Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/01 18:23
 

Премьер-министр: “Кыргызстан энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10-15 пайызын гана колдонууда”

Премьер-министр: “Кыргызстан энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10-15 пайызын гана колдонууда”

“Кабар” мамлекеттик маалымат агенттиги КР премьер-министри Т.Сариевдин Биринчи радиодогу бүгүнкү маегинде “Токтогул ГЭСи жарым кубаттуулукта иштеп жатса да элди электр энергиясы менен толук камсыз кылуудабыз”,-деп билдиргенин жазып чыкты.

“Учурда Токтогул ГЭСинин эки агрегаты кыйроого байланыштуу 1200 мегаваттын ордуна 600 мегаватт гана электр энергиясы өндүрүлүп жатат. Ал эми калган электр энергиясы төмөнкү ГЭСтерден алынууда...Мурдагы жылдардагыдай маал маалы менен өчүрүүлөр жок. Болгону чукул кырдаалда гана айрым аймактарда убактылуу энергия берүү чектелип жатат. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө 250 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат алынды”,-деди ал.

“Токтогул ГЭСинин жабдыктары 1970-жылдары өндүрүштөн чыккан тетиктер. Алар өз иштөө мөөнөтүнөн 15 жылдан ашык пайдаланылууда. Кабелдер ысып кетпеш үчүн анын сыртынан май куюп коюшат экен. Дүйнөнүн бир да жеринде азыр мындай эски жабдыктар колдонулбайт. Жаңы кабелдер майсыз эле колдонулат.

2016-2017-жылдардын аралыгында өлкөбүздөгү бардык ГЭСтердин жабдыктары толук алмаштырылат. Бул иштер 2020-жылы бүткөрүү пландаштырылган болчу. Бирок, биз күтүп отурбай, тезирээк жасоону колго алдык. ГЭСтердин тетиктерин жаңылоого жалпысынан эл аралык банктардан 250 млн АКШ долларына барабар кредиттерди алып жатабыз. Мен учурдан пайдаланып ушундай күндүн сууктугуна, майрам күндөрүнө карабай иштеп жаткан ГЭСтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Албетте, эл да абалды туура түшүнүп, электр энергиясын үнөмдүү колдонуп, коромжуга учуратпашын суранып кетем”,- деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Т.Сариев мурда да белгилегендей Токтогул ГЭСиндеги кырсыктын кесепети ушул айдын аягына чейин четтетилмекчи. Бирок, не бар, не жок дегенби КР Экономика министрлиги Казакстандын Экибазтусдагы МРЭСинен 100 млн кВт/сааттык электр энергиясын (1кВт/саат 10,88 тенге) импорттоо тууралуу келишимге кол коюлгандыгын билдирди.

Кантсе да, Токтогул ГЭСиндеги кырсык Кыргызстанды кыйла ойлонтуп турган чагы. Көпчүлүк эксперттер бул күтүлгөн нерсе болчу десе, бир даары акыркы 25 жыл ичиндеги бул тармактагы түзүлгөн кырдаал, коррупциялык схемалар ушуга алып келип такады же түз эле “ушуну көрмөкпүз” дегендей ойлорду айтышууда.

Kaganat.kg сайты эксперт Расул Үмбѳталиевдин мындай пикирин басты: “...Канча жашырганыбыз менен бүгүн Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгы жансыз кѳлѳмгѳ жакындап, ГЭС иштен чыкканы калды. Суунун өлчѳмү жансыз кѳлѳмгѳ жеткенде агрегаттарга суу жетпей, электр энергиясын ѳндүрѳ албай, суу аба менен кошо катуу айланып, ГЭС авариялык абалга кептелип, иштен чыгат. Бирок, айрым билермандар энергетикалык эксперттердин каккан коңгуроосун жокко чыгарып, “жансыз кѳлѳмгѳ жетиш үчүн дагы 1млрд. куб суу азайышы керек. ГЭСте 5 млрд 400 млн куб, суу калганда гана жансыз көлөмгө жетет” -деп, бийликти сооротуп, элди ынандырып, Токтогул ГЭСинин ишке киргенине 40 жыл болгонун эске албай жатышат. Анткени, 40 жылдан бери суу менен кошо агып келген ылай кумдун топтолгон көлөмү деле 1 млрд куб суунукундай болуп калды. Ошон үчүн 5 млрд 400 млн куб суу эмес, 6 млрд, 400 куб суу калганда жансыз кѳлѳмгѳ жетип, ГЭС авриялык абалга кептелиши толук мүмкүн. Азыр Токтогул ГЭСинде бар болгону 6 млрд 700 млн куб суу болуп, жансыз кѳлѳмгѳ жакындап калды”,-деп эсти чыгарды Р.Үмбөталиев.

Дагы бир таанымал энергетика адиси Райымбек Мамыров мындай дейт: “- ГЭСтер өткөн кылымдын 70-жылдары ишке берилген, андан бери кырк жылдан ашуун убакыт өттү. Айрым тетиктер эскирди, кабелдик зымдарды эбак алмаштыруу керек эле. Буга чейин канча какшадык, көңүл бурушпай койгон. Эми минтип кыш келгенде керектен чыгып отурат. Буга тез арада ыкчам аракет көрүлүшү керек. Болбосо энергосистемада абал өтө оор”, - деген оюн айтты ал, ушул эле сайтта.

Ал эми белгилүү коомдук ишмер Базарбай Мамбетов бул тууралуу “Кабар” агенттигине мындай пикирин билдирген: “- Буга “Электр энергия” АККтын компаниясынын жетекчилери жооп бериши керек...Энергетика тармагындагы жетекчилердин жетиштүү деңгээлде тажрыйбасы жок болгондуктан, ГЭСтерди реконструкциялоо иштери аягына чыкпай келген. Мунун кесепетин бүгүнкү күндө тартып жатабыз. ..Ошондой эле энергетика министрлиги 10 жыл мурун эле туура эмес түзүлгөн. Башкача айтканда, 10-15жыл мурун эле биз энергетика министрлигин түзбөстөн, энергетикалык холдинг түзүп, 6 энергетикалык компаниянын 15 пайыз акциясын энегетикалык холдинг компаниясына бериш керек болчу. Ошондо алар мындай ишке жол беришмек. Азыр бийлик элге энергетикалык холдинг түзөбүз деп айтып коюп, бүгүнкү күндө ал боюнча эч кандай кыймыл жок”,- дейт ал.

“Кабар” мамлекеттик агенттиги Биринчи радиого шилтема жасап жазып чыккандай, Кыргызстандын энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу премьер-министр Т.Сариев көптөгөн суроолордун башын ачыктады окшойт.

“Жогорку Нарын ГЭСин биргелешип куруу боюнча Россия менен келишим денонсацияланышы бул объектин токтоп калышын билдирбейт. Жакында ал курулушту улантуу үчүн жаңы инвестор издейбиз. Ошондой эле Көкөмерен, Киров жана башка дарыялар менен суу сактагычтардын боюна кубаттуулугу 30-35 мегаватт болгон кичи ГЭСтерди куруу боюнча тендер жарыяланат. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бел-Алма көмүр кенинде да кубаттуулугу 80 мегаватт ЖЭЦ курулмакчы. Азыр ал кенди жергиликтүү ишкерлер тендерден утуп алып, иштетип жатат Кыргызстандын жылына 160 миллиард киловатт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Биз азыр анын 10-15%ын гана колдонуп жатабыз”,- деди ал.

“Кара-Кече көмүр кенине жакын Жумгал районунун Арал айылына кубаттуулугу 1200 мегаваттка же Токтогул ГЭСине барабар жылуулук электр станциясы (ЖЭС) курулат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач Балыкчы-Кара-Кече темир жолу курулат. Андан соң аталган кендеги көмүрдү натыйжалуу иштетүү колго алынып, Арал айылына ар бири кубаттуулугу 300 мегаваттан турган төрт агрегат курулмакчы. Республиканын ар кайсы аймагына пландалган орто жана чакан ГЭСтер ишке кирсе, өлкөдөгү энергетикалык кубаттуулукту 160 млрд киловатт саатка жеткирсек болот. Бул азыркы мүмкүнчүлүккө караганда 10 эсе жогору»,- деди Темир Сариев.

Темирбек Алымбеков, “Кабар”
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу