Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/01 17:38
 

Орус телеканалдарына өзгөчө статус берилеби?..

 Орус телеканалдарына өзгөчө статус берилеби?..

Бул күндөрү орус телеканалдарына өзгөчө статус берүү маселеси жалпыга маалымдоо каражаттарында башкы темалардын бири болду. Жакында кыргыз өкмөтү орус өкмөтү менен “Коммуникация тармагында кызматташуу боюнча” келишимдин долбоорун колдоп, бул келишим коомдук талкууга чыгарылып, көп өтпөй эле коомдук талкуусу жок эле каралары маалымдалганын “Азаттык” радиосу кабарлады. Ошондой эле, аталган радио Орусиянын “Биринчи канал” жана “РТР-Планета” телеканалдарына Кыргызстанда өзгөчө макам берүү аракети өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айтканын да билдирди. “Азыр маалымат согушу күч алган учур. Биз улуттук маалыматтык коопсуздугубузду чыңдоо ордуна башка мамлекеттин телеканалдарын төргө өткөргөнүбүз чоң ката”-деп, маалымдады бул радио.

“Би-Би Си” радиосу бул маселеге карата эксперттерди маекке тартты. Аналитик Эсенбай Нурушевдин айтымында, ансыз деле Кыргызстандын бардык аймактарында орус каналдары басымдуу. “Менин болжолумда коомдук пикирдин пайдасы тийди. Азыр иш жүзүндө эле ошондой статуска ээ болуп калбадыбы. Кыргызстандын бардык региондорунда орус каналдары басымдуу болуп турат. Менимче ошол бойдон калат”,-деди ал.
Коомдук ишмер, укук коргоочу Рита Карасартованын оюнча, орус теле каналдарына өзгөчө макам берилсе биздин мыйзамдар тебеленет. “Бул Россия тарабынан сунушталган, бир тараптуу келишим. Экинчиден, юридикалык жактан карап көрсөк, нормативдик-укуктук актылар жалпы элге талкууга чыгарылат. Ошондо биздин мыйзамдарга баш ийбей, өзгөчө статус киргизилип жаткан орус каналдары Кыргызстандын тагдырына таасир тийгизет”-деди укук коргоочу. Ошондой эле, бул радио орусиялык телеканалдардын таасири ансыз дагы биздин өлкөдө күчтүү болуп турган чакта мындай кадамга баруу Кыргызстанды Россиянын маалымат айдыңынын туткунунда калтырат дешип, жарандык коомдун өкүлдөрү каршылыгын билдирип жатышканын кабарлады.

Super.kg сайты мамлекеттик кызыкчылыктарын туу туткан өлкөлөр өз медиа тармагына башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн мыйзамдын чегинде чектөөгө аракет кыларын, өлкөбүздө мамлекеттик телеканалдарга караганда орусиялык телеканалдардын көрөрмандары ансыз да көптүк кыларын, жалпыга маалымдоо каражаттары барыдан мурда үгүттөөнүн куралы экендигин, өзгөчө макамга ээ болуу менен Орусия телеканалдары аркылуу өз саясатын жайылтарын, бүгүнкү күндө коңшу Казакстан чет жердик телеканалдарга чектөө коюуну пландап жатканын , ал эми бизде аталган долбоор колдоо таба турган болсо, Кыргызстандын мыйзамындагы чет элдик маалымат каражаттары боюнча чектөөлөр орусиялык аталган эки телеканалга карата колдонулбай каларын, орус тилин жана орус контентин колдонуу боюнча чектөөлөр сакталбастыгын, бул эки телеканалды өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын аймагында атайын шарттар түзүлөрүн, бул долбоорду Орусия тарап сунуштап, коомдук талкууга биздин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алып чыккандыгын жазды.

Ал эми Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова кыргыз-орус макулдашуусу коомдук талкуудан алынып салынганын, бирок коомчулуктун пикири эске алынарын айтканын “Азаттык” радиосу кабарлады. “Бул макулдашуу болгондуктан, аны талкууга чыгарууга болбойт, зарылчылык жок. Өкмөт аны карап же кол коют, же карабайт. Бул Орусиянын демилгеси, аны кыргыз тарап карай элек. Кандай гана токтом болбосун коомдук талкууга чыгып жатат. Эгер бул макулдашууга эл каршы болсо, өкмөт аны эске алып, жыйынтык чыгарат”-деди, Н.Ахмедова, деп билдирди радио.

“Азаттыктын” маалымдашынча аталган долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ишке ашырмак. Ал эми макулдашуу 6-январда коомдук талкууга коюлуп, февралга чейин сунушталган ар кандай пикирлер эске алынмак. Бирок Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин юристтери макулдашуунун долбоорун сайтка чыгарып, катачылык кетиргенин Өкмөттүн маалымат кызматы айтканын аталган радио кабарлады.

Дайырбек Мейманов, ”Кабар” маалымат аналитикалык борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу