Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/01 18:28
 

Сирияга кеткендердин саны кескин азайды

 Сирияга кеткендердин саны кескин азайды

Азыркы учурда Сирия өкмөтүнө каршы согушкерлердин катарында Россиядан 2500, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн 400дөн 600гө чейин жарандар бар.

Россиялык диний эксперт, Ислам эл аралык фондунун директору Рамил Латыповдун айтуусунда, Сирия менен Иракка дүйнө жүзүндөгү ислам динин жамынган кылмыштуу топтун өкүлдөрү барышкан. Алардын талап-тоноочулук, адамдарды күнөөсү жок өлтүргөн, зордуктаган кылмыштары эч кайсы диндин эрежесине ылайык келбейт. Алардын артында чоң күчтөр тургандыктан, өз өмүрүн кыйганга чейинки идеологияны таңуулашат. Ошондуктан булар фанатка айланып, эч кандай зордук, зрмбулуктан кайра тартышпайт, эгер колунан келсе жерди өз огунан чыгарып жиберүүгө да даяр. Дал ушул жагдайды пайдаланган сырткы күчтөр ислам фанатиктерин өз душмандарына каршы пайдаланууда.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Сталбек Абдрахмановдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө согуштук зоналарга кеткен 508 республикабыздын жарандары аныкталган. Алардын ичинен 387си эркек, 121и аял, Кыргызстанга кайтып келгендери – 40, жаш өспүрүмдөр – 83, үй-бүлөсү менен кеткендер – 58 жана 33 адам каза болгон. Кайтып келген жарандар укук коргоо органдарынын тыкыр көзөмөлүнө алынып, көрсөтмө беришүүдө. Эгер күнөөсү болсо, соттун чечими менен жоопко тартылууда. ИИМдин ушул эле башкармалыгынын террорчулуктун алдын алуу бүлүмүнүн башчысы Ратбек Турусбековдун айтуусунда, акыркы жарым жылда Сирияга кеткен жарандарыбыздын саны кескин азайды. Анткени бир эле ички иштер министрлиги эмес, коопсуздук кызматы, Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия, муфтияттын биргелкен түшүндүрүү иштери өз натыйжасын берүүдө. Сирияга кеткендердин баардыгы эле согушуу үчүн эмес, алданып, иш издеп баргандыгы да ачыкка чыгууда.

“Акыркы жарым жылдын аралыгында Сирияга жана башка согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктардын саны кескин токтоду. Мындай натыйжа ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы өлкөбүздүн башка күч органдарынын тийиштүү бөлүмдөрү жана коомчулук менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүнөн улам жаралууда. Ал эми учурда айтылып жүргөн 500дөн ашык кыргызстандыктын Сирияга кеткендиги тууралуу маалымат 2010-2013-жылдарга таандык.

“Көпчүлүк жарандарыбыз Сирияга 2010-2013-жылдардын аралыгында чыгып кетишкен. Алардын баардыгын эле согушуу үчүн кеткен деп айтууга болбойт. Себеби айрымдары ар кандай жолдор менен алданып, иштөө үчүн барышса, үйүндө отуруп эле интернет аркылуу кайсы бир диний-радикалдык агымдын азгырыгына алданып баргандар да жок эмес. Бүгүнкү күндө согуштук согуштук зоналарга кеткен 508 республикабыздын жарандары аныкталган. Алардын ичинен 387 эркек, 121 аял. Кыргызстанга кайтып келгени -40, жаш өспүрүмдөр – 83, үй-бүлөсү менен кеткендер – 58 жана 33 адам каза болгондугу такталган. Азыр ал жактан кайтып келген жарандардын баардыгы суракка алынып, соттун чечими менен жоопко тартылууда. Акыркы жарым жылда Сирияга кеткендер дээрлик токтоду. Анткени биздин башкармалык, муфтият, жогорку окуу жайлар жана коомчулук менен бирге жүргүзгөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү өз натыйжасын берүүдө. Диний радикализмди күч колдонуу менен эле эмес, туура багыт берүү аркылуу да оң жолго салса болот”,- деп жазган “Кабар” агенттиги.

Ал эми “Азаттык” радиосунун билдирүүсүндө, Даиштин тузагына түшкөн Тажикстандын жарандарынын саны да кескин азайган. “Ирак жана Сирияда өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко кошулган тажик жарандарынын саны азайганы байкалууда. Буга чейин аталган террордук уюмга кирген тажикстандыктар 500гө чукулдаганы маалымдалган. Кыргызстан менен чектеш Согди облусунда эле 110 киши экстремисттердин катарына тартылган.
Расмий кабарга ылайык, жергиликтүү элдин арасынан Сирияга кеткен учур акыркы жолу 2 жыл мурун катталган. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле Тажикстан 2015-жылдан тартып экстремизмге каршы күрөштү күчөттү.
Өткөн жумада Кыргызстан бийликтери да өлкө аймагынан Сирия жана Иракка кетип жаткандар азайганын маалымдаган”,- деп жазат аталган маалымат каражаты.

Бул темага “Марал” радиосу да кайрылып, "Бир артыкчылыгыбыз – ИИМдин кызматкерлери динди жакшы түшүнүшөт" деген темада Кыргызстандагы Аалымдар кеңешинин өкүлдөрүнүн Ош, Баткен облустарына болгон иш сапарлары, анын жыйынтыктары тууралуу Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин ажы Байтейитов менен болгон маегин жарыялаган.
“2015-жылдын акыркы күндөрүндө жана 2016-жылыдын алгачкы аптасында Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында болдук. Ал жерде борбордук мечиттерде эл менен жолугуштук. 1500-2000дей эл чогулуп жатты. Анда 2 сааттык талкуу, баян түшүндүрүүлөр болуп атты. Ал эми 14-17-январь күндөрдөгү сапарларда Баткен облусунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чоюнду айылына бардык. Ал айыл Тажикстан менен чектешкен эң алыскы айыл экен. Бул айылда жаңы мечиттин ачылышына катыштык. Ал эми 15-январда ар бирибиз ар кайсы аймактарда эл менен жолугушуу уюштурдук. Ошол эле күнү Кулунду айылында болдук. 17-январда Баткенге келип, 2 сааттык талкуу, түшүндүрүү, көйгөйлөрдү ордунан чечүү сындуу маселелерди карадык”-дейт маектеш.

Ал өз сөзүндө Кыргызстанда дин эркиндиги абдан жакшы болгондуктан, элдин динге тартылуусу жакшы. Көпчүлүк жаман адаттарын таштап, жакшы кадамдарга барып, өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын байкадык. Биздин мектептерде дин сабагы болбогондон кийин ушундай түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүшүбүз керек. Эл түшүнүүгө абдан муктаж. Дагы көбүрөөк баяндар болсо деген ниетте калып атышты деди.


Эмилбек Момунов, “Кабар” маалымат-аналитикалык борбору
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу