Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
06/03 13:41
 

«Кабар» : Кыргызстандын гидроэнергетикасынын геосаясий жагдайлары

 «Кабар» : Кыргызстандын гидроэнергетикасынын геосаясий жагдайлары

2013-жылдын февраль айынын соңунда КР Жогорку Кеңеши Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2012-жылы 20-сентябрда кол коюлган Жогорку-Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишимди ратификациялады. Эксперттердин пикири боюнча, бул болжолдуу түрдө 140 млрд кВт/саат деп бааланган өлкөбүздүн эбегейсиз гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн өздөштүрүүнүн башталышы болуп саналат.
Республиканын Энергетика жана өнөр жай министри менен жолугушууда кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтин курулушун тездетүүнү тапшырды жана аталган энергетикалык долбоорлордун маанилүүлүгүнө министрдин өзгөчө көңүлүн бурду.
 Белгиленген пландарга ылайык, Нарын дарыясында жалпы кубаттуулугу 190 мегаватты түзгөн төрт ГЭСтин каскадын жана кубаттуулугу 1,6-1,9 мегаватты түзгөн “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип куруу белгиленүүдө. Долбоорлорду ишке ашыруу паритеттик шартта жүргүзүлөт. Жогорку-Нарын каскадын курууну “РусГидро” компаниясы, ал эми “Камбар-Ата-1” ГЭСин “Интер РАО” ишканасы жүргүзөт. Жергиликтүү эксперттердин баасы боюнча, бул долбоорлорду ишке ашырууга 2 млрд  доллардан ашык каражат керектелет.
 Бул гидроэлектростанциялардын курулушу жалпы аталышы CASA-1000 (Central Asia - South Asia -1000) деп аталган Кыргызстан – Тажикстан – Афганистан – Пакистан электр энергия өткөргүчтөрүн куруу боюнча амбициялуу долбоору менен тыгыз байланышкан. Электр өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу Кыргызстандагы «Датка» станциясынан Пакистандагы керектөөчүлөргө чейин 1,3 миң километрди түзөт. Анын 457 км аралыгы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Бул долбоордун баасы 953 млн долларды түзүп, ал сумманын 196 млн долларын Кыргызстан кошуш керек. Бул каражат көлөмү болжолдуу 1000-1300 МВтты түзгөн электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө жумшалат.
 CASA-1000 долбоору ага катышкандардын баардыгы үчүн пайдалуу болоору талашсыз. Кыргызстан жана Тажикстан электр энергиясын өндүрүү өтө жогорку чекке жетип, ички керектөө кескин төмөндөгөн жай мезгилинде ашыкча электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Мындан тышкары бул долбоордун алкагында эки өлкөнүн энерготутумунун ортосунда түз байланыш түзүлүп, аймактагы электр өткөрүү түйүнүнүн жалпы абалын жакшыртууга шарт түзөт.
 Афганистанга байланыштуу болсо, бул өлкө ички керектөөнү канааттандыруу үчүн кошумча таза энергияга ээ болот, анын үстүнө мындай долбоорлор ушул тынчы жок өлкөдөгү бейпилдикти чыңдоого багытталган. Ошондой эле электр энергиясынан алыс жайгашкан аймактын калкынын долбоорго “ишенимин” калыптандыруу үчүн пайда келтирүү программасын ишке ашыруу пландаштырылууда. Пакистан электр энергиясын негизги керектөөчү болуп саналат жана калкы электр энергиясынын тартыштыгына кабылган жай мезгилинде өз керектөөсүн канааттандыра алат.
 Россия да CASA-1000 долбооруна катышууга кызыкдар экендигин билдирди. Өздөрүнүн энергетикага жумшаган инвестициясын актоо үчүн алар электр энергиясын накталай акчага сатуусу керек, ал эми электр энергиясын Кыргызстандан Афганистанга жана Пакистанга экспорттоо Россияга ушундай мүмкүнчүлүк берет. Болгондо да Москвада мындай тажрыйба Тажикстанда жүргүзүлгөн. Бирок тажикстандык “Барки Точик” мамлекеттик компаниясы бул станция иштеп чыгарган электр энергиясынын керектөөсүнөн түшкөн акчаны төлөбөйт. Учурда россиялык ФСК жана «Интер РАО ЕЭС» мамлекеттик компанияларына Сангтудин ГЭС-1дин 80%га жакын акциясы таандык.
 Саясат таануучулардын пикиринде, бул жерде геосаясий кызыкчылык көздөлүп жаткандыгы да маанилүү болуп саналат. Борбор Азиядагы эки өлкөнүн гидроэнергетикасына инвестициясынын натыйжасында Россия Афганистан жана Пакистанды энергоресуртар менен камсыздоону көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ушул жылдын жазында CASA-1000 долбооруна мүчө төрт өлкөнүн – Кыргызстан-Тажикстан-Афганистан-Пакистандын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болот. Дал ушул жолугушууда Россиянын долбоорго катышуу маселеси каралат. 
 CASA-1000 долбоорунун негизги демилгечилеринин бири АКШ болуп саналат. Мындай учурда Вашингтон евразиялык интеграцияга атаандаштык катары Түштүк Азия аймагынын соода-экономикалык байланыштарын жандандырууну көздөөдө. Америкалыктар басым жасаган Бүткүл дүйнөлүк банк бул долбоордун 40%ын каржылоого ниеттенүүдө.
 Башка геосаясий оюнчу, КЭР да Кыргызстандын энерготармагын өнүктүрүүгө түздөн-түз катышууда. КР Каржы министрлиги менен КЭР «Эксимбанкынын» ортосунда баасы дээрлик 390 млн долларды түзгөн «Датка - Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүн куруу боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлган. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын бирдиктүү энергетикалык шакекчесин түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.
 Мындан тышкары Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун 2012-жылы Кыргызстанга жасаган иш сапары учурунда Сары-Жаз дарыясынын жээгиндеги каскадды биргелешип өздөштүрүү боюнча макулдашышкан. Эксперттерге азыр техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга тапшырма берилген. Келечекте Кытай Кыргызстандан электр энергиясын импорттоого ниеттенээрин Пекиндин расмий өкүлдөрү билдиришкен. Бул үчүн Кытай жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүн курууга даяр.
 Эгер Пекин азыркы беш жылдыкта (2010-2015-жылдар) Кыргызстан менен кошуна Синьцзян-Уйгур автономдук районун (СУАР) өнүктүрүүгө өнөржай өндүрүшүнүн тездик менен өнүккөндүгүн билдирген 100 млрд доллар бөлгөндүгүн эске алганда, анда Кыргызстан СУАР үчүн электр энергиясын сатуучу маанилүү өнөктөш болуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Бул аймактын энерготутуму негизинен жылуулук электростанциялардан турат, ал эми көмүр, газ жана мунайды колдонуу экологияга терс таасир тийгизет. Бул Кыргызстандан гидроэлектроэнергияны импорттоонун дагы бир артыкчылыгы.
Кошуна Казакстан да Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн өздөштүрүүгө кызыкчылыгын билдирүүдө. Бул багытта азыр «Кемин-Алматы» электр өткөргүчүн куруу планы жана башка энергетикалык долбоорлорго катышууга даяр экендиги жарыяланды. Атап айтканда, Казакстан аркылуу Россияга электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
 Кыргызстан жана Тажикстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн өздөштүрүүгө толук каршылыгын билдирген жалгыз өлкө Өзбекстан болууда. Ташкент Тажикстанда жүргүзүлүп жаткан жана Кыргызстанда пландаштырылган ири ГЭСтердин курулуштарына ашкере тынчсызданууда. Саясий жана экономикалык эксперттердин пикиринде, Өзбекстанга кошуналардын өзбек газына көз карандылыкты азайткан энергетикалык көз карандысыздыгы ыңгайсыз. Электр энергиясынын эбегейсиз көлөмүнө ээ болуп, эки мамлекет тең газдан баш тартып, Ташкенттин Бишкек жана Дүйшөнбүгө кысым көрсөтүү механизмин кескин алсыратышы мүмкүн. Башка жагынан Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстандын ылдый жайгашкан мамлекет үчүн өтө маанилүү болуп саналган сугат маалында ГЭСтер үчүн курулган тосмолор аркылуу таасиринин күчөшүнөн чочулайт.
 Баардык белгиленген Кыргызстандагы гидроэнергетикалык ири объектилерди куруунун алкагы геосаясий мааниге ээ болууда. Ал эми бул өтө маанилүү энергодолбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга тиешелүү кепилдиктер бар экендигин билдирет.
Мирлан Алымбеков,
«Кабар» МАБ.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу