Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/01 15:02
 

Вице-премьер-министр быйыл мигранттардан келе турган акчанын өлчөмү көбөйөт деген үмүттө

 Вице-премьер-министр быйыл мигранттардан келе турган акчанын өлчөмү көбөйөт деген үмүттө

26-январда Улуттук банк 3 млн 450 миң долларлык кезектеги интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу каржы регуляторунун расмий сайтында маалымдалды.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 16-ирет валюта базарына интервенция жасап жатат. Буга чейин 25-январда каржы регулятору-5,2 млн доллар, 22-январда-5,4 миллион доллар сатыкка чыгарган. КРдин Улуттук банкы 2016-жылдын башынан бери жалпы 63 млн 400 миң долларга интервенция жасаган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары доллар таңкыстыгы туралуу жазып чыгышкандан кийин Улуттук банк доллардын көлөмү жетиштүү деңгээлде экенин айткан.

Бирок, 23-январда журналисттерге вице-премьер-министр Олег Панкратов: “Улуттук банк сомдун курсун кармоого аракеттенген жок, доллардын кескин өсүп кетүүсүнүн алдын алууда”,- деп билдирди.

Бул маселеге кайрылган “Азаттык” радиосу, “Панкратов өткөн жылы сом 30% арзандап кеткенин мигранттардан келген акчанын азайышы менен байланыштырды. Ал Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери мигранттарга Орусия, Казакстанда жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, алар өзбек, тажик мигранттарына караганда жакшы, айлык акысы көп иштерде иштеп жатканын айтты. Вице-премьер-министр быйыл мигранттардан келе турган акчанын өлчөмү көбөйөт деген үмүттө. Ошондой эле, ал Кыргызстанга сырттан чет элдик валюталар кирчү булактар бар деп бекемдеди”,-деп жазган.

Ушул эле тема боюнча “Би-Би-Си” радису, “Кыргыз өкмөтү кыймылсыз мүлктүн баасын жана башка товарларды доллар менен эсептешүүлөрдү тыйып, бардык соода процессин сом менен жүрүшүнө көзөмөлдү күчөткөнү жатат. Ѳкмөт муну менен экономиканын долларга байланып бараткан көлөмүн азайтууну көздөп жатканын билдирип, бул боюнча азыр тийиштүү документтер даярдалып атканын маалымдады”,- деп жазып чыккан эле.

Андагы маалыматта КРнын каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев: “Улуттук банк менен биргеликте экономиканын долларга байланып бараткан көлөмүн азайтуу максатында атайын программа иштеп чыктык. Бул чаралардын баары улуттук валютанын кадырын көтөрүп, өлкө ичиндеги алып-сатууларды сомдо жүргүзүү максатын көздөөдө. Канча жылдан бери эл долларга баалап сатканга көнүп калды да. Алды менен биз түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,-деп билдирген.

Учурда түрдүү пикирлерди пайда кылган бул маселе тууралуу “Кабар” агенттигине эксперт, экономист Кубан Чороев мындай деген: “Бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан акча саясаты жок болуп, жалаң эле валюта саясаты жүрүп жатат. Бир жагынан сомдун кунун кармап туруш керек. Экинчи жагынан Улуттук банк өзүнүн саясатын жүргүзүүсү зарыл. Анткени, биздин базарларга жакшы сигналдарды бердирип туруу шарт. Себеби, сомдун курсун ар дайым мынча курста кармайбыз деген сигналдар калкка жеткизилип турушу керек эле. Бирок, бизде андай аракеттер болгон жок. Ошондуктан, элдин сомго болгон ишеними жокко эсе болууда. Ишеничтин жоктугунан улам биздин эл доллар сатып алууда. Мындан улам бизде долларга болгон талап жогору болуп жатат. Анын кесепетинен улам Улуттук банк бат-бат интервенция жасап, сомдун кунун кармап турууга аракет кылууда. Улуттук банктын ачык, узак мөөнөттөгү саясаты болгондо, сомго да ишенич болмок. Башкача айтканда, Улуттук банкка ишенич болгондо, анда интервенция жасоого муктаждык да жаралбайт болчу”,-деген.

Буга кошумча, ушул эле маалыматта: “Сомдун кунун кармап туруу үчүн биз валюталык башкаруу тутумуна өтүшүбүз керек. Бул Конституциялык мыйзамдын деңгээлинде, Кыргызстандын сомун долларга карата байлап койушубуз зарыл. Ошондо биздин жарандардын сомго болгон ишеними пайда болот. Ошондо гана жогорку деңгээлдеги долларга болгон муктаждык жаралбай калмак”,- деген болчу К.Чороев.

Ал ортодо “Focus.kg” сайтты: “Кыргыз сому Борбор Азиядагы эң туруктуу валюта”,-деп жазып чыкты. Андагы маалыматта “Борбор Азия мамлекеттеринде улуттук валюталар 2015-жыл ичи жана 2016-жылдын январь айында кандайча өзгөрдү? Улуттук валюталардын төмөндөшүн көрсөткөн графикада бардыгынан өтө төмөндөгөн казак теңгеси жана өзбек сумунун рыноктогу курсу («черный рыноктогу курс» деп аталат, эки өлкөдө тең улуттук валюталардын төмөндөшү 2015-жылдын башына салыштырмалуу эки эсе болгон). Ал эми Россия рубли 39%, тажик сомониси 38%, түркмөн манаты 47% күчүн жоготкон. Кыргыз сому бардыгынан аз баасын жоготкон – 32%. Казакстанда Борбордук банк 2015-жылдын августунан тарта валютанын калкыма курсуна өткөн, бирок валюта рыногуна интервенция менен чыккан. Тажикстанда да ушундай эле улуттук валютанын калкыма курстук режимине өтүшкөн. Өзбекстан менен Түркмөнстанда курс Борбордук банк аркылуу бекитилет. Эгерде Россия менен Казакстанда улуттук валюталар мунайдын баасынын түшүп кетүүсүнөн улам өзүнүн баасын жоготкон болсо, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жергиликтүү валюталар өздөрүнүн негизги соода өнөктөштөрү болгон Россия жана Казакстандын артынан баасын жоготту деп эсептешет эксперттер”,- деп маалымдады.

Ошол эле учурда “Kabarlar.kg” сайты: “Эмне себептен кыргыз сому башка өлкөлөрдүн валюталарына салыштырмалуу өзүнүн туруктуулугу менен айырмалана алды? Буга башкы себеп республикабызда алтын өндүрүүчү ири ишкана «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгү болду. Себеби, Кыргызстандын экспортунун 50%га жакынын түзгөн ишкана аркылуу өлкөбүзгө сырттан АКШ доллары тынымсыз келип турду. Анан дагы алтын дүйнөлүк рынокто мунай сыяктуу баасын жоготпостон, туруктуулугун сактай алды. Албетте, өткөн 2015-жылы мамлекетибиздин сыртка алып чыккан соода-сатыгы бир топ кыскарды. Тактап айтсак, 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы сырткы сооданын көлөмү 21,3%ка, экспорт 6,5%ка, импорт 25,5%ка кыскарган. Ал эми өлкөбүздө өндүрүлгөн алтындын экспорту тескерисинче көбөйгөн – 2014-жылдын январынан октябрь айына чейинки мезгилге салыштырмалуу өткөн жылы алтындын экспорту 16,8%ка көбөйүп, жалпы экспорттун 47,9%ын түзгөн»,-деп жазган.


Кайрадан “Би-Би-Си” радиосуна кайрылсак. ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров: “Валюта тартыштыгы Кыргызстанда мындан ары дагы күчөй берет. Багы жокко - дагы жок демекчи, Россия жана Казакстан менен бириккенден кийин дагы орустар өзүнүн рублуна ишенбей, кыргыздар менен сооданы доллар менен жүргүзүп жатат. Бир эле “Газпромнефть” компаниясы бизге газды сатып, бир миллиард долларды экономикабыздан чогултуп алып кетүүдө. “Газпромнефть” компаниясы ошондой эле, миллион тонна мунайды биздин рынокто сомго сатып, аны долларга айлантып, жыйынтыгында эки миллиард доллар алып кетип атат. Казакстан 400 миң тонна буудайды, 800 миң тонна көмүрдү бизге долларга сатып жатат. Ошентип биздин соодабызда төрт жарым миллиард доллар терс баланс болсо, ошонун үч жарым миллиардын ушул эки өлкө алып кетип жатат. Эгерде азыркы өкмөт ушул жылы Россия менен болгон сооданы рублга, Казакстан болгон сооданы теңгеге өткөрмөйүнчө, биздин сомдун күчү кете берет”,- деп билдирген.

“Ошондой эле Казакстандын теңгесинин, орустардын рублинин куну түштү. Мындай шартта сомдун абалы кандай болот?”,-деген “Би-Би-Си” радиосунун суроосуна А.Жапаров: “Көптөн бери биздин сомубуз калкыма курста болуп ордун таап келаткан. Бирок Россия менен соода-сатыкты рублга өткөрбөсөк, бир күнү биздин сом дагы рублдин артынан кетиши толук ыктымал. Ошондуктан өкмөт экономиканы дедолларизация жолу менен алып кетип, сомду стабилдештирүүнүн бир жолу катары пенсия-пособия менен эмгек акыны 30 пайызга көтөрүп, дефицитин кескин түрдө азайтып, сомду жайына коюш керек. Жалаң эле интервенция менен биз сомду сактап кала албайбыз. Бизнеске жакшынакай шарттарды түзүш керек, тилекке каршы ушул жагынан биз утулуп атабыз”,- деп жооп узаткан.

Эскерте кетсек, азыркы учурда акча алмаштыруу жайларында доллардын сатуудагы баасы 76 сом, алуудагы баасы 75 сом 90 тыйын деңгээлинде кармалып турат.

Шаххан Мырзабеков, “Кабар” маалымат-аналитикалык борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу