Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/02 16:20
 

37 млн доллардын чатагы оңой бүтпөйт көрүнөт

 37 млн доллардын чатагы оңой бүтпөйт көрүнөт


Кыргызстан үчүн Жогорку Нарын каскаддарынын, Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин курулушу өтө маанилүү болчу. Белгилүү болгондой Россия кампаниясы ишти баштабай жатып таштап кетиши, аргасыздан башка инвестор издөөгө мажбур кылууда. Эми инвестор деле табылар, айталы дегенибиз, мындай ири долбоорлордун ичине кире калып, бирдемени илип кеткенге маш эски оорубуз тууралуу болмокчу.

О-уу, бармак басты, көз кысты...

Орусия тарабынан оболу Жогорку Нарын каскадында иш кызып, анча-мынча иштер аткарылып жаткандай көрүнчү. Көрсө, жолдон алыс Жогорку Нарын суусунун боюнда эчен акчалардын башына суу куюп, андан ары чайкап салышканы эми ачылып жатат. “Русгидро” ишканасы иштин башталышына эле 37 млн доллар жумшаганы, ага жараша же жасалган иштердин көрүнбөгөнү ЖК депутаттарынын шектенүүсүн жаратып, 12 кишиден турган комиссия түзүлгөнү баарыбызга маалым.

Себеби, Кыргызстан ошол 37 млн долларды орой айтканда Орусияга кайра төлөп берүүгө милдеттүү. Анан ким эле жуткан ашын жөндөн жөн окшугусу келсин, муну териштирип көрбөсөк болбойт дегенбиз. Ошонубуз туура болуптур.

Комиссиянын төрагасы А.Шыкмаматов бул ишке шыктануу менен киришип, жети укмуш фактыларды ЖМКларга айтып чыкты. “Алардын сайтындагы отчетто 7 млн долларлык гана иш аткарылганы тууралуу отчет бар экен, иликтей келгенде баасы эки-үч эсе жогорулатылганы аныкталды”,- деди ал.
Союз кезинде кошуп жазмай деген оорубуз бар эле. Өнөгүбүз деле ошол Союздун нанын жеп калгандык кылышканбы, айтор 75 миң долларлык бетон заводун 500 миң долларга “көкөлөтүп” жиберишиптир. Бул жагынан келгенде “Русгидро” чымынды төөдөй, төөнү тоодой көрсөтүп ийген кыргыздын жомоктору жолдо эле калыптыр. Аны шыпылдаган Шыкмаматов далилдеп, 500 миң долларлык көпүрө бери болгондо беш эсе арзан болмогун, сайттарды ача салып айтып жатпайбы. Дагы экологияга тийгизген таасирин иликтөөгө 200 миң долларды турган жеринен санап беришиптир. Шыкмаматов тилин “шык” эттирип, болгону 1000 долларга бүтчү жумуш экен деп турат.

Нарын суусунун ГЭС курула турган жагы ээн жер, ит-кушу көп болот. Бу куруучулар жапайы карышкырдан коркконбу же киши карышкырдан сактанганбы, кыскасы кароолчуларга эле 200 миң долларды кармата салышыптыр. Айтор, Шыкмаматовдун сөзүнө караганда буларың 1 сомду деле 1000 сом деп жаза беришсе керек. Депутаттар комиссиясы мунун баарын ийне жибине чейин тактап беришсе кана?

Бул учурда Өкмөт да мекемелер аралык өз комиссиясын түзүп жатканы белгилүү болду. Улуттук энергетикалык холдингинин жетекчиси Айбек Калиев: “Документтердин баарын алдыртабыз, көз карандысыз баалоочуларды жалдайбыз, арзан болгонун, кымбат болгонун орус тарапка билдиребиз”,-деп жатат.

Кимисине ишенебиз?

Бул жагы го такталаар. Мени ЖМКларда айтылган башка маалыматтар кызыктырып жатат. Депутаттык комиссиянын билдиргенине караганда Жаратылышты коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология коопсуздугун мамлекеттик жөнгө салуу борборунун директору Байбагыл Төлөнгүтов тендер жарыяланганга аз калганда өзүнүн атынан “Чүй экологиялык лабораториясы” деп аталган уюмду ачыптыр. Кийин 13 млн 450 миң сомдук тендерди жаңы эле ачыла калган дал ушул компания жеңип чыгыптыр. Мунун себеби негиздөөчү тендерди компаниянын мүчөсү экен. Андан да кийин экспертиза каза баштаганда Төлөнгүтов компанияны аялына каттата салып, өзү чыга бериптир. Депутаттык комиссия “ушул жерде көз боемочулук бар” дегендей күмөн санап жатат.

Ошол эле учурда Жаратылышты коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиги өз кызматкеринин мындай көз боемочулукка тиешеси жоктугун белгилеген билдирүү таратты. Ал маалыматка караганда аталган Борбордун Жогорку Нарын ГЭСи долбоору боюнча жүргүзүлгөн экологиялык таасири тууралуу баа берүүгө дегеле тиешеси жок экен. “Байгабыл Төлөнгүтов аталган борбордун директору болуп 2012-жылдын 10-майында премьер-министрдин буйругу менен дайындалган.

Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында ал кызматка киришердин алдында «Чүй экологиялык лабораториясы» ЖЧКсындагы 29,3 пайыз өзүнүн үлүшүн, ишкананы негиздегендердин бирине өткөрүп берген. (Аны 1993-жылы сатып алыптыр). Бул факт Мамлекеттик кадрлар кызматынын 2014-жылдагы киреше, мүлк жана финансылык милдеттер тууралуу маалыматында катталган жана ачык эле турат”,- деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Жаратылышты коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиги андан ары аталган Борбор мамагенттиктин структуралык бөлүмү экендигин, бирок, анын функциясына экспертиза өткөрүү кирбей турганын, айлана чөйрөгө таасирин аныктоо жыйынтыгы агенттиктин башка башкармалыгы тарабынан берилерин билдирип, ошондой эле депуттарды мекеменин жөн жай эле иштеп жаткан жетекчи кызматкеринин абройуна шек келтирбөөгө чакырып кетти.

Эми ошондо кимиси туура эмес маалымат берип жатат? ЖКнын депутаттык комиссиясы туура айтып жатабы же мамлекеттик агенттикпи? Кимисине ишенебиз?! “Килейген” мамлекеттик органдардын мындай карама-каршылыктуу маалымат таратып, минтип “муш кетти” ойнун ойноп жатышы ойго салбай койбойт. Иши кылып Жогорку Нарын ГЭСине байланышкан 37 млн доллардын чыры башталды. Аягы эмне менен бүтөт көрө жатарбыз.

Темирбек Алымбеков

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу