Аналитика

Февраль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      
14/01 18:33
 

“Мамлекеттик ипотекалык компания” туракжай маселесин чечип, экономикалык кризисти ооздуктайт

“Мамлекеттик ипотекалык компания” туракжай маселесин чечип, экономикалык кризисти ооздуктайт

Акыркы жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси жана тапшырмасы менен өлкөбүздө бюджеттик мекемелердин, айрыкча күч органдарынын кызматкерлеринин туракжай көйгөйү чечилүүдө. Болгондо да бир эле Бишкекте эмес, Ош, Баткен жана башка шаарларда ички иштер, коргоо министрликтери менен Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин ондогон жылдар боюу квартирада көчүп-конуп жүргөн кызматкерлери баардык шарты бар заманбап үйлүү болушууда. Чындыгында өмүрүн тобокелге салып, эл менен мамлекеттин коопсуздугу үчүн иштеп жүргөн жоокерлердин үйсүз жүрүшү кечиримсиз көрүнүш болчу.

КРнын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтуусунда, экономикалык кризиске карабай, мамлекет тарабынан 2-3 жылдын аралыгында 800гө жакын күч органдарынын кызматкерлерине үйлөрдүн ачкычы тапшырылып, дагы 2 жылдын аралыгында дагы бир миңге жакын аскер кызматкерлери ушундай кубанчка бөлөнүшмөкчү. Бүгүн эле, 14-январда да президент А. Атамбаев МУККнын кызматкерлерине жаңы бүткөн үйдөгү батирлердин ачкычын тапшыргандыгын “Кабар” агенттиги маалымдады.

“Президент өз сөзүндө МУКК кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, мамлекет мындан ары да өлкө жарандарынын коопсуздугун сактагандарды камкордукка аларын билдирди.
Мамлекет башчысынын сөзүнө караганда, өлкөдө чекисттер, аскер кызматчылары, милициялар, чек арачылар жана куткаруучулар үчүн үйлөрдү куруу улана бермекчи. “Бул иш системалуу мүнөзгө айланды”, -деди Президент.
А.Атамбаев МУКК кызматкерлерине оор жана жооптуу иштери, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө – чыдамдуулугу жана колдогондугу үчүн ыраазычылыгын айтып, чекисттер мындан ары да мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун сактоодо күчтөрүн аябай тургандыгына ишеним билдирди.
Кошумчалай кетсек, 2015-жылдын сентябрь айында да Бишкек шаарында коопсуздук кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй бүткөрүлүп, тапшырылган болчу”,- деп жазат аталган агенттик.

Өлкөдөгү туракжай көйгөйүн комплекстүү чечүү үчүн Өкмөт өткөн жылдын аягында “Ар бир үй-бүлөгө жеткиликтүү туракжай” программасын кабыл алып, анын алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компания” АКны түздү. Бул компания алгач билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрликтеринин кызматкерлерине узак мөөнөткө, жеңилдетилген үстөк пайзы менен ссуда бермекчи.

Албетте, азыркы дүйнөлүк экономикалык кризис жакындап келаткан учурда каражат маселеси кендирди кесери белгилүү. Бул жагдайды кыргыз өкмөтү бир нече булактар аркылуу чечерин ошол эле “Кабар” агенттиги билдирди. “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына Кыргыз–Орус өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу боюнча иштер каралууда. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишине Кыргыз–Орус өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу пландалып жатат. Бул түз каржылоо жөнүндө сөз эмес. Каражат Кыргызстандын бюджети аркылуу бөлүнөт.
“Биз чет элдик валютада мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгарууну пландап жатабыз. Кыргыз–Орус өнүктүрүү фонду баалуу кагаздарды чет элдик валюта менен сатып алат, биз андан түшкөн каражатты Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 10 жылдык мөөнөткө жылдык төлөмү 5 пайыздык ссуда түрүндө которобуз. Мамлекеттик ипотека компаниясы узак убакытка иш алып барат. Биз башка дагы каржы булактарын издеп жатабыз”,- дейт А.Касымалиев.

Бул маселеге “Кабарордо” сайты да кайрылып, “Мамлекеттик ипотека боюнча берилчү турак жайды кантип алууга болот?” деген темада маалымат жарыялаган.
“Бүгүн, 14-январда КРдин вице-премьер министри Гүльмира Кудайбердиева "2015-2020-жылга жеткиликтүү турак жай" мамлекеттик ипотекалык программасы боюнча кеңири маалымат берди.
Вице-премьердин айтымында, программа Кыргызстандын баардык аймактарын камтыйт. Программага катышуунун негизги критерийлерине төмөнкүлөр кирет, жарандын жашы 21 жаштан өйдө болуш керек жана жеке менчик турак жайы жок болууга тийиш. Ошондой эле эмгек стажысы акыркы жумушчу ордунда 3 жылдан кем болбоого тийиш. Мындан тышкары талапкер акыркы үч жылдан кыймылсыз мүлк боюнча эч кандай келишим түзбөгөн болушу кажет. Катышуучулардын каржылык абалы ипотекалдык насыяны төлөп бергендей жана ошол эле маалда үй-бүлөсүнүн чыгашасын жапкандай болушу керек. Алгачкы төлөм катары 10 пайыздан 30 пайызга чейинки төлөм алынат.
Биринчи кезекте программага көп балалуу үй-бүлөлөр, мамлекеттик кызматты өтөп жаткан учурда каза болгон адамдардын үй-бүлөсү, ошондой эле майып балдарды тарбиялап жаткандар турууга тийиш.
"Өкмөттүн сайтында мамлекеттик ипотекалык компания боюнча баракчага шилтеме берилет. Ал учурда даяр болуп калды жана жакын арада иштей баштайт. Сайтта зарыл болгон баардык маалымат, ипотекалык насыя берүү боюнча укуктук актылар камтылат. Эң башкысы программага катышуучулардын тизмеси болот",-дейт Кудайбердиева.

Ипотеканын пайыздык чен биринчи кезекте төгүлгөн взностон көз каранды.Эгерде алгач төлөм 10 пайыздан 20 пайызга чейин болсо пайыздык чен 14 пайыз болот. Эгерде төлөм 20 пайыздан 30 пайызга чейин болсо берилчү насыянын үстөгү 13 пайыз болот. Эң көп бериле турган сумма 3 миллион сом чегинде белгиленди жана бул каражатка 70 чарчы метрден ашык эмес батирге ээ болууга болот”,- деп жазган аталган маалымат булагы.
“Азаттык” радосунун сайты “Мамлекеттик ипотеканын ири суммасы 3 млн. сомдон ашпайт” деген темада буларга токтолгон:
“Мамлекеттик ипотекалык каржылоонун эң жогорку суммасы 3 миллион сом болот. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Жээнбаева бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, сатып алына турган үйдүн көлөмү 70 чарчы метрден ашпоосу керек. Айыл жерлеринде салынган үйлөр бардык архитектуралык талаптарга жооп берүүгө тийиш. Ипотеканы төлөөнүн мөөнөтү 15 жылга чейин. Бирок мөөнөтүнөн мурда насыяны төгүүгө болот.
Ипотеканын алгачкы төлөмү 10дон 20% чейин болгондо жылдык ченеми 14% чыгат. Эгер төлөмдөр 20дан 30% чейин болсо жылдык ченем 13% түшөт. 30% жогорку төлөмдөрдүн жылдык ченеми 12%.

Ипотекалык насыяны бир киши же болбосо жамааттык түрдө алуу да мүмкүн.
Өкмөт башчы Темир Сариев бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн мамлекеттик ипотека берүү 15-январдан башталарын билдирген”.
Каржы министри А. Касымалиевдин айтуусунда ипотекалык компания өлкөбүздүн бюджеттик кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу менен гана чектелбестен, дүйнөлүк экономикалык кризисти да ооздуктайт. Анткени курулуш тармагы менен кошо башка тармактардын да иши жанданып, миңдеген жумуш орундары түзүлмөкчү.

Эмилбек Момунов, “Кабар” маалымат аналитикалык борбору
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу