Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 18:23
 

Депутаттар мандатынан мыйзам чегинде ажыратылдыбы, же?..

 Депутаттар мандатынан мыйзам чегинде ажыратылдыбы, же?..

Бул күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» фракциясынан ЖКга депутаттар Чолпон Эсенаманова, Элмира Жумалиева, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону жана “Кыргызстан” фракциясынан дагы бир депутат Урмат Ишенбековдун маселеси кийинкиге калтырылганы жалпыга маалымдоо каражаттарында башкы темалардын бири болуп калды.
Буга байланыштуу Turmush сайты БШКнын отурумда У.Ишенбеков эч кандай арыз жазбагандыгын, эгерде мандаты токтотулса, мыйзамсыз боло тургандыгын билдиргенин, ал эми отурумга кийин келген Элмира Жумалиева аны кандай негиз менен мандатынан ажыратышкандыгын түшүндүрүүнү суранганда БШК мүчөлөрүнүн бири “Талкуулоо аяктады. Сиз кийин сотко бере аласыз. Маселе талкууланып бүттү. Экинчи маселеге өтүп жатабыз”, - дегенин, буга ачууланган Жумалиева бандитизм менен акча баарын чечип жаткандыгын айтканын, БШК мүчөсү отурумдагы билдирүүлөр каралышы мүмкүн экендигин эскерткенин, Жумалиева БШК мүчөлөрү жөнүндө эмес, «Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү жөнүндө айтып жатканын билдиргенин жазды.
БШК баарына бирдей мамиле жасабай жаткандыгын БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдиргенин “Азаттык” радиосу кабарлады. Г.Журабаеванын айтымында, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованын мандаттары БШКнын жыйынында талаштуу жагдайларда ажыратылган. Анын үстүнө дароо эле “Кыргызстан” партиясынын кезектеги талапкерлери Алмазбек Токторовго жана Урматбек Самаевге берилген. Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев мандатын талашсыз жагдайда тапшырса да анын мандаты Абдимуктар Маматовго берилген эмес. Эми ага БШКнын кезектеги жыйында гана мандат берилмекчи. Ушул эле радиого мандатынан ажыраган депутаттардын укуктары тебеленип жатканын мурдагы Акыйкатчы, учурда Улуттук кеңеш деп аталган кыймылдын башчысы Турсунбек Акун билдирди: “Депуттарды эл шайлаган. Азыр депутаттардын укугу бузулууда. Аларды акча бергенине карап "пешка" сыяктуу эле улам алмаштыра берген туура эмес. Бул боюнча Акыйкатчы, укук коргоочулар пикирин билдириши керек. Бул жерде эл өкүлдөрүнүн пикирин эске албай туруп чечим чыгарган БШК да туура эмес кылууда”-деди ал.

Журналист Мирлан Дүйшөнбаев “ЖК депутаттарынын укуктары чаламандын чак түшүндө бузулуп, тепселенип, өз укуктарын коргой албай бечаралардын кебетесин кийишип БШКны кодулап, сотторду сагалап, "ыйлап" жүрүшсө, карапайым элдин укуктары канчалык бузулуп, тепселенип жаткандары жөнүндө сөз кылбай эле коёбузбу, ыя?”-деп суроо салды Фейсбук социалдык желесине.
Super.kg сайты ЖК жыйында айрым депутаттар "Бул маселе 3 күндөн бери коомдо катуу талкууланып жатат. Депутаттардын аброюна шек келтиришүүдө. Эки айдан бери иштеп жаткан депутаттарды БШК өз алдынча мандаттан ажыратып жатат. Комиссиянын ичинде мындай чечимге каршылар дагы бар" деп билдиришкенин, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков "Бул маселени миң жолу талкууласак да, чечимди сот чыгарат. Биз чече албайбыз. Баары мыйзам чегинде болуш керек”-деп депутаттардын мандаттан ажыратылышы парламентте чечилбесин маалымдаганын, ошол эле учурда "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев "Алар тиешелүү кол коюшкан. Колдор жасалма же жасалма эмес экенин экспертиза аныктайт. Ар бир мекеме өз ишин кылсын. Сот укуктук баа берет",- деп аталган депутаттарды мандатынан ажыратуу чечими мыйзам чегинде кабыл алынганын айтканын жазды.
“Каганат” сайты партиялар арасында мандат бөлүштүрүү “кызыктуу” жүрө баштаганын, фракция башчылары айрым депутаттарга айтпастан эле БШКга кээ бир депутаттарды мандатынан ажыратуу тууралуу документ жөнөтсө, БШК ал эл өкүлдөрүн катыштырбастан эле мандатынан ажыратып жатканын, тактап айтканда, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде БШК аларды мандатынан ажыратканын, ал тургай БШКнын жыйынына мандатынан ажыраган эл өкүлдөрү катышпагандыгын, андыктан алар БШКны сотко берүүгө камынып жатышкандыгын маалымдады. Чолпон Эсенаманова: “Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутатын мандаттан Борбордук шайлоо комиссиясы анын берген арызына ылайык гана ажырата алат. А мен эч кандай арызга кол койгон эмесмин. БШКнын чечими мыйзамсыз, ошондуктан сотко берем”,- десе, Урмат Ишенбеков “Мен арызды шайлоого чейин жазгам. Анда жазылгандай эгерде Кочкордон 2 миң добуш, Балыкчыдан 2 миң добуш ала албай калсам, анда мен мандаттан баш тартмакмын. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча мен 2 райондон 3 миңден добуш алдым. Анда эмне үчүн бүгүн мандатымды тапшырышым керек? Мен 22-декабрда мандатымдан баш тартуу боюнча эч кандай арыз жазган эмесмин”,- деди. Ал эми БШК болсо “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевден 5-январда аталган мекемеге кат келгендигин, анын негизинде депутаттар мандаттарынан ажыратылганын билдирди” деп жазды аталган сайт.

БШК депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы депутаттык мандаттан өзүлөрүнүн жазган арыздарынын жана фракциянын чечиминин негизинде ажыратканын билдиргенин, бирок арыз жазбаганын айткан Жумалиева менен Эсенаманова БШКнын чечимин сотко берип, Башкы прокуратурага кайрылганы жатышканын «Марал» радиосу да кабарлады. Бул радионун маалыматында Ч.Эсенаманова “Биз партиянын тизмесине кириш үчүн август айында арыз жазганбыз. Бирок анда датасы коюлган эмес, кийин фракция ѳздѳрү 22-декабрда датасын коюп БШКга берип коюшкан. БШК фракциянын чечими менен депутаттык мандатты алып коё албастыгы мыйзамда да жазылган”-деп айтса, «Кыргызстан» фракциясынан дагы бир депутат Урмат Ишенбеков “Фракция август айында жазылган арыздын датасын компьютер менен коюп БШКга берип коюшуптур. Ачык айтканда, БШКдан мага таанышым чалып айтты «арызың каралып жатат» деп. Ошол замат Боршайкомго барып мен мандатымды сактап калдым”-деген.

Ошентип ЖМКларда жана коомчулукта ЖКда депутаттык орундарды соодалоо жүрүп жатканы айтылып, кээ бирөөлөр мында БШКны да күнѳѳлөшсө, БШК мыйзам бузуу болбогондугун, депутаттардын ѳзүлѳрүнүн жазган арыздарынын негизинде мандаттарынан ажыратылып жаткандыгын билдирүүдө.

Бүгүн 13-январда парламенттин кезектеги отурумунда да депутаттар аталган 2 эл өкүлүнүн мандаттарынан ажыратылышы боюнча БШКнын маалыматын укмак. Бирок, БШКнын атынан комиссиянын жетекчисинин орун басары Гүлнара Журабаева келип, комиссиянын чечимине каршы болгондугун, ошондуктан жалпы абалды жана өзүнүн гана пикирин айта аларын билдирген соң, төрага Асылбек Жээнбеков БШК мүчөлөрү даярданбай келишкендигин жүйө кылып, эртең БШКнын атынан расмий маалымат бере турган адамды чакыртууну сунуштап, аны көпчүлүк колдогонун “Turmush” сайты жазды.

Дайырбек Мейманов, ”Кабар” маалымат аналитикалык борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу