Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
27/02 12:18
 

Элчи Т.Коикэ: А.Атамбаевдин Японияга иш сапары – кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоонун маанилүү кадамы

Элчи Т.Коикэ:  А.Атамбаевдин Японияга иш сапары – кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоонун маанилүү кадамы

 Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери 21 жыл өттү. Бул мезгилде эки мамлекет эки тараптуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп келүүдө. Өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн дагы бир кадамы КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин күн чыгыш өлкөсүнө жасаган расмий сапары болмокчу. Эки өлкөнүн кызматташтыгы, ошондой эле алдыдагы милдеттер жана пландар тууралуу «Кабар» агенттигине курган маегинде Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ мырза айтып берди.


- Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери 21 жыл өттү. Бул мезгилде түзүлгөн мамилелерди сиз кандай баалайсыз?

- Мен Япония менен Кыргыз Республикасынын ортосунда достук, өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелерди түзгөндүгүбүзгө канааттангандыгымды билдиргим келет. Президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга расмий сапары эки тараптуу мамилелердеги жаңы багыттарды, форманы жана артыкчылыктуу чөйрөлөрдү аныктоодогу маанилүү кадам болуп саналат. 

- Япония менен Кыргызстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү кандай? Аны кантип жогорулатууга болот?

- Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү, КР Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 200 миң доллардан ашыкты түзөт. Албетте, бул анча чоң эмес цифра, ошондуктан товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу зарыл. Ал үчүн маалымат алмашууну жандандырып, ошондой эле соода жана инвестицияга тиешелүү бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүлүшү зарыл. Мындан тышкары Кыргызстан биринчи кезекте кошуна мамлекеттер менен соода жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн чараларды кабыл алып, андан соң Япония менен кызматташтыкты күчөтүү керек. Өнөр жай заводдорун, өнөр жайды өнүктүрүү, ошондой эле соода жолдорун жолго коюуну ойлонуу керек.

- Азыркы учурда кандай кыргыз-япон долбоорлору ишке ашууда? Кайсы тармактарда? Кандайдыр-бир башка долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылуудабы?

- Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн табият байлыктарын чалгындоо жана өндүрүү, энергетика, транспорт жана байланыш, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, кадрларды даярдоо, туризм, социалдык жана каржы тармактарындагы кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Өнөр жайды өнүктүрүүгө байланыштуу балким, сиз, алкагында кийиз буюмдары даярдалган “Бир айыл – бир продукт” деген долбоор тууралуу уксаңыз керек. Мен бул буюмдардын дизайнына көңүл буруп, продукциянын көлөмүн жогорулатып, андан соң экспорттоо жана сатуу керек деп ойлоймун. 

- Белгилүү болгондой, Кыргызстан экологиялык жактан таза азыктары менен даңкталат. Кыргызстандын азыктарын жана товарларын Японияга сатуу боюнча долбоорлор кандай деңгээлде ишке ашырылууда? Кыргызстандын кайсы азыктары Япониянын жарандарын башкаларга караганда көбүрөөк кызыктырат?

- Азыр кандай азыктарды Японияга экспорттоо боюнча бүтүндөй Борбор Азияда маркетингдик изилдөө жүргүзүлүүдө. Мисалы, автомобилдерди даярдоо процессин ала турган болсок, кайсы тетиктерди башка өлкөлөрдөн алса болот. Бирок мындай долбоорлор менен иш жүргүзүү үчүн ал кийин сатылабы же керектөө рыногу болобу, ошол жагдайды иликтөө зарыл. Ошондой эле дагы бир көйгөйлүү жагдай, Борбор Азия менен Япониянын аралыгы өтө алыстыгы болууда. Эгер мисалы, кийиз буюмдарды Япониянын дүкөндөрүндө сатууга мүмкүн болсо да, аны жеткирүү көйгөйү жаралат. Мындан тышкары биз Японияга эмне сата алабыз деп ойлонуудан мурда товар жүгүртүү маселесине өтүү керек, кыргызстандыктар Борбор Азияда эмне кылууну ойлонуусу тийиш. Башкача айтканда, бул жерде эмне өндүрүп, кошуна мамлекеттерге сатууну. Ошол эле учурда Кыргызстан бай табиятка жана экологияга ээ экендигин белгилеп, бул жагдайды продукт катары пайдаланууга болот. Мен Белоруссияда иштегенимде Польшага жакын жагында жашаганмын, ал жакта көлдөр бар болчу. Эл аралык уюмдун жардамы менен алар экологиялык туризмди өнүктүрүшкөн. Бирок кайрадан эле, эгер туризм тууралуу айта турган болсок, транспорт маселеси келип чыгат. Башкача айтканда, адамдар Кыргызстанга кыйналбай жетиш керек.

- Япониянын жарандары Кыргызстанга көбүрөөк келиши үчүн түз авиакаттам керек. Бирок бүгүнкү күндө Токио-Бишкек түз каттамы жок. Ушундай каттамды ачууга болобу? Сиздин эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз авиакаттамды ачууга ниетиңиз барбы?

- Мындай каттамды ачуу үчүн тиешелүү суроо-талап болуш керек, башкача айтканда көпчүлүк кыргызстандыктар Японияга каттап, ал жактан да бул тарапка жүргүнчүлөр болушу зарыл. Мисалы, Бишкек-Стамбул каттамында жүргүнчүлөр жетиштүү болгондуктан, күн сайын учат. Бирок мындай суроо-талапты түзүү оңой иш эмес, жалгыз адамдын колунан келбейт. Эгер табигый түрдө маселе жөнгө салынса, анда каттамды ачуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

- Япониядан Кыргызстанга инвестиция чегерүүнүн абалы кандай? Япониялык инвесторлор кандай шарт менен иштөөгө көнүштү? Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан инвесторлордун иштөөсү үчүн түзүлгөн шартты Сиз кандай баалайсыз?

- Мен жогоруда айтып өткөндөй, бизнес-маалымат алмашуу өтө маанилүү болуп саналат, ал үчүн эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн аракети зарыл деп эсептеймин. Япониялык инвесторлор табият кен байлыктарын өндүрүү, энергетика, транспорт жана байланыш, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы, кадрларды даярдоо, туризм, социалдык жана каржылык тармактарда иштешүүгө кызыкдар. Кыргызстанга инвестициянын көлөмүн жогорулатуу үчүн бул өлкөнү япондор көбүрөөк билгендей шарт түзүү керек. Мындан тышкары сиздер алган инвестицияны жакшы пайдаланууга аракет кылышыңыздар керек. Толук даярдыктагы кадрлар керек, эгер Япония кредит берсе, аны кабыл алууга жана туура пайдаланууга даяр адамдар болуусу шарт. Япония андай адистерди даярдоого да жардам берет.

- Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен кызматташуунун алкагында көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер Японияга окууга жөнөтүлдү. Адистерди даярдоо багытындагы кызматташтыктан кандай жыйынтыктар күтүлүүдө?

- Япония бул программа боюнча окуудан өткөн мамлекеттик кызматкерлер Кыргызстандын ар кайсы тармактарын өнүктүрүүгө салым кошуп, эки өлкөнүн андан аркы өз ара түшүнүшүү жана достук мамилелерин чыңдоого салым кошот деп үмүттөнөт.

- Жакынкы мезгилде Президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга мамлекеттик сапары башталат. Расмий сапардын жүрүшүндө кандай маселелер талкууланат? Соода, маданият жана билим берүү тармактарында эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү күтүлүүдөбү?

- Мен белгилегендей, Кыргызстандын Президентинин расмий сапары эки тараптуу мамилелердин жаңы форматын өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп калат. А.Атамбаевдин Япониянын бийликтери менен жолугушуусунда эки тараптуу мамилелердин келечеги жана эки тарапты тең кызыктырган эл аралык милдеттер талкууланмакчы. 

«Кабар» МА, Чолпон Сулайманова,
26-февраль 2013-жыл.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу