Аналитика

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/01 16:02
 

Тарых жана маданият жылы тарыхты жакшы билип, маданияттуу болууга өбөлгө болушу керек

Тарых жана маданият жылы тарыхты жакшы билип, маданияттуу болууга өбөлгө болушу керек

2016-жыл-Кыргызстанда Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды. КР Президенти Алмазбек Атамбаев өткөн 2015-жыль аяктап, жаңы 2016-жылга кадам таштаар алдында “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун “Кабар” маалымат агенттиги алгачкылардан болуп жазып, бүгүн демократиянын алдыңкы жетишкендиктерин элибиздин маданий салттары, ыймандык жана укуктук нормалары менен шайкеш келтирүү милдети тургандыгын, дегеле Кыргызстанда акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөр өлкөбүз өзүнүн өнүгүү моделин ишенимдүү түзүп жаткандыгын айгинелерин жалпыга жарыя кылды.

«Азаттык» радиосу маданият менен тарыхка "жол бошогонун" белгилеп, быйыл Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Үркүндүн 100, өлкө эгемендигинин 25 жылдыгы өңдүү ири тарыхый жана маданий окуялар болорун, ушундан улам өлкө эгемендигинин 25 жылдыгын уюштуруу комитетин түзүү каралып, бул комитетке ошондой эле Тарых жана маданият жылын өткөрүү тапшырмасы берилгендигин, мындан улам тарыхты жана маданиятты изилдөө, жайылтуу, материалдык маданияттын эстеликтерин сактоо, коргоо, руханий мурасты, аймактардын маданий өзгөчөлүгүн калыптандыруу, маданий мурас, табериктерди коргоону жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорду даярдоо, илимий-популярдуу басылмалардын, окуу куралдардын,окуу китептердин даярдалышына шарт түзүү, тарых жана маданиятты окутуунун усулдарын жакшыртуу мекен таануунун алкагында ички туризмдин каттамдарын өнүктүрүү өңдүү бир катар иштер жасаларын кабарлады.

Түркиянын ТРТсы да Кыргызстанда 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыялангандыгын жалпы түрк дүйнөсүнө жар салды. “Super.kg” сайты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурасын сактоо жана аны өнүктүрүү, эффективдүү пайдалануу, өлкөнүн өнүгүшүндөгү улуттун жүзүн калыптандыруу максатында Тарых жана маданият жылы жарыялагандыгын, бүгүнкү күндө заманбап демократияны укук демократиясы, элдин салттуу маданияты менен айкалыштыруу маселеси тургандыгын, Кыргыз мамлекетинде акыркы жылдары болуп өткөн окуялар өлкө өнүгүү жолунда жеке моделин ишенимдүү түзө алгандыгынан кабар берерлигин билдирди.
2016-жылдын Тарых жана маданият жылы деп жарыяланышынын маани маңызы өтө терең экендигин, себеби өз маданиятын жогору баалаган, тарыхын билген элдин гана ар намысы күчтүү болорун, мындай пикирлерин маданият кызматкерлери, эл баатырлары, тарыхчылар, жазуучу, акындар билдиришкендигин Кыргыз радиосу кабарлады.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы өздүк баракчасына тарых жана маданият жылы тарыхты жакшы билип, маданияттуу болуп кетиш үчүн эмне кылуубуз керек? деген маселе коюп, ага “Биздин элдин маданий абалына, тарыхый сабатсыздыгына зээни кейиген мамлекет башчысы 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп бекер жарыялабаса керек. Бир мезгилде улуттун чыгаан уулу Чынгыз Айтматов "маңкурт" темасын козгоп, коңгуроо каккан учурда эле бул проблема өтө курч эле.

Андан бери көтөрүлгөн маселе жетээр чегине жетти. Элибиз маданияттуу болуп кетпеди. Тарыхын үйрөнүп, өткөндөгүсүнө сыймыктанып, өтмүшүнөн сабак алып жашоого өтпөдү. Борбордон чыккан иш аракет элетке жетпей, элеттен чыккан демилге борборго келбей, эки бөлүндү жашоо менен күн өткөрүп келгенибиз жалганбы? Акча менен байлыктын кулуна айланып, добушубуз менен абийирибизди сатып, маданиятсыздыктын туу чокусуна жакындап калганда балким бул Жарлык эссиздерди эсине келтирээр эгер эс-акылы бирааз сакталып калган болсо!

Ток этээр жерин айтканда тарыхты билбеген, маданиятты уруп ойнобогон, байлыгына эсирип бийликке аралашкан маданиятсыздар менен сабатсыздардан тез арада тазаланышыбыз керек. Кыскасы алгач ачуу чындыкты ачыктап, анан буга чейин кетирген жаңылыштыктарга сарасеп салып, келерки жылдын иш-пландарын аныктап, тактап алып шымалана ишке киришсек тоону бир топ томкоруп коюрубуз ажеп эмес. Эң оболу эч нерсе жасабай жанбактыга айланган интеллигенция өкүлдөрү жанданып, кежигебиздеги көзүбүздү маңдайыбызга чыгарып, улут алдындагы вазийпабызды аткарууга киришсек, сасыган саясый элита бизге карап түзөлөөр эле”-деп жооп берди.

“Sputnik” сайты быйыл 2016-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Кыргыз автономиялуу облусунун 90 жана Кыргыз ССРинин түзүлүшүнүн 80 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленерин билдирип, Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкта "Өлкөнүн финансы-экономикалык көз карандысыздыгын жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө улуттук руханий кайра жарылышы менен өзөктөш, кыргызстандын экономикасынын өнүгүшү маданияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта”,-деп жазылганын белгиледи.
Кыргызстан өзүнүн өнүгүү моделине ээ болуусуна убакыт келгенин, демократиянын жетишкендиктерин демократиялык, адеп-ахлактык жана маданий салты менен айкалыштыруу зарылдыгын билдирип, мындан улам президент тарабынан Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын иликтөө, жайылтуу иштерин жүргүзүү, тарых жана маданият боюнча тасмаларды тартуу, маданий мурас эстеликтерин сактоо тапшырылгандыгын жазды.
Ал эми “Turmush” сайты Жарлыкта тарыхый жана маданий бай мураска ээ болуп туруп, өлкөбүз өз өнүгүүсүндө бул кудурет-күчүн жетишсиз пайдаланып жаткандыгына, жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиштигине, акыркы жылдары Кыргызстандын окумуштуулары, айрыкча тарыхчылар жана башка социалдык илимдердин өкүлдөрү изилдөөлөрдү жандандырышкандыгына, бирок өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү кызыкчылыктары бул иштерди дагы күчөтүүнү талап кылгандыгына, кошумча ресурстарды тартуунун эсебинен өз ишин өнүктүрүүгө күч үрөгөн айрым маданий мекемелердин жигердүү иштери мамлекеттин колдоосуна муктаждыгына, бүгүн маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү зарылдыгы айтылгандыгына токтолду.


Дайырбек Мейманов, ”Кабар” маалымат аналитикалык борбору


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу