Аналитика

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
25/01 17:16
 

Камсыздандыруу көптөгөн суроолорду жаратты

Камсыздандыруу көптөгөн суроолорду жаратты

Кыргызстанда февралдан тарта үйлөрдү жана автомашиналарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча эки мыйзам күчүнө киргени турат. Ушуга байланыштуу коомчулукта ушул эки мыйзамдын үстүндө кызуу талкуу жүрүп, жалпыга маалымдоо каражаттары бул маселеге дембе-дем кайрылууда.

“Азаттык” радиосу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетов турак-жайларды камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам 11-февралда күчүнө кирерин, ал үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлгөндүгүн, камсыздандыруу эки категорияга – айыл жериндеги жана шаардагы үйлөр деп бөлүнөрүн, айыл жериндеги үйлөр үчүн жылына 600 сом, башкача айтканда, айына 50 сом төлөнөрүн, ал эми кайра төлөмү 500 миң сомду түзөрүн, эгер үйү жараксыз болуп кыйрап калса, үй ээси 500 миң сом аларын, демек жоопкерчилик 800 эсе жогору болорун, шаардагы үйлөр үчүн 1200 сом төлөнөрүн, жоопкерчилиги 1 миллион сом болорун, бул милдеттүү түрдө камсыздандыруунун ченеми экендигин, эгер бул баага макул болбой, андан да кымбат баада камсыздандырам дегендер болсо жекече келишим түзүшү керектигин, ал эми автомашиналарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу 7-февралда күчүнө кирерин, бирок 7-февралда күчүнө кирери менен эле 8-февралдан баштап кармап, айып салуу болбостугун, азыр өкмөт ишке ашыруу мөөнөтү канча болорун тактап жаткандыгын айтканын кабарлады.

Транспорт жана курулуш жаатындагы эксперт Ислам Байгараев “Унааларды камсыздандыруудан өткөрүүнү эбак эле киргизишибиз керек болчу. Эми деле кеч эмес. Бирок биздин коомчулукта “камсыздандыруу кереги жок” дегендер көп болот. Себеби, мындай тажрыйба бизде болгон эмес. Кырсык болмоюнча эч ким түшүнбөйт. Андыктан эки айда баары камсыздандыруудан өтпөйт, буга ылайык өкмөт да убакытты бир жылга чейин узартып берүүгө даяр болушу керек»-деп айтканын да аталган радио билдирди.
Депутат Чолпон Жакупова ЖК жыйынында Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыгын эске алуу керектигин, сунушталып жаткан мыйзамда көрсөтүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн жарандарга төлөп берүүгө келгенде бир топ түшүнбөстүктөр орун аларын, себеби мыйзамда күчү 6 баллдан кем болбогон зилзала орун алса гана андагы доо кеткен үйлөр компенсация алат, деп жазылгандыгын, ал эми күчү ага жетпеген жердин силкинүүлөрүндө самандан салынган үйлөргө жарака кетсе анда алар камсыздандырылган акчаларын ала албай калышарын, мындай түшүнбөстүктөр арбын экендигин айтканын “Кабар” агенттиги маалымдады.

Ал эми “Каганат” сайты “Ата Мекен” фракциясы унааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдын аткарылышын 2020-жылга жылдырууну сунуштап, “Каржылык кризис учурунда, тарифтер, ар кандай жыйымдар, баалар өсүп элге ансыз да кыйын болуп, айлык акы төмөн боюнча калып жаткан учурда камсыздандыруу киргизүү карапайым калктын мойнуна илинген түйшүк болот” деп билдирүү таратканын жазды.

“Турмуш” сайты Жалал-Абад облусунун тургуну, журналист Ырысбай Абдыраимовдун “Элдин мүлкүн камсыздандырууну милдеттүү түрдө мажбурлоо жолу менен эмес ыктыярдуу негизде жүргүзгөн оң. Автоунаалар эки жарым айдын, турак жайлар төрт айдын ичинде камсыздандырылбаса, айып пул салуу идеясы да абсурд. Аларды камсыздандыруу ишин мамлекеттик мекеме-уюмдарга эмес, менчик камсыздандыруу агенттиктерине берүү демилгеси да туура эмес. Анткени, менчик мекемелер буга чейин элдин акчасын топтоп алып, качып кеткен. Милдеттүү камсыздандыруу иши менен мажбурлап, каражат өндүрүп алуу туура эмес. Андан көрө республикада жолго батпай калган унаалардын салыгын толук өндүрүп алуу керек” деген жеке пикирин басты.
Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын катчылыгынын башчысы Улук Кыдырбаев камсыздардыруу мыйзамы чийки жазылып калганын, эгерде кырсык Төө-Ашууда же алыскы тоолуу аймактарда катталып калса, анда камсыздандыруу компаниядан өкүл келмейинче жылбай, күтүш керек болорун, эгерде жылып кетсе, анда чыгымдар төлөнбөстүгүн жана мындай учурда камсыздандыруу компаниясынын жоопкерчилиги жокко чыгарын, демек, бул мыйзамдын артындагы кызыкчылык толугу менен акча болуп жаткандыгын айтканын “maralfm” радиосу жар салды.
Ал ортодо “Би-Би-Си” радиосу “Камсыздандыруу ыктыярдуу болуш керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында тең өз ыктыяры менен ишке ашат. Милдеттүү түрдө деп киргизиле турган болсо, адам укугуна, менчик укугуна дагы шек келип калышы мүмкүн. Ал эми турак-жайларды камсыздандырууну биздин техногендик абалыбызга, климатка, жер шартыбызга мүнөздүү жер көчкү, жер титирөө сыякуу табыгий кырсыктарды эске алып карасак болот. Камсыздандыруунун механизмин изилдеп, тактап чыгып, региондорун да караш керек. Бул али эрте, убагы, шарты келе элек. Муну дагы жарандардын ыктыярына койгон туура”-деп ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун айтканын кабарлады.

Дагы бир ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов унааны милдеттүү камсыздандырууну киргизүүгө эмне себеп болгонун билүү үчүн Экономика жана өнөр жай министрлигине кат жөнөтүлгөнүн, катка жооп алынары менен милдеттүү түрдө камсыздандырууну токтотуу боюнча жаңы мыйзамды иштеп чыгууну карашарын, автоунааны камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө болууга тийиш экендигин, ал эми турак жай боюнча камсыздандыруу милдеттүү түрдө болушу керектигин, анткени мындай учурда мамлекет камсыздандыруучу болуп эсептелерин айтканын “Кабар ордо” сайты жазды.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 млн 100 миң машина, 1 млн турак үй бар. Турак жайларды камсыздоо менен мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына 600 млн сомдой акча чогулары айтылууда. Ал эми бул акчалар өкмөттүн жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үйлөргө берилип жаткан 400 млн сомдук жылдык чыгымын жабууга жумшалмакчы. Ошондой эле автоунааларды камсыздандырууда жеке компаниялардан түшкөн кирешенин 10 %ы мамлекетке берилмекчи.


Дайырбек Мейманов, ”Кабар” маалымат аналитикалык борбору
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу