Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
13/03 14:41
 

“Учур” гезити. Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин вице-спикери:"Күч менен эмес, ыйман менен жашоону жакшыртабыз"

“Учур” гезити. Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин вице-спикери:"Күч менен эмес, ыйман менен жашоону жакшыртабыз"

-Төрөбай Закирович, борбордук мечиттин салынышын көзөмөлдөй турган болупсуз, эмнелерин текшердиңиздер, берилген жер аянты туура чечилиптирби?


-Ооба, мени Жогорку Кеңештин депутаттары "көзөмөлдөңүз" деген тапшырманы берип, бекитти. Азыр сыртынан байкоо жүргүзүп жатабыз. Борбордук мечитти куруу үчүн берилген жер аянты Мураталы Жуманов муфтий болуп турган кезде чечилген. Эки жер сунушталып, биринчисинен суу чыгып кеткендигине байланыштуу экинчисине, мурдагы Ысык-Көл кинотеатрынын жанына токтолушуптур. Анын долбоорун түзүп, курула турган каражаттын 70% ын Түркия мамлекети каржыламак болгон экен. Ал эми 30% биздин мамлекетке жүктөлгөн. Бирок, биздеги экономикалык жагдайды карап, абалыбыз оор экенин түшүнүп, түрк туугандарыбыз толук каржылаганы турат.
Мечиттин курулушуна 25 миллион долларга жакын акча кетет. Азыр Түркиялык курулуш компаниялары ишти баштады. Сапатына, туруктуулугуна ж.б. өздөрү жооп берет. Кошумчалай кетсем, бизде курула турган мечит Орто Азиядагы эң чоң мечит болмокчу. Түркиядагы Султан Ахмед мечитине окшош салынат. Мындай долбоор азыр кошуна мамлекеттердин эч кимисинде жок.


-Мечит курула турган жерде борбор шаарга ысымы берилген Бишкек баатырдын сөөгү жатат (!) дешүүдө. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

-"Бишкек баатырдын мүрзөсү" дегенди уккан эмесмин. Бирок, "христиан дининдеги адамдардын мүрзөсү болгон" дегенди кулагым чалган. Негизи, муну муфтият карап, жооп бериши керек. Албетте, буга чейин миллиарддаган адамдар дүйнөдөн өттү. Эгер "мүрзө" дей берсек, адам жашаганга жер калбай калат. Шариятта бул көрсөтүлгөн, эгер жаңылбасам, кайсы бир китепте 26 жыл, дагы биринде 40 жыл (!) деп жазылган. "Мүрзөгө акыркы адам коюлгандан кырк жыл өткөн соң, ал жерди иштеткенге, пайдаланганга болот" деген сындуу. 
-"Эгемендүүлүк алганыбыздан бери өлкөдө эки миңден ашуун мечит курулуптур, мындан көрө 2000 спорт комплекси курулганда, элибиздин саламаттыгы үчүн пайдасы чоң болмок" деген сөздөрдү айрым замандаштарыбыз ачык айтып келе жатат. Мындай пикирдеги адамдардын чындыгы барбы?

-Мындай сөздөрдү мен да угуп жүрөм, алардын пикирине кошула албайм. Бизде ыйман болмоюнча, күч менен эч нерсе чече албайбыз. Жашоону ыйман менен жакшыртабыз. Анан бир иш кылынып жатса, эл арасында түшүнгөндөр, түшүнбөгөндөр көп болот. Ар кандай кептер айтыла берет. Бир киши эшегине баласын учкаштырып алып кетип жатса, "келесоо го, баласын жөн эле койбойбу" дептир. Кайра келе жатып баласына жетелетип, өзү минип алса, "баласын мингизип койбойбу эми" деп кеп кылыптыр. Эртеси баласын мингизип, өзү жетелеп баратса, "өзү минип албайбы" дейт экен. Айтканым, элдин баардык катмарына жагыш кыйын. Ар кимиси өз деңгээлине жараша түшүнөт. 
Мечит - бул Кудайдын үйү. Булардын курулушуна мамлекет тарабынан бир тыйын бөлүнгөн эмес. Электр энергиясына өндүрүш ишканаларындай 1,50 тыйындан төлөйт. Мен мыйзам жазып, жер салыктарынан бошотконго чейин, толук төлөп келишти. Бирок, курулган мечиттердин сапаты начар. Жылытуу системалары, даарат ала турган жайлары талапка жооп бербейт. Биз азыр тапшырма берип жатабыз, ушул маселелерди бийлик чечиши керек. Экинчиден, ушундай сөздөр көтөрүлгөндөн кийин сырттан келген демөөрчүлөрдү мектептерди курганга бурдук.
Бир мисал айтсам, элибиз жакшы тааныган Саид Баюми деген адам бизде 500гө жакын мечит курган экен, азыр мектептерди кура баштады. Бүгүнкү күндө 22 мектепти толук куруп бүттү, азыр үч мектепти куруп жаткан маалы. Бул киши мектепти курганда ичиндеги парта-столдорунан бери коюп, компьютерлерине чейин камсыздап берүүдө. Ошондуктан, динге күйбөгөндөр тынчсызданбай эле койсун, биз ыйман жолу менен гана өсүп-өнүгөбүз, алдыга кетебиз. Биз динди жайылтууну күчөтүшүбүз керек, мечиттерди салганды улантышыбыз зарыл. Бизде демократия күчтүү, кошуналарга караганда дин тутуу жакшы өнүгүп жатат.

-Бизде дин жайылганы менен динди бизден бекем туткан кошуналар эмне себептен чектеп жатат. Маселен, Өзбекстан он жыл мурун кандай аракеттерди көргөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми Тажикстан былтыр чет өлкөлөрдө диний багытта окуган жарандарынын баарын чакыртып алды. Келбегендеринин ата-энесине кылмыш козгоп, эки жылга камады. Президенти Батыш менен Америкада окугандардын санын көбөйтүүнү буйруду. Муну жөн жерден жасап жатпаса керек?

-Биздин органдарда чет өлкөлөрдө диний багытта окуган жарандарыбыз жөнүндө маалымат болуш керек. Негизи туура маселе. Муну мамлекет ойлонушу шарт. Албетте, азырынча коркунуч жок. "Сактыкка кордук жок" дейт, мындан кийинкисин карашыбыз зарыл. Азыр мусулмандар жамаат-жамаат болуп, ар кайсы агымдарга бөлүнүп жатканын көрүп жатабыз. 
Биз ата-бабабыз тутунуп келген Имам-Аззам масхабынан тайбашыбыз керек. Биздеги салттык диндин негизги өзөгүн ушул багыт түзүп келген, мындан адашпасак. Анан ар түркүн багыттарга аралашып кетсек, абал оорлойт. Азыр ар кайсы жерден бүтүп келгендердин ортосунда талаш-тартыш күчөгөн көрүнүштөр болуп жатат. Мына ушул жагын алдына алуу мезгил талабы.
Зулпукаар Сапанов


Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу