Аналитика

Июль 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/12 17:47
 

Армияда тартип барбы?

Армияда тартип барбы?

28-декабрда таңкы саат төрттөрдө Бишкекте Улуттук гвардиянын атайын даярдыктагы №714 “Пантера” деп аталган тобунун кызмат өтөгөнүнө үч ай болгон 19 жаштагы катардагы жоокери Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салды. Алардын бири саат жетиде ооруканада каза болуп, денесине үч ок тийген экинчиси азыр өзүнө келип, бирок абалы оор. Азырынча атышуунун себеби жана түн ичинде эки сержант сыртта эмне кылып жүргөндүгү белгисиз. Аскердик кылмышты Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөөдө. Ал эми ок чыгарган жоокер камакка алынды. Бул чуулгандуу окуя коомчулукту дүрбөтүп, массалык маалымат каражаттары жана аскердик эксперттер түрдүү жоромолдорду айтышууда.

Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, окуя боюнча аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоду.
- Иш Кылмыш кодексинин 97, 304, 305 жана 316-беренелерине ылайык козголду. Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө тобу түзүлүп, тергөө иш чаралары башталды, – деген Тагаев.
Улуттук гвардиянын Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалай Мырзабаевдин билдиришинче, окуя таңкы саат төрттө болгон жана кароолдо турган жоокер сержанттарга ок чыгарганга аргасыз болгон. Азыр окуянын так себеби, чоо-жайы такталып жатат:

- Ушул 714-бөлүктө кызмат өтөп жаткан эки сержант курал менен бараткан жоокерибизге кол салган. Ал курал колдонгонго аргасыз болгон. Курал колдонуунун кесепетинен Азамат уулу Асылбек уулу деген сержантыбыз Бишкекте №4 ооруканада таңкы саат 7де каза болду. Жаракат алган экинчи жоокерибизге операция жасалды. Ал азыр реанимацияда. Ага үч ок тийген, эки окту алып чыгышты, төшүндөгү үчүнчү ок алына элек. Окуяны Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Бул окуя эмне себептен болгонун азырынча айта албайбыз. Жараланган жоокерди кабыл алган медиктердин КТРКга билдирүүсү боюнча, үчүнчү окту денеден алууга болбойт. Демек, ал өмүр боюу ошол ок менен жашайт.
Аскар Мейкин уулу жогорку окуу жайда окуп жүргөндө академиялык тыныгуу алып, армияга өз эрки менен келгенин Т. Мырзабаев мындайча билдирди:
- Кызматы жакшы болчу. Баса белгилеп коюучу жагдай, аскер бөлүктүн кароол курамы дагы тандамал жоокерлерден турат. Кароолго баары эле тура бербейт. Курал колдонгон жоокер ошол тандалма жоокерлердин бири десек болот. Эки сержанттын бирөө 19 жаштагы Марипов. Ошол жерде кызмат өтөгөндөн кийин келишимдик негизде калып калган. Каза болуп калган аскер кызматкерибиз да мыкты жоокерлерден болчу. Кармашып урушуу боюнча машыктыруучу болчу. №714 бөлүк атайын багыттагы бөлүк. Кокус күтүлбөгөн окуя, чукул кырдаал болуп кетсе, Башкы штабдын карамагына өткөрүлүп бериле турган бөлүк.

№714 аскер бөлүктүн жетекчилери окуя тууралуу маалымат каражаттарына түшүндүрмө берише элек. Ал эми “Азаттык” “Пантера” тууралуу ал жакта кызмат өтөп кеткендерден маалымат алган. Алардын бири, 27 жаштагы Улан аскердик жашоо тууралуу буларды айткан:
- Ал жакты начар, тигиндей-мындай деп айткандан алысмын. Бүт баары эле жакшы. Мисалы, машыгып келгенден кийин чайкана турган жайлары бар, машыга турган өз-өзүнчө залдар бар. Ашканада болсо команда менен тамак иче турган, союздан калган тартип эмес, ичип туруп кеткен америкалык тартип болуп калган. Шарты абдан жакшы. Сержанттар сабак өтүшөт, тургандан баштап жатканга чейин аткарыла тургандардын баары саат-сааты менен көрсөтүлгөн. Ок чыгарган жоокер катуу ызаланып калышы мүмкүн. Анын намысына тийген сөздөр айтылышы мүмкүн. Эркектерде намыс күчтүү да. Балким ошон үчүн ушундай окуя болуп кеткендир.
Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбековдун айтуусунда, кароолдо турган жоокер качан, кандай учурда ок чыгарары уставда так көрсөтүлгөн.
- Кароолдо турган жоокер өзүнүн начальнигинен жана "разводящийден" башка эч кимди киргизбейт жана жакын жолотпойт. Эгер башка кызматкерлер анын аймагында болуп, буйругун аткарбаса, анда ал ок чыгарганга укугу бар. Эгер ошол эки сержант ошондой уставга жат кадамдарды жасаса атып салышы деле мүмкүн. Экинчиден, Куралдуу күчтөрдө улуулардын кичүүлөргө үстөмдүк кылуусун жоюу кыйын болуп калды. Майрамдын алды деп балким ичимдик ичип алыштыбы, же ошол окуяга чейин ортолорунда талаш-тартыш болгонбу, үстөмдүк кылып, намысына тийгенден улам атып жибериши мүмкүн.

Бул окуя тууралуу “Кабарордо” сайтына Улуттук Гвардиянын командачысы Мелис Сатыбалдиев мындайча маалымат берген:
"Келишим менен кызмат өтөп жаткан сержант постту кайтарып турган күзөтчүгө кол салган, ал эми күзөттөгү жигит курал колдонгон. Медициналык бүтүм берилмейин биз каза тапкан жигит алькогол ичимдигин ичкенби же жокпу так айта албайбыз, бирок ушундай болушу дагы мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз. Аларды арачаламак болгон, дагы бир сержант жарадар болду, аны азыр операция жасап жатышат. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизорунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү барды",-деген Сатыбалдиев.
Жогоруда белгиленгендей, өлкөбүздүн эң алдыңкы жана шарты жакшы Улуттук гаврдияда тынч турмушта жоокерлер бири-бирин атып жатышы канткен менен армиябызда тартип маселеси ойдогудай эместигин далилдеп турат.

Эмилбек Момунов, “Кабар” МАБ.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу