Аналитика

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
06/01 17:28
 

Үй-бүлө курууда күбөлүк биринчиби же никеби?

 Үй-бүлө курууда күбөлүк биринчиби же никеби?

Жогорку Кеңештин депутаттары Элмира Жумалиева менен Аида Салянова тарабынан сунушталган эгер баш кошкон жарандардын Мамлекеттик каттоо кызматы (ЗАГС) тарабынан күбөлүгү болбосо, алардын никесин кыйган дин же башка кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууну жаратып, массалык маалымат каражаттары менен социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери ушундай чектөө менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн баш кошуусун жана ажырашуулардын санын азайтууну көздөшүүдө.

“Кабар” агенттигине Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бахтияр Токтогазы уулу аталган мыйзам долбоору боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирген: “Нике молдонун мажбурлоосу менен эмес, баш кошкон эки жаштын ыктыярдуу түрдөгү макулдугу болгон учурда, алардын бул чечимине эки тараптан тең күбөлөр катышканда гана кыйылат. Ал эми дин кызматкери же башка нике кыйган адам баш кошкон жаштардын мындай чечимин шариятка ылайыктап, никелүү кылып коёт. Ошондуктан нике кыйган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес болуп калат. Мындай мыйзамды кабыл алуудан мурда аны коомдук талкууга коюп, маселенин оош-кыйыш жактарын жана коомдук абалды тактап алуу зарыл.

“Азаттык” радиосу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин маалыматына таянып, азыр баш кошкондордун 13%ын 16-17 жашка чейинки кыздар түзөрүн жана алардын арасында ажырашуулар көп болуп жаткандыгын, аталган мыйзам долбоору боюнча жашы 18ге толо электерге нике кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы да каралгандыгын жазды.

Статистика боюнча, өлкөдө баш кошкондордун теңинен көбү мамлекеттик каттоого убагында турбайт жана мындан улам жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, ажырашуу, ажырашкандан кийинки көйгөйлөр арбын.
Аталган маалымат каражаты Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Адалат үч ирет турмушка чыгып, үчөөндө тең ажырашкандыгын жана үч ирет молдого нике кыйдарган менен расмий катталбагандыгын мисал келтирип, анын сөзүн мындайча билдирген:
- Биринчисине 14 жашымда эне-атам сүйлөшүп эле берип койду. Атама "ал менин теңим эмес" десем уккан жок. Аны менен эки ай жашагандан кийин эле ажырашып кеттим. Ажырашып үйгө келгенден кийин эле атам каза болуп калды. Экинчисине, үч баласы бар адамга, өзүм каалап турмушка чыккам. Аны менен деле расмий каттоосу жок жашадым. Катталалы деп мен деле, ал деле айткан жок. Жакшы жашап жатканыбызга эле сүйүнүп жүрө бердик. Бир кыздуу болгондон кийин ал биринчи аялына кетип калды. Үчүнчү жолу турмушка чыгып, эки уулдуу болгондон кийин "сен куник экенсиң, сени менен жашабайм" деди. Мен "жашайлы, атам жок болсо, пенсионер энем эле бар, балдарды кантип багам" деп жалдырасам болбой чанып кетип калды”.
“Азатыкка” Ноокат шаардык мэриянын юристи Чынара Ырысбаева аймакта Адалаттыкындай окуялар көп катталарын айткан:
- Эрте турмушка чыгуу көрүнүшү жайылып баратат. Бизге ушундай жарандардан көп арыз-даттануулар түшөт. Мүлк бөлүшүү боюнча маселе чыгат. Мисалы, алар турмушка чыгып жатканда никесин каттатпайт. Бизге да турмуш куруп алышканын айтпайт. Качан гана ажырашып, көйгөйлүү маселе чыкканда гана бизге кайрылышат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Э. Жумалиева долбоор эң ириде эртелеп турмушка чыккан көрүнүштөрдү азайтууга, келиндердин укугун коргоого багытталганын айткан:
- Биз ушундай фактыларды көрүп жатабыз. 15-16 жаштагы кыздарды эле никесин кыйып, күйөөгө берип койгон көрүнүштөр бар. Бул туура эмес, ата-энеси макул деп коёт, бала болсо жетиле да элек. Административдик, кылмыш жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек. Никеден мурун расмий каттоодон өткүдөй кылышыбыз керек. Каттоосун көрбөй туруп нике кыйган молдолорду кылмыш жоопко тартышыбыз керек. Каттоосу жок жашап жүрүп ажырашып кетет, анысын күйөөсү деп эч ким далилдеп да бере албай калат. Анысы үйүнөн кууп чыгат, мындай келиндер болсо баласын кучактап ара жолдо калат.
Бул темага Ош шаарындагы “Ынтымак” телерадиокомпаниясы да кайрылып, шаар тургуну Малика Пазылжанованын никеден өткөн расмий каттоосу жоктор үй-бүлө бузулуп кетсе балдарына алимент алууда, өз укуктарын коргоодо кыйынчылык жарала тургандыгы жөнүндөгү пикирин билдирген:
-Азыр көпчүлүк баш кошкондор молдого барып эле баш кошуп жашап калышууда. Эртеңки күндө жубайлар ажырашып кетишсе ортодогу буюмдар, мал -мүлктү ажыратуу оорчулук туудурат. Эч кимиси өз укуктарын коргой алышпайт.
Аталган маалымат каражаты “Молдолор нике окууда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ордун да түшүндүруп беришет. Ал эми дин өкүлдөрү мусулманчылыкта никесиз жашоо туура эмес экенин белгилешет. Ага кошумча молдолор нике окууда үй-бүлөдөгү аял менен эркектин орду тууралуу да түшүндүрмөлөр берилээрин айтышат”,- деп белгилеген.
"Расмий каттоодон өткөн күбөлүгү жокторго молдолор нике окуса эркинен ажыратылат деген туура эмес. Бул мыйзамды нике кагазын албагандарга колдонсо болот. Эгер андай болсо, мамлекет нике күбөлүгүн алуунун жолдорун жөнөкөйлөштүрүп берсин",-деген Ош облустук казыятынын мусулмандар бөлүмүнүн окуу бөлүмүнун адиси Ыманаалы Матраимов.
“Kaganat.kg” сайты бул мыйзам долбооруна кайрылып, бир нече белгилүү адамдардан пикирин алган:
Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: «Баарынан Кудайдын мыйзамы бийик».
Кызды алып кетип жатканда негизи үйүнөн нике кыйылат да. Баарынан Кудайдын мыйзамы бийик туруш керек деп ойлойм. Мисалы үйлөнүштү анан нике күбөлүгү убагында берилбей бир жума балким бир нече убакыт берилбей калса эмне болот? Никесиз ойнош сымал болуп жашай бериш керекпи?! Мени оюмча дагы кеңешип иштеп чыгуу керек го дейм ойлойм.
Сабыр Мукамбетов, журналист: «Аялдардын укугу бузулуп жатпайбы?»
-Ооба, колдойм. Эч жоопкерчилиги жок молдоке келип эле «туттум туттум» дедиртсе эрди катын болуп калып, анан «талак, талак, талак» десе эле шалак деп бойдок болуп калган кантип болсун. Аялдардын укугу бузулуп жатпайбы. «Аялы болчумун, энчимди бөлүп бериңиз» деп эч документи жок ооз эки кайрылса ким ишенет. Ошон үчүн диний ишенимдегилер никесиз болбойт дешсе ЗАГСдан кийин никелерин кыйдырышсын.
Перизат Насирдинова, студент: «Никесиз төрөп, боюнан алдырган кыздар үчүн, атайын улуттук программа түзүү керек»
- Жок! Сөзсүз түрдө биринчи нике кыйылыш керек, анткени депутаттардын демилгеси кыргыздын нарк насилине жат көрүнүш. Бул европалашып бара жатканыбыздын бир белгиси болсо керек. Азыр никесиз төрөлгөн балдар көбөйүп, ташталган, ата-энеси жок балдардын саны өсүүдө. Эгерде нике болсо, бул көйгөй балким болбойт эле, анткени нике-ишенич, бири-бирине болгон ишенимди да жаратат. Анан албетте, сөзсүз түрдө жарандык никеге да туруу керек. Жакшысы 18 жаштан кийин гана никеге турганга уруксат берүү керек деп ойлойм. Бул кыздарды эрте турмушка берүүнүн жолун алдын алуу болсо, ал эми никесиз төрөп, боюнан алдырган кыздар үчүн, атайын улуттук программа түзүү керек. Кыздарыбызга кыргыздын нарк-насил, үрп-адатын үйрөтүү жана улуттук баалуулуктарыбызды сактоо максатында.
Адиль Турдукулов, активист: «Депутаттар алектене турган башка маселе калбай калыптырбы?!»
- Нике кыйдырууга мамлекет тыюу салбашы керек. Себеби бул ар бир адамдын өз эрки деп эсептейм. Мындан башка маселе калбай калыптырбы! Депутаттар алектене турган маселелер чачтан көп го?!
Мира Алымова, Бишкек шаарынын тургуну: «Анан эмне алар никесиз жашай беришеби?»
Жашы жете электердин никесин кыйганга каршымын. Анткени акыркы уккан кабарларга караганда, 15-16 жаштан турмуш жолуна аттангандар бар. Ал эми нике күбөлүгү жокторго нике кыйылбасын дегенге каршымын. Себеби айрым түгөйлөр ар кандай шарттарга байланыштуу күбөлүктү ала албай калышат. Мисалы, түгөйлөрдүн бири паспортун жоготуп жиберсе жана башка себептер менен. Анан эмне алар никесиз жашай беришеби?! Ал эми айрым нике кыюуну жок кылуу керек дегендердин өздөрү жок болуп кетсин. Балдарыбыз эмне никесиз төрөлүшү керекпи. Канча светттик өлкө болгонубуз менен мусулман экенибизди унутпайлы.

Эмилбек Момунов, “Кабар” маалымат-аналитикалык борбору

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу