Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
26/03 10:24
 

“Эркин Тоо”. "Бай-Түшүм" Инновациялык Фондунун Микрокредиттик Агенттигинин төрагасы Тилек Ашимов: "Айыл чарбасын көтөрүүдөгү потенциалдар абдан чоң"

“Эркин Тоо”. "Бай-Түшүм" Инновациялык Фондунун Микрокредиттик Агенттигинин төрагасы Тилек Ашимов: "Айыл чарбасын көтөрүүдөгү потенциалдар абдан чоң"

- Эмнеден улам лизинг программасын иштеп чыктыңыздар?

- 2009-жылы Германияда өткөн "Жашыл жумалык" көргөзмө-жарманкесине барып катышып келгенбиз. Ал убакта Айыл чарба министрлигин Арстанбек Ногоев жетектеп турган. Алар менен чогуу барып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол койгонбуз. Кыргызстан ошондо биринчи жолу барып катышкан. Көргөзмөгө Германия тараптан немец өкмөтү менен 5 фирма: "Claas", "KWS", "Lemken","GTZ", "BASF" катышкан. 
Биздин ал жакка баргандагы максатыбыз - эл аралык азык-түлүк коопсуздугун сактоого көмөктөшүү, республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын эл аралык базарга алып чыгуу менен айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү инновациялык жаңы технологияларды үйрөнүү жана жаңы техникаларды алууда келишимдерди, долбоорлорду түзүү болгон.
Германиядагы аталган фирмалардан чыккан комбайн, трактор, соко, үрөн сепкич сыяктуу эң зарыл айыл чарба техникаларын биз Кыргызстанга алып келүү жолдорун издей баштадык. Себеби, эскилиги жетип, жарактан чыга баштаган дыйкандын техника менен шаймандарын алмаштыруу замандын талабы эле. Алардын Кыргызстандын айыл чарбасына жана дыйкандарга абдан зарыл экендигине көзүбүз жетти. Бирок, баалары өтө кымбат болгондуктан, аны алып келгенден кийин шарты, мүмкүнчүлүгү жок дыйкандарга кантип беребиз деген ойлор бизди түйшөлттү. Мисалы, Беларусь тракторлорунун баасы 23 миң доллар турса, "Сlaas" компаниясынын тракторлору 55-60 миң евро турат. Мындай кымбат баадагы техниканы биздин чөнтөгү жука дыйкандарга бир гана кредит аркылуу же лизингге алып берүү бирден-бир жолу экендигин түшүндүк. Анан тобокелге салып, ишти ылдамдатууга туура келди.
Эң алгач "Сlaas" компаниясынан трактор жана комбайндарын, ал эми "Lemken" компаниясынан соко, үрөн себүүчү машинелерди алып келгенбиз. Аларды жөн эле берип койбой, Германиядан атайын чакырылган адистер менен өзүбүздүн адистер техникалардын иштөө ыкмаларына чейин дыйкандарга көргөзүп, үйрөтүшкөн.

- Дыйкан-фермерлерге кандай мөөнөткө бересиздер? Үстөк пайызы канча? Бешөөнүн ичинен кайсы компаниянын тракторлору өтүмдүү болуп жатат?

- 2000-жылы түзүлгөн "Бай-Түшүм" алгач кичи микрокредиттик компания болуп түзүлсө, азыркы учурда "Бай-Түшүм" финансылык тобу "Бай-Түшүм жана Партнерлор" Микрофинансылык банкы жана "Бай-Түшүм" Инновациялык Фонду болуп эки чоң компаниядан турат. "Бай-Түшүмгө" келип биз лизинг боюнча атайын программа иштеп чыкканбыз. Анан аталган программа аркылуу дыйкандарга лизингге 5 жылдык мөөнөт менен бере баштадык. Лизингге насыянын мөөнөтү 5 жылга чейин, үстөк пайызы жылдык 16% кыргыздын сому менен берилет. Бүгүнкү күндө техникаларды 20дай чарба алышты. Көбүнчөсү "Сlaas" компаниясынын трактор, комбайндарын алып жатышат. 
Былтыркы жылы микрофинансылык компания "Бай-Түшүм" лицензия алган "Бай-Түшүм" банк деп. Биз өзүбүз Инновациялык Фонд "Бай-Түшүм" деп аталдык.
Иштелип чыккан лизинг программасы аркылуу учурда кайсыл дыйкан кайрылса биз жардам берүүдөбүз.

- Бүгүнкү күндө сиздерден лизингге алып, анын пайдасын көргөн дыйкан чарбалар барбы?

- Албетте бар. Мисалы, азыр Кантта "Эльдан" финансылык-өнөр жай ишканасы бар. Анын ээси Турат деген жигит Германиядан уй чарбасына ылайыктуу заманбап жабдууларды сатып алган. Учурда Кантта анын аракети менен бир чоң комплекс курулуп, бүтөйүн деп калды.
Ошол эле Канттан биздин кыргызстандык Тимофей Кавун деген немец улутундагы жигит Германияга кеткен эле. Бирок, кийин Кыргызстанга кайрылып келип, Кантта жумуртка, тоок багытындагы долбоорлор менен иштеп жүргөн. Кыргызстандын шартында көп нерселерди жасоого болот, бирок азыркы базар экономикасынын шартында өлкөбүз айыл чарба продукциясы менен өзүн-өзү камсыздай албай, четтен ташыйбыз. Мисалы, мен жогоруда сөз кылган Тимофей жетектеген "Три Т" ишканасы чыгарган тоок жумурткасы жөнүндө айткым келип турат. Мындан 5 жыл мурда жумуртканын 80%ын биздин өлкө сырттан алып келчү. Көбүнчөсү Кытайдан келээр эле. Биз алып келген заманбап техникалык жабдуулардын негизинде азыр ошол Канттагы ишкана эле жумуртка менен бизди камсыз кылып жатат.
Андан сырткары бизден лизингге алган тракторлорду эки жылдын ичинде төлөп кутулуп койгон чарбалар да бар. Демек, өзүн-өзү тез эле актайт.
Ошондой эле Сокулукта "Алмаз" деген фермердик чарба иштеп жатат. Азыр Германияда өткөн "Жашыл жумалыкка" Кыргызстан жыл сайын катышып калды. 2 жыл мурда ал жакка дыйкандардан да ээрчите барганбыз. Ошол "Алмаз" фермердик чарбанын жетекчиси ошондо биз менен кошо барып, Германиядан өзүнө өнөктөшүн тапкан. Биздин Австриядан алынып келген техниканы кредитке алып, 2 жылдын ичинде Сокулукка чочкону багып- өстүрүү боюнча бир чоң комплекс курган. Кыргызстандын Сокулугунда бүгүнкү күндө чочко өстүрүү боюнча заманбап ишкана иштеп жатат деп айта алам. Азыр аларга суроо-талап абдан чоң болууда. Себеби, алар чочконун башка тукумдарын да өстүрүшөт. Эмесе мурда колбаса азыгына кошулчу чочконун этинин дээрлик көбү Кытайдан келчү. Азыр тескерисинче, Казакстан жана кытайлыктар аталган ишканага келип, өздөрүнө сатып алып кетүүгө аракет жасашууда. Ал ишкер учурда бизнестеги атаандаштыкты утуп жатат. Ал жерде өтө көп эмес, бирок жетишээрлик санда жумушчу иштеп, абдан көп айлык акы алып жатышат. Мурдагыга салыштырмалуу аз эле жерди ээлеп, бирок эң жакшы натыйжаларды берүүдө. Аны көрүүгө ашыккан мал чарбачылыгын өркүндөтөбүз деген фермер-дыйкандардын аягы тыйылбайт. Себеби, үйрөнүп алып, өздөрү да ачканга кызыкдар болуп жатышат. Муну менен бизде өзгөчө айыл чарбасын көтөрүүгө потенциал абдан чоң экендигин айткым келет. Керектүү долбоорлор менен айыл чарбасын көтөрсөк, Бажы биримдигине өтүп калсак, ага даяр турган болоор элек.

- Учурда ишкер айымдар көбөйүүдө. Аларга кандай көмөк көргөзө аласыздар?

- USAIDдин жардамы менен түзүлгөн ACDI/VOCA уюмунун максаты жергиликтүү "Бай-Түшүм" финансылык тобу менен бирге ишкер аялдарга колдоо көрсөтөт. "Аялдардын чакан жана орто бизнестеги лидерлиги" программасы ишкер айымдардын лидерлигин өнүктүрүү, алардын бизнесинин өнүгүүсү үчүн керектүү семинарларды, техникалык окууларды жүргүзөт. Башкача айтканда, анын катышуучулары бизнести өнүктүрүү, маркетинг, менеджмент, башкаруучулук жана лидерлик боюнча окууларды окушат. Окутуу ишкер айымдардын суроо- талаптарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша семинар жана техникалык түрдө, топ-тобу менен же жекече түрдө өтөт. 
Аталган программага: жеке ишкер аялдар; менчик ишкананын жетекчиси, менеджери; ошондой эле тигүү цехи бар ишкерлер; туризм же мөмө-жемиштерди кайра иштетүү багытындагы бизнеси барлар; программага катышууга кызыккандар; үй-бүлө мүчөлөрүнөн башка дагы бир же андан ашык жумушчулары бар айымдар катыша алат.
Лизинг программасы
"Бай-Түшүм" Инновациялык Фондунун Микрокредиттик Агенттиги (Фонд) лизинг программасын ишке ашырат жана ушул программанын негизинде Сиз дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн заманбап айыл чарба техникасын лизинг катары сатып ала аласыздар.
Лизинг - сиз тандаган сатуучудан мүлктү Фонд сатып алат жана аны белгилүү бир төлөмдөрдүн негизинде узак мөөнөткө пайдаланууга Сизге өткөрүп берет.
Лизинг-бул ижаранын жана кредиттин мүнөздөмөлөрүн айкалыштырган уникалдуу каржылык инструменти.
Лизингдин артыкчылыктары: ыңгайлуу шарттар, төмөн үстөктүк пайыздар жана техниканын жогорку сапаты. Ал эми лизинг программасы боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги айыл чарба техникасын сатып алуу - бул түшүмдү сапаттуу жыйноо, түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча эң жакшы ыкмасы. Ошондой эле моралдык жактан жана эскилиги жеткен техниканы жаңыртуунун натыйжалуу ыкмасы.
Лизинг программасынын негизги шарттары:
насыянын мөөнөтү - 5 жылга чейин;
үстөктүк пайыз - жылдык 16%;
каржылоо шарттары: техниканын наркынын 70%ына чейин;
жеңилдик берилген мөөнөтү: негизги суммага - 1 жыл, пайыздарды төлөөгө - 3 ай.
Биздин кардарлар:
физикалык жактар, Кыргыз Республикасынын атуулдары;
жеке ишкерлер;
юридикалык жактар.
Маектешкен Бактыгүл Кулатаева
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу