Аналитика

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/03 17:01
 

А. Алимбеков, Баткен ИИБ башчысы: «Биз элдин тынчтыгын сактоодо өзбекстандык, тажикстандык коллегаларыбыз менен бат-бат жолугушуп турабыз”

А. Алимбеков, Баткен ИИБ башчысы: «Биз  элдин тынчтыгын сактоодо өзбекстандык, тажикстандык  коллегаларыбыз менен    бат-бат жолугушуп турабыз”


Алимбеков Анарбай Мамалатипович Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги, 30 жылга чукул бир тармакта иштеген профессионал милиционер Ички иштер кызматынын бардык тармактарында эмгектенген. Баткен коогалаңында биринчилерден болуп Зардалы-Кожешкенде куралчан бандиттик топтордун мизин кайтарган.

-Жаз келсе эле, революция болот экен деген имиштер чыгат. Бул жылы да ошондой болууда. Негизи бизде Баткенде саясий кырдаал кандай?

- Быйыл жаз эрте келди. Элдин баары айыл чарба иштери менен алек. Бизде саясий абал тынч. Эч кандай пикет-митингдер болгон жок. Ага негиз деле жок да. Эл баарын көрүп турат. Акыл эстүүлөр андан көрө жаздын бир күнү жылга тете дешип, эгин сээп көчөт отургузуу менен алек. Буюрса баары жайында. Тилекке каршы атайлап эл арасындагы ынтымакты бузууга, элди дүрбөтүүгө аракет кылган айрым топтор, ар нерсени шылтоолошуп, чек араны тактоо керек, Баткенге көңүл бурулбай жатат дешип, баракчаларды, дисктерди тараткандар да бар. Бирок алардын баардыгы биздин ыймандуу элибиздин туура пикирин өзгөртө албайт.

- Бүгүн милиция тармагын реформалоо боюнча көптөн бери сөз болгон менен бирок андан майнап чыкпай жаткандай. Сиздин оюңуз боюнча кыргыз милициясы кандай болуусу керек?

- Биздин милиция эки революциянын күбөсү болду. Билесиз да кандай коогалаң же тополоң болбосун биринчи катарда милиция турат. Милдетибиз коомдук тартипти сактоо болгондон кийин, башаламандык болобу, ок атуу болобу же пикет-митинг болобу жалпы элдин тынчтыгын коргоо керек да. Өзүңүз билесиз март революциясында да, апрель окуясында да күнү-түнү элдин тынчтыгы үчүн менин кесиптештерим өз өмүрлөрүн тобокелге салышып турушту. Бийлик бирди айтса, бийликке каршы тарап бирди айтып жатты… эмне кылыш керек? Бирок, ошого карбай милдетибизди мыйзам ченемдүү аткардык. Окко учкандар, майып болгондор болду. Эми ушундай кырдаалдан кийин өлкөдө ички иштер кызматкерлеринин ишин реформалоо керек деген зарылдык пайда болду. Чын, көп сөз болгону менен азырынча бир чечимге келалбай жатабыз. Бирок, кандай болбосун реформа жүрүү керек.

-Кандай болсо дейсиз?

-Эн ириде милициянын профессионалдык деңгээлин көтөрүү керек. Форма кийип, погон тагынгандарга калк өзүнө ишегендей ишениши керек. Пара алуунун, коррупциянын элементинин милиция тармагында жыты да болбошу керек. Тергөө ишиндеби же коомдук тартипти сактоодобу биздин кесиптештер коомчулукка үлгү болушу керек. Ал үчүн профессионал, маданияттуу, мен Кыргызстандын түптөлүшү үчүн адилет кызмат кылам, керек болсо жан берүүгө да даярмын деген азаматтар болушу керек. Албетте милиция кызматына келгендердин эмгек акысы жок эле дегенде 20 миң сомдон өйдө болуп, пара алуу деген түшүнүккө көз каранды болбоосу да керек.

-Пара дегенден улам, милиция кызматкерлери коррупцияга баткан, кызматка кирүүнүн ставкалары бар деген сөздөр көп айтылып жүрөт.

- Ооба, ошондон улам милицияга болгон ишенимди кайтаруу керек. Мен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысымын, балким мени да ошондой айтып жаткандыр. Бирок, кызматка алып жатканда бирөөсүнөн да акча албайм. Эң башкысы профессионал болсо болду. Азыр биздин министрдин талабы да ошондой. Элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу үчүн, кадрлардын сапатын көтөрүү керек. Ансыз болбойт.

-Баткендин шарты катаал. Коомдук тариптен тыш, чек ара маселеси, улут маселеси деген бар. Өткөндө кошумча штат беребиз, техникаларды жаңылайбыз деген сөз болду эле, министрликте.

- Шартыбыз чын эле катаал. Эки өлкөнүн чек ара аймактарында 30дан ашык Чарбак сыяктуу айылдарыбыз бар. Жер тактала элек, суусу бир, жолу бир айылдардан Чарбактагыдай чатак чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт. Ошондуктан бизге кошумча дагы 50 кызматтык штат беребиз дешкен. Мындан тышкары чыр чыккан жерге ыкчам топту өз учурунда жеткирүү үчүн атайын КамАЗ автомашиналар керек. Тополоңду токтотууга керектүү зарыл каражаттар менен өздүк курамды камсыздоо да манилүү маселе деп ойлойм. Биздин бул көйгөйдү министрлик чечип берүүгө убада берген, буюрса чечилет.

-Чарбак чатагын басаңдатууда өзбекстандык кесиптештериңиздер менен кандай иштештиңиздер. Чын эле жаңжалды басуу жеңил болбоду окшойт?

- Оор болду. Бактыга жараша бул жаңжалда ок атылып, адам өмүрү кыйылбаганы жакшы болду. Биз дароо эле өзбек коллегаларыбыз менен жаңжалды ыкчам басуунун ар түрдүү иш-чараларын иштеп чыктык. Күнөө өзбек жарандары тарабында болчу. Чек араны бузушкан, биздин атуулдарыбызды барымтага алышкан, автоунааларын талкалаган, алардын ичинде биздин бир кызматкерибизге оор жаракат келтирген. Эми ушундай кырдаалда абалды жеңилдетүү, элдерди элдештирүү, келтирилген чыгымдарды өндүрүү иштери көпкө созбой бүтүрдүк. Биз бир эле өзбекстандык коллегаларыбыз эмес, тажикстандык коллегаларыбыз менен да бирдиктүү иш алып баруу үчүн бат-бат жолугушуп турабыз.

- Айтмакчы тажрыйбасы бар, профессионалдар Баткенге келип иштегенге макул боло бербесе керек.

- Ошондой жагы да бар. Себеби, милициялар үчүн атайын курулган кызматтык үйүбүз жок болгондуктан сырттан келишкен бир катар милиция кызматкерлери батирлерде турушат. Батир акысы кымбат. Шарт оор. Бирок, кызмат, милдет деген эл алдындагы жоопкерчиликти сезген азаматтарыбыз иштеп жатышат. Рахмат аларга. Быйыл биздин кызматкерлер үчүн курулуп, кийин акча каражаттарынын тартыштыгынан улам токтоп кылган кызматтык эки кабаттуу 48 бөлмөлүү үйүбүздү бүтүрөбүз деген тилегибиз бар.
Адылбек Акматов, “Кабар”

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу