өлкө жарандарынын жүрүш-турушунда жана аң-сезиминде стихиялык процесстерди көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан патриоттук тарбияны, Мекенге, улуттук каада-салттарга , өз элине болгон сүйүүнү ойготууну кичинекей кезден баштоо керек. “Чыныгы патриоттор Ата-Мекенин жана кыргыз тилин сыйлоосу керек. Мына ушул нерсе республикабыздын жарандарын бириктирип, этникалык карама-каршылыкты алдын алууга жардам берет”,-деп КР Президенти А. Атамбаев 2010-жылдагы июнь окуяларынын баатырлары менен жолугушууда айткан.

Балдарын толеранттуулук сезимге тарбиялоодо ата-энелер мындай сезим көңүлкоштукка өтүп кетпешине байкоо салуулары керек, анткени ал өз учурунда фашизмге, расизмге жана улутчулдукка чыдоого жана симпатия көрсөтүүгө алып келиши мүмкүн. Барыдан мурда толеранттуулук адамда социалдык жоопкерчиликти жаратуусу зарыл. Коомдо толеранттуулукка тарбиялоо үчүн баланы кичинекей кезинен тарбиялап баштоо керек. Кыргыз үй бүлөлөрүндө балдарды тарбиялоо милдети көбүнчө аялдарга жүктөлгөн. Кыргыз коомчулугунда аялдар канчалык жогорку нравалык деңгээлде болсо, элдин да жүрүш-туруш маданияты, нравалуулук талаптары ошончолук жогору болот.

“Биз энелердин жылуу сөздөрүнө дайыма муктажбыз. Энелик акылмандык жана мээрим балага дайыма жолчырак болот, алдыга койгон максатына жетүү үчүн бардык кыйынчылыктарды жеңүүсүнө дем берет. Чыныгы адам болуп өсүүгө үйрөтөт. Биз канча жашка чыкпайлы, башыбызга оорчулук түшкөндө кеңеш жана колдоо алуу үчүн биринчи кезекте апаларыбызга кайрылабыз”-деп мамлекет башчысы өлкөбүздүн көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо салтанаты учурунда айткан.

Республикабыздын калкынын орчундуу бөлүгү улуттук жана улутчулдук тарбияны ажырата алышпаганы жашыруун эмес. Эгерде биринчи түшүнүк өз элинин тарыхына, маданиятына жана ошондой эле башка диндерге, башка элдердин маданиятына сый мамилени билдирсе, экинчи түшүнүк ушунун бардыгына тескерисинче туруп, биринчи планга чыныгы улут идесын алып чыгат. Көп улуттуу коомчулукта улуттук патриотизм тенденциясы коркунуч жаратат, көптөгөн чет элдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул тенденцияга азыркы жаштар көбүрөөк ооп кетишет. Мындай көрүнүштү Европа өлкөлөрүнөн ачык байкоого болот. Тилекке каршы мындай мисалдар биздин мекендештерден да байкалууда. Акыркы жылдары россиялык ЖМКлар кыргыз жарандары Россияда жана КМШнын башка өлкөлөрүндө жүрүшкөн мекендештерине улутчулдук сезимге алдырышып кыдык көрсөтүп жатышканын жазышууда. Жалган патриоттук көрүнүш кыргыз-өзбек чек арасында болгон талаш-тартышта да байкалды, ошол учурда айрым өз кызыкчылыктарын гана көздөгөндөр чыгып, адамдарды митингке чыгууга чакырышкан болчу.

“Чек арадагы чатактан согуш чыккан, бирок кээ бир жалган патриоттор чек арадагы чыккан талаш-тартышты өз кызыкчылыктарына пайдаланып, элди дүрбөтүүдө.Мындай ыкма менен чек ара маселеси чечилбей тургандыган түшүнүү керек. Эл кырдаалды түшүндү, мен элге ыраазымын”- деп айткан Кыргызстандын ошол учурдагы Өкмөт башчысы. Демек жаштардын, дегеле жалпы элдин саясый билимдүүлүгү, баардык нерседен маалымдуулугу өтө маанилүү. Башкача айтканда, өлкө калкын маалымат селин талдай билүүгө, партиялардын, ар кандай агымдардын максаттарын, өзгөчөлүктөрүн түшүнө билүүгө үйрөтүү керек. Ушундай иш чаралардан улам гана адамдар керексиз маалыматтарды четтетип, саясый топтордун чыныгы максаттарын түшүнүп калышат.

Эрмек Абдрисаев, «Кабар» МА

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу