Аналитика

Июль 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/01 13:05
 

Мандатынан ажыраган депутаттар эми Башкы прокуратурадан жана Конституциялык палатадан үмүт артуудабы?

 Мандатынан ажыраган депутаттар эми Башкы прокуратурадан жана Конституциялык палатадан үмүт артуудабы?

Белгилүү болгондой Жогорку сот “Кыргызстан” фракциясынын депуттары Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеваны мандаттарынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШКнын) чечимин күчүндө калтырып, Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

Жогорку соттун чечимине нааразы болгон депутаттардын тарапташтары сот залынан нааразычылыктарын айтып чыгышса, экинчи жагынан бул маселе коомчулукта да кызуу талкууларды жаратууда.

2016-жылдын 11-январында БШКнын чечими менен “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Э.Жумалиева менен Ч.Эсенаманова мандатынан ажыратылган. Эл өкүлдөрү буга нааразы болуп, Бишкектин Биринчи Май сотуна кайрылышкан. Сот алардын пайдасына чечим чыгарган. Буга нааразы болгон БШК Жогорку сотко кайрылып, акыры алардын чечими күчүндө калтырылды.

Бул маселеге кайрылган “Азаттык” сайты: “Жогорку соттун аталган чечими акыркы жана талашууга жатпаганына байланыштуу мандатынан ажыраган депутаттар эми Башкы прокуратурадан жана Конституциялык палатадан үмүт артууда. Анткени, Э.Жумалиева “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевди “жасалма документ жасаган” деген жүйө менен айыптап, Башкы прокуратурага кайрылган”,-деп жазып чыкты.

Ушул эле маалыматта Жумалиеванын адвокаты Сырга Исабаева: “Эгерде Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арыз жазган болсо, азыр бул маселе сотто каралбайт эле. Бул арыз шайлоого чейин эле жазылып алынып, анда датасы жок болчу. Фракция лидери 2015-жылдын 21-декабрындагы датаны коюп койгондуктан, азыр прокуратура өзүнүн экспертизасын өткөрүп жатат, биз болсо анын жыйынтыгын күтүүдөбүз”,-деп билдиргени айтылат.

Ал эми бул соттук отурумдарга катышып, окуянын жүрүшүнө көз салып жүргөн экс-акыйкатчы Турсунбек Акун “Марал” радиосуна: “Жогорку сот мыйзамсыз чечим чыгарды. Депутаттарды мандаттан ажыратуу мыйзамга туура келген эмес. Кимден көрсөтмө алып, эмне үчүн мындай чечим чыгарганын биле албайм. Парламенттик башкаруу деген менен эл өкүлдөрү өз укугун коргой албай жатып, элдин укугун кантип коргойт? Борбордук шайлоо комиссиясы да туура эмес иштерди кылууда. Мандаттан ажыратуудан мурда эки депутатты чакырып, сурап коюшу керек эле. Эң чоң күнөө “Кыргызстан” фракциясынын жетекчилигинде. Депутаттардын арты менен 3-орунду алып, эми ал эл өкүлдөрүн кетирип жатат”,- деп билдирген.

“Кабар” агенттиги буга чейин, тагыраагы 14-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун: “Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандаттан ажыратуу менен туура эмес чечим чыгарды. Анткени, Конституцияда жазылган, депутат болуп келгенден кийин, анын мандатын эки эле себеп менен алып койууга болот. Биринчиси, өз ыктыяры менен арыз жазса, экинчиси фракциядан чыккандыгына гана байланыштуу”,- деп билдиргенин жазып чыккан.

Ал ортодо “Би-Би-Си” радиосуна “Демократия үчүн” аялдар клубунун жетекчиси Камара Касымбаева: “Зомбулук мурда балдар, аялдар жөнүндө болуп келген болсо, эми минтип саясий зомбулук башталып жатат. Айрым эркек депутаттар аял депутаттарды такыр себеби жок туруп, жөн эле алып салды. Президентибиз буга чейин өзү дагы айтканы бар, аялдардын саясий квотасы бузулганы тууралуу. Кечээ эле куралган “Кыргызстан” партиясы мүчөлөрүн талаадан чогултуп алып шайлоого барды дагы, эми минтип кереги жокторун ыргытып жатат. Бул туура эмес”,-деген болчу.

Учурда түрдүү пикирлерди пайда кылган бул маселе тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кабар” агенттигине мындай деп билдирген: “Бүгүнкү күндө мандатынан ажыраган депутаттардын укуктары тебеленүүдө же БШК баарына бирдей мамиле жасабай жатат деген сөздөрдүн чыгып жатышына биздин Конституциянын бирден-бир тиешеси бар. Анткени, биздеги мыйзамдар, керек болсо Конституциянын беренелери эки ача жазылган. Ар бир мыйзам так жазылбагандыктан, эки жактын тең айткандары туура болуп чыгууда. Башкача айтканда, БШК бирөөнүн укугун бузуп жатат деп айтсаң, БШК Конституцияга таянат. Ошон үчүн азыркы парламенттин милдети мыйзамдарды оңдоп, тууралап, тактап чыгуусу керек”,-деген.
Эскерте кетсек, мындан бир топ жыл мурда эл аралык уюмдар, коомдук активисттер Жогорку Кеңеште аялдардын аздыгын сынга алышып, шайлоо мыйзамына партиялардын тизмесиндеги ар бир үчүнчү талапкер аял болсун деген талапты киргизишкен.

Шаххан Мырзабеков, “Кабар” маалымат-аналитикалык борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу